Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 141/21-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры №23/7-4
“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруугасунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын жаңы курамы жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин жаңы курамы шайлангандыгына жана Токмок ш. мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2016-жылдын 11-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:
Комиссиянын тең төрагалары:
Солтобаев Т.А. – шаардык кеңештин төрагасы;
Шамыралиев Ж.Дж. – Токмок ш. мэри.
Комиссиянын катчылары:
Чорчонов А.А. – мэриянын аппарат жетекчиси;
Кадыркулова Р.А. – шаардык кеңештин жооптуу катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Жоокаев Д.Э.-шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;
Имамадиев Б.К.-Токмок ш. биринчи вице-мэри;
Ложаров С.Д. - шаардык кеңештин депутаты;
Джоошбеков М.Б. - шаардык кеңештин депутаты;
Калданов М.О. - шаардык кеңештин депутаты;
2. Токмок шаардык кеңешинин 09.11.12-ж. №27/6-3 ““Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын жаңы курамы жөнүндө” жана 02.10.2014-ж. №117/16-3 ““Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдору өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |