ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 14-майы № 141/21-4
“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын жаңы курамы жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинде жана Токмок шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаарынын “Ардактуу жараны” жөнүндө Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:
Комиссиянын теңтөрагалары:
Солтобаев Т.А. – Токмок шаардык кеңештин төрагасы;
Амангельдиев Д.Дж. – Токмок шаарынын мэри;
Комиссиянын катчылары:
Чорчонов А.А. – Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
Кабаева А.С. –Токмок шаардык кеңештин жооптуу катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Сатыбалдиев У.С. – Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
Чотбаев К.К. – Токмок шаарынын биринчи вице-мэри ;
Ложаров С.Д. – Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
Джоошбеков М.Б. – Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
Киртенов Ж.К. – Токмок шаардык кеңешинин депутаты.
2. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №23/7-4 “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын жаңы курамы жөнүндө” жана 06.07.2017-ж.№ 88/14-4 “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдору өз күчтөрүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |