ТоктомКүчүн жоготту

Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 38/8-4 «Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция22.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 8-февралындагы № 124/17-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VIII сессиясы

 

2016-жылдын 22-декабры № 38/8-4

Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын тең төрагасынын 14.12.2016-ж. чыгыш №302 катына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун 7-пунктуна жана Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №29/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү – Калданов Мирбек Омурбекович чыгарылсын,

- комиссиянын курамына мүчө болуп - Киртенов Жамангул Камчыбекович “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев