Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели №131/20-4
“2018-жылдын 18-январында кабыл алынган № 117-16-4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”
Ар кандай көп сандаган кайрылууларга байланыштуу, ошондой эле социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечимин негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 18-январында кабыл алынган №117-16-4 “10 жылдык мөөнөткө акысыз негизде №9 орто мектебинин турак эмес жайын берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына жуктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |