Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30 июну № 9/4-4
Токмок шаардык кеңешинин Регламенти жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 06.06.2016-ж. чыг.№16/3-16 каршылыгын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин Регламентинин жаңы редакциясы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жѳнѳтүлсүн.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында басылып чыгарылсын.
4. Токмок шаардык кеңешинин тѳмѳнкү токтомдору күчүн жоготту деп саналсын:
- Токмок шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 15-октябрындагы №6/2-1 токтому;
- Токмок шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы №32/7-2 токтому;
- Токмок шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 20-августундагы №238/40-2 токтому;
- Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы №23/6-3 токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |
| БЕКИТИЛДИ Токмок шаардык кеңешинин 2016-ж. 30.06. №9/4-4 токтому менен |
1.1. Токмок шаардык кеңешинин Регламенти (мындан ары текст боюнча- Регламент) Токмок шаардык кеңешинин ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктайт жана мындан ары дагы демократиялык принциптердин өнүгүшүнө жана Токмок шаардык кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, аны уюштуруу маселелерин жана ишмердүүлүгүн, сессияларды чакыруу жана ѳткѳрүү тартибин, Токмок шаардык кеңешинин органдарын түзүү жана анын контролдоо ишмердүүлүгүнүн процедураларын жана тартибин аныктайт.
1.2. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ишин жана ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.3. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, Токмок шаардык кеңеши (мындан ары текст боюнча – шаардык кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган чектерде, шаардын жергиликтүү жамааттарынын кызыкчылыктарын көрсөтөт.
Токмок шаары шаардык жамааттардын аймактык бирикмеси болуп эсептелет.
1.4. Шаарда Аймактык өз алдынча башкаруу, шаардыктар тарабынан эркин, жалпы жана тең шайлоо укугунун негизинде шайланган депутаттардын шаардык кеңеши аркылуу жүргүзүлөт.
1.5. Шаардык кеңеш ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.6. Шаардык кеңеш, жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде, жашыруун добуш берүү менен партиялык тизме боюнча 4 жылдык мөөнөткө шаардыктар тарабынан шайланган, сессиялык негизде иш алып барган 31 депутаттан турат.
1.7. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына тиешелүү маселелерди өз алдынча чечет, өздөрү кабыл алган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ошол чечимдердин иш жүзүнө ашырылышын көзөмөлдөйт.
1.8. Шаардык кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, объективдүүлүк, саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук, депутаттардын чечимдерди эркин кабыл алуу жана талкуулоо принциптерине негизделет.
Маселелерди талкуулоого чакырылган тараптар катыша алышат.
Шаардык кеңеш тарабынан каралган маселелер боюнча бирдиктүү позицияны билдирүү жана биргелешип иш алып баруу үчүн, шаардык кеңештин депутаттары депутаттык бирикмелерди: фракцияларды, фракциялык коалиция түзѳ алышат.
1.9. Шаардык кеңешинин депутатына, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актылары тарабынан аныкталган, анын укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздашат.
1.10. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучу-укуктук формасы болуп сессия эсептелет:
- шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясы;
- туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын, шаардык кеңештин депутаттарынын башка шайлоо органдарынын отуруму;
- депутаттык бирикмелердин: фракциялардын, фракциялык коалициянын жана жумушчу топтун отурумдары;
- депутаттык угуулар;
- шаардык кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу башка иш чаралардын формасы (кеңешмелер, семинарлар, конференциялар ж.б.).
1.11. Регламент шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынат.
2.1. Шаардык кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп, бекитилген планга ылайык төрага чакырган, ошондой эле туруктуу комиссиялардын же 1/3 депутаттардын сунуштары боюнча, кварталда бир жолудан кем эмес, кезексиздери зарыл учурларда чакырылган сессиялар эсептелет.
Шаардык кеңештин жогорку органы болуп сессия саналат.
Шаардык кеңештин сессиялары ачык, кварталына бир жолу, кезексиз сессиялар зарыл учурларда ѳткѳрүлѳт.
Шаардык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
2.2. Шаардык кеңешинин сессиясын чакыруу жөнүндө төрага буюрма чыгарат, ошондой эле сессияны уюштурууну, отурумга киргизиле турган маселелерди даярдоону камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитет.
Сессиянын убактысы жана өткөрүлө турган жери жөнүндө төрага жана аппарат жазуу түрүндө, факс же телефонограмма менен ар бир депутатка кабарлайт, ошондой эле калкка сессияга чейин бир жума мурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт.
Сессиянын кароосуна киргизиле турган маселелер боюнча, төрага жана аппарат материалдарды депутаттарга сессия башталганга чейин 3 күндөн кеч эмес беришет.
Туруктуу комиссиялар жана тиешелүү бөлүмдөр менен макулдашылган долбоорлор, аппаратка сессия башталганга чейин 5 күн эрте берилет. Сессиянын болжолдуу мөөнөттөрү жана сессияга киргизиле турган негизги маселелер, шаардык кеңештин бекиткен иш планы менен аныкталат.
2.3. Кезексиз сессияны төмөнкүлөр чакыра алышат:
- Токмок шаардык кеңешинин төрагасы;
-туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча;
- фракциялар же фракциялардын коалициялары;
-депутаттардын жалпы санынан 1/3 кем эмес.
2.4.Кезексиз сессия чакыруу жөнүндөгү депутаттардын, туруктуу комиссиялардын сунуштары шаардык кеңештин төрагасына, жазуу түрүндө кароого сунушталуучу маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиясын чакыруунун зарылдыгын кыскача негиздөө менен жөнөтүлөт.
Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндөгү кабар, демилгелөөчү документти берүү күнүнө чейин, 5 күндүк мөөнөттөн кеч эмес берилет.
Төрага жана аппарат кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө депутаттарга анын ачылышына чейин 3 күн эрте кабарлайт. Кезексиз сессия өткөрүлгөн учурда күн тартибинин долбоору жана сессиянын материалдары депутаттарга сессия күнү же каттоо өткөрүлүп жатканда берилет.
2.5. Шаардык кеңештин сессиясы депуттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес болгондо өткөрүүгө укуктуу.
Эгер мыйзамда башкача каралбаса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен чечим кабыл алат.
2.6. Сессиянын ишине катыша албай тургандыгы жөнүндө депутат бир күн эрте кабарлайт.
2.7. Сессиянын ишине кеңеш берүүчү добуштары менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катыша алышат.
Отурумга төмөнкүлөрдү чакырууга болот:
-бардык деңгээлдеги кеңештин депутаттары;
- мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрү;
-Аймакык-коомдук ѳз алдынча башкаруунун жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү;
- жарандар жана башка коомдук уюмдардын, эмгек жамааттарынын өкүлдөрү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
2.8. Сессияга киргизиле турган токтомдордун долбоорлорун, материалдарын, төмөнкүлөр даярдашат:
- шаардык кеңештин аппараты;
- депутаттар жана туруктуу комиссиялар;
- Токмок шаарынын мэриясы;
- ишканалар, мекемелер, уюмдар жана айрым жарандар.
2.9. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышы өзүнүн биринчи сессиясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы аныктаган тартипте чогулат.
2.10. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурда чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
2.11.Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төраганы жана анын орун басарын шайлоо маселеси жана башка кеңештин ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча маанилүү маселелер киргизилет.
2.12. Шаардык кеңештин тѳрагасы шайлангандан кийин, шаардык кеңештин сессиясын төрага, ал жок болсо, анын орун басары өткөрөт.
2.13. Сессиялар мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлөт.
2.14. Депутат сессиянын бир отурумунда бир маселе боюнча эки жолудан көп эмес сүйлөй алат, андан көп болсо – отурумга катышкан, көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен.
2.15. Сүйлөп жаткан депутат талкууланып жаткан темадан башка маселеге өтүп кетсе, төрага талкууланып жаткан маселе жөнүндө сүйлөөгө чакырат.
Эгер сүйлөп жаткан депутат бөлүнгөн убакыттан ашык же талкууланбаган маселе боюнча сүйлөсө, төрага экинчи эскертүүдөн кийин ага сөз бербейт.
2.16. Депутат эмес адам тартипти одоно бузган учурда, тѳраганын буйругу боюнча отурум залынан чыгарылышы мүмкүн.
3.1. Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын фракция же фракциялардын коалициясынын ичинен жашыруун добуш менен, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
3.2. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгер шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири дагы депутаттардын жалпы санынан тиешелүү көпчүлүк добуш албаса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
Эгерде кайра добуш берүүдө эки талапкердин бири дагы шайлануу үчүн талап кылынган добушту албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо өткөрүлөт. Ушул эле учурда мурда көрсөтүлгөн талапкерлерди кайра көрсөтүүгө жол берилет.
3.3. Шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
3.4. Кеңештин төрагасы:
- шаардык кеңештин сессияларын чакырат;
- сессияларда тѳрагалык кылат;
- шаардык кеңештин сессияларда кабыл алган чечимдерине кол коёт;
- шаардык кеңештин ишин уюштурат жана анын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алат;
- комиссиялардын ишмердүүлүгүн координациялайт;
- төраганын орун басарынын талапкерлигин, шаардык кеңештин сессиясында ачык добуш берүү менен шайлоо үчүн сунуштайт;
- Токмок шаардык кеңешинин жооптуу кызматкерлеринин арасында милдеттерди бөлүштүрүүнү бекитет;
- шаардык кеңештин жооптуу катчысынын көрсөтмөсү боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
- тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиянын чечими боюнча, шаардык кеңештин Ардак грамотасы жана Алкыш каты менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кѳрсѳтүлгѳн жана шаардык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.5. Шаардык кеңештин төрагасы катары ал Токмок шаарынын атынан мамлекеттик бийлик органдарында, сотто, коомдук уюмдарда чыгат, жумушчу аппаратын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы тиешелүү кызматтарды жетектейт, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө укуктуу, ошондой эле буюрмаларды, буйруктарды чыгарат.
3.6.Шаардык Кенештин тѳрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарууга, мамлекеттик сыйлыктарды берүүгѳ сунуштайт.
3.7. Шаардык Кеңешинин төрагасы үчтѳн кѳп эмес санда, коомдук башталышта кеңешчилерди, жардамчыларды алууга укуктуу.
3.8. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же шаардык кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.9. Шаардык Кеңештин тѳрагасынын 2 орун басары болот.
3.10. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.
Эгер төраганын орун басарына талапкер кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосун албаган учурда, шаардык кеңештин төрагасы башка талапкерди көрсөтөт, ал боюнча жаңы талкуу жана добуш берүү өткөрүлөт.
3.11. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынат.
3.12. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, анын ордуна милдеттерин аткарат.
3.13. Шаардык кеңештин тѳрагасынын орун басарлары өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта жүргүзүшөт.
4.1. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы муниципалдык кызматкер болуп саналат жана ошол эле убакта шаардык кеңештин депутаты боло албайт.
4.2.Шаардык кеңештин жооптуу катчысы тѳмѳндѳгүлѳрдү уюштурат:
- протокол жѳргүзүүнү;
- чыгып сүйлөөнү каалагандарды тизмеге алат;
- тааныштыруу үчүн отурумда чыгып сүйлөй турган депутаттардын тизмесин түзөт;
- депутаттык суроо- талаптарды, маселелерди, маалым каттарды, билдирүүлөрдү, арыздарды, сунуштарды жана депутаттардын башка материалдарын материал катары каттайт, аларды топтойт жана сессияга маалымдайт;
- каттоого жана добуш берүүгө көзөмөл жүргүзөт;
- сессиянын документтерин таратат;
- сессиянын дарегине түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштерди уюштурат.
4.3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат, ошондой эле:
- шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгат, алар бекитилгенден кийин аткарышын көзөмөлдөйт;
- бекитилген тартипте шаардык түзүмдөрдөн, кызмат адамдарынан, шаардык кеңештин ишмердүүлүгү үчүн маалыматтарды жана тиешелүү материалдарды сурап талап кылат жана алат;
- жогорку баскычтагы уюмдарга өз убагында маалыматтарды, отчетторду, маалым каттарды берүү боюнча иштерди уюштурат;
- шаардык кеңешке келгендерди кабыл алууну, жарандардын даттанууларын, кайрылууларын өз убагында кароо боюнча иштерди уюштурат;
- шаардык кеңештин токтомдорунун жана тескемелеринин тиркемелерине кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындоону жана бошотууну шаардык кеңештин тѳрагасына сунуштайт.
5. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Шаардык кеңеш, депутаттардын ичинен шаардык кеңештин туруктуу комиссияларын (мындан ары-Туруктуу комиссия) шаардык кеңешке тиешелүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин Токмок шаарында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзүү үчүн түзөт.
5.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат. Шаардык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы Туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
5.3. Шаардык кеңештин депутаты бир гана Туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссияларынын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары шайланышы мүмкүн эмес.
Шаардык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде жаңы Туруктуу комиссияларды түзөт жана Туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
5.4. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын сессиясында, шаардык кеңештин ыйгарым укук мөөнөтүнө шайланат.
5.5. Шаардык кеңеш тѳмѳндѳгү Туруктуу комиссияларды түзѳт:
- мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча;
- экономика, бюджет, финансылар, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча;
- социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча;
- ишкерликти, орто жана чакан бизнести ѳнүктүрүү, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча;
- ѳнѳр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча;
- укук тартиби жана коргонуу боюнча;
- экология жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча.
5.6.Туруктуу комиссияны шайлоо жөнүндө чечим шаардык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат, анда түзүлгѳн комиссиялардын аталышы, ар бир комиссиянын сандык курамы жана тѳрагалары кѳрсѳтүлѳт.
Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
5.7. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиясынын тѳрагасы шаардык кеңештин сессиясында шаардык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
5.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, алты айдын ичинде себепсиз өз милдеттерин аткарбаган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
5.9. Төраганын орун басары жана туруктуу комиссиянын катчысы туруктуу комиссиянын курамынан, анын отурумунда шайланат.
5.10. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиясынын курамына талапкерлерди талкуулоо жана аларга добуш берүү, ар бир талапкер боюнча же бардык талапкерлер боюнча бир убакта жүргүзүлөт, же шаардык кеңештин чечими боюнча башка тартипте жүргүзүлөт.
5.11. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиясынын сандык жана жеке курамы жөнүндөгү сунуштарды шаардык кеңештин кароосуна, анын төрагасы киргизет.
5.12. Туруктуу комиссиянын жана шаардык кеңештин тѳрагасынын сунушу боюнча шаардык кеңеш сессиясынын отурумунда туруктуу комиссиянын курамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизет.
5.13. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары шаардык кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу, мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
5.14. Туруктуу комиссияларды жетектѳѳнү тиешелүү Туруктуу комиссиялардын тѳрагалары жүргүзѳт.
5.15. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары ѳзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды жана башка адамдарды тартууга укуктуу.
5.16. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышат.
5.17. Шаардык кеңештин депутаты, ал мүчөсү болгон Туруктуу комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү, комиссиянын отурумдарына катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, шаардык кеңештин депутаты алдын ала туруктуу комиссиянын төрагасына маалымдайт.
5.18. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары Токмок шаарында жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү-чарба ишине кийлигишүүгө укугу жок.
5.19. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш тарабынан түзүлгѳн коомдук комиссиялардын курамына депутаттардын санынан талапкерди сунуштаганга укуктуу.
5.20. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары:
- шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү Токмок шаарынын экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук-маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерин даярдоого катышат;
- Токмок шаарынын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
- Токмок шаарын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарыл учурларда аларды шаардык кеңешке киргизет;
- шаардык кеңеш кабыл алган чечимдеринин жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
5.21. Туруктуу комиссиялардын отурумдарына, кеңеш берүүчү добуш укугу менен, ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген шаардык кеңештин депутаттары катыша алышат.
5.22. Бир нече Туруктуу комиссияга тиешелүү болгон маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле шаардык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан бирге даярдалып жана каралат.
5.23. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары өзүнө тиешелүү маселелер боюнча өзүнүн отурумдарында, Токмок шаарында жайгашкан, менчик түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жана мэриянын адистеринин докладдарын, отчетторун жана билдирүүлөрүн угууга жана аларга өзүлөрүнүн сунуштарын берүүгө укуктуу.
5.24. Туруктуу комиссиялардын чечимдери милдеттүү түрдө тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык органдар, менчик түрүнө карабастан коомдук ишканалар, мекемелер, уюмдар тарабынан каралууга тийиш.
Чечимдердин каралышынын жыйынтыгы же көрүлгөн чаралар жөнүндө туруктуу комиссияларга бир айдан кеч эмес мөөнөттө билдирүү керек.
5.25. Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет.
5.26. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
5.27. Шаардык кеңеш зарыл учурда, анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу же иликтөө үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп эсептелет.
5.28. Убактылуу комиссиялар тѳраганын жана депутаттардын 1/3 же шаардык кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча түзүлүшү мүмкүн.
5.29. Убактылуу комиссия түзүү жѳнүндѳ маселе шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине ѳзүнчѳ пункт менен киргизилет.
Убактылуу комиссияны түзүү жѳнүндѳ чечим шаардык кеңештин тиешелүү токтому менен жол-жоболоштурулат.
5.30. Шаардык кеңештин убактылуу комиссия түзүү жѳнүндѳ токтому тѳмѳндѳгүнү аныкташы зарыл:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын сандык курамы;
- убактылуу комиссиянын жеке курамы;
- шаардык кеңеш тарабынан шайланган убактылуу комиссиянын төрагасы (теңтѳрагалары).
5.31. Убактылуу комиссия шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен, алардын макулдугу менен түзүлѳт. Убактылуу комиссиянын курамына депутаттык бирикмелердин (фракциялар, фракциялык коалициялар) бирден ѳкүлдѳрү киргизилиши мүмкүн.
5.32. Убактылуу комиссиянын жеке курамы жана түзүлүшү боюнча добуш берүү өз-ѳзүнчѳ жүргүзүлѳт.
5.33. Убактылуу комиссиянын милдеттери, кѳлѳмү жана ыйгарым укугунун мѳѳнѳтү алар түзүлүп жатканда шаардык кеңеште чечилет.
5.34. Убактылуу комиссия шаардык кеңеш белгилеген мѳѳнѳттѳ, бирок түзүлгѳндѳн кийин алты айдан кем эмес убакта, аткарылган иши жөнүндө жазуу түрүндө отчет, ошондой эле алар даярдаган шаардык кеңештин тиешелүү долбоорлорунун актыларын жана башка материалдарды берет.
Бул маалыматтар депутаттар арасында таратылууга тийиш. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларында жана шаардык кеңештин сессиясында талкуулангандан кийин, шаардык кеңеш ал боюнча акыркы чечим чыгарат же убактылуу комиссияга ишти улантууга тапшырма берет жана ал үчүн жаңы мѳѳнѳт аныктайт.
5.35. Убактылуу комиссиялар өзүнүн ишмердигин шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары үчүн бекитилген тартипке ылайык алып барат.
5.36. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү аларга коюлган милдеттер аткарылгандан кийин токтотулат.
6.1. Депутаттык фракция – шаардык кеңешке шайланган депутаттардын катарынан түзүлгөн шаардык кеңештин депутаттарынын биригиши.
6.2. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (мындан ары - Фракциялар).
Шаардык кеңеште көпчүлүк деп, шаардык кеңеште Фракциялык коалиция түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбү бар Фракция же коалициялык Фракция эсептелет. Көпчүлүк Фракциянын же коалициялык Фракциянын курамына кирбеген Фракция же Фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп эсептелишет.
6.3. Депутаттык Фракциялар тең укуктуулукка ээ.
6.4. Депутаттык Фракция, Фракциянын курамына кирүүнү каалаган депутаттардын чечими боюнча каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн.
Шаардык кеңештин депутаттары, саны 7ден (жети) кем эмес шаардык кеңештин депутаттарынан Фракция түзүүгѳ укуктуу.
Фракция шаардык кеңештин төрагасына фракциянын аталышын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен Фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арыз берет. Фракция түзүлгөндүгү жөнүндө арызга фракциянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
6.5. Фракция түзүлгөндүгү жѳнүндѳ арыз, шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясында шаардык кеңештин тѳрагасы тарабынан угузулат.
6.6. Фракцияны каттоо жѳнүндѳ шаардык кеңеш тишелүү чечим кабыл алат.
6.7. Фракцияны каттоо, анын түзүлүшү жөнүндө жазуу түрүндөгү кабар берилген күндөн баштап, эки жумушчу күндөн кеч эмес жүргүзүлөт.
6.8. Шаардык кеңештин депутаты бир гана фракцияда болууга укуктуу.
6.9. Фракциянын жетекчиси тѳраганын, тѳраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын тѳрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.
6.10. Регламентке ылайык катталбаган Фракция, фракциянын укуктары менен колдонбойт.
6.11. Фракциянын иш тартибин жана фракциядан депутаттардын чыгуу шартын фракция өзү аныктайт.
6.12. Фракциялар коалицияга бириге алышат. Коалицияга биригүүнү каалаган фракциялар, фракциялардын макулдашуусу менен таризделет.
6.13. Фракциянын Токмок шаарынын мэрине талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
6.14. Коалиция ѳзүнүн ишин тѳмѳнкүнү жарыялоодон баштап токтотот:
- фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеңештин кѳпчүлүк статусу жоюлат.
- коалицияны таркатууда.
7.1. Депутаттык мандат (мындан ары - Мандат) төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
7.2. Депутаттын ыйгарым укуктары шаардык кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки чакырылыштагы шаардык кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү аяктайт.
7.3. Чыгып кеткен депутаттын ордуна шайланган депутаттын ыйгарым укуктары, депутат шайлангандан кийинки шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күнүнөн тартып башталат.
7.4. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, депутаттын ыйгарым укуктарын чектѳѳгѳ эч ким укуктуу эмес.
7.5. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
7.6. Депутат кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (Токмок шаарынын мэрин шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышпайт жана добуш бербейт.
7.7. Депутаттардын ыйгарым укуктарына тиешелүү талаш маселелер сот тартибинде чечилет.
7.8. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же башка жерге туруктуу жашоого көчүп кетип, ал жерде жашоо депутаттык функцияларын дайыма жана натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербесе;
- депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
- депутаттын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу түрүндө арыз бергенде;
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарында каралгандай кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
- депутат мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун жыйынтыктары анык эмес деп табылганда же шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганда);
- депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
- депутат каза болгондо же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- шаардык кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз тѳрт жолу катары менен катышпаганда;
- депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- башка кеңешке депутат болуп шайланганда;
- кеңеш таркатылганда.
8.1. Токтомдордун долбоорлорунун тексттери, аларга материалдар, шаардык кеңештин сессиясынын отурумунда караганга чейин 3 күндөн кеч эмес депутаттарга таратылат.
8.2. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген документтер топтому төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
-маселени даярдоого жооптуу адам кол койгон, докладчыны көрсөтүү менен коштомо кат;
- шаардык кеңештин токтомунун долбоору.
8.3. Токтомдордун долбоорлорунда аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булагы, ошондой эле чечимдердин аракетке кирүү убагы көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алуу менен, мурда кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу жана өзгөртүү боюнча сунуштарды камтуусу керек.
Токтомдордун долбоорлору кызыкдар уюмдар, өз алдынча башкаруунун тиешелүү аймактык органдары менен, ошондой эле зарыл учурда мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдары менен макулдашуусу мүмкүн. Чечимдин долбоору сунушталгандан кийин эки жуманын ичинде тиешелүү макулдашуу берилбеген учурда, шаардык кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу.
8.4. Токтомдордун долбоорлору, аларга тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
8.5. Токтомдун долбоору, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына алдын ала талкуулоо үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн.
Шаардык кеңеш, депутаттардан түшкөн түзөтүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, токтомдордун долбоорлорун жана башка материалдарды туруктуу комиссиялардын кароосуна, алардын отуруму башталардан 2 күндөн кеч эмес жөнөтөт.
8.6. Депутаттар түзөтүүлөрдү киргизишет, комиссияларда же долбоорду иштеп чыгуу тапшырылган органда алардын тексттерин талкуулоо учурунда тактоого укуктуу.
8.7. Каралган долбоор боюнча токтом, сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.8. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген маселе жана долбоор боюнча докладды демилгечи же долбоорго жооптуу адам жасайт.
Эгер докладчы шаардык кеңештин депутаты болбосо, кошумча докладды маселени кароого жооптуу шаардык кеңештин депутаты жасайт.
8.9. Өзгөчө маанилүү маселелер боюнча токтомдордун долбоорлору эки жолку окууда каралышы мүмкүн.
Эгер токтомдун долбоору депутаттардын колдоосун албаган учурда, сессияда бир эле маселе боюнча кайра ачылган жагдайлар же жаңы далилдер келтирилбесе, ал маселени кароого болбойт.
Эгер токтомдун долбоору талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештин сессиясында колдоо албаган учурда, аны кайра окуу үчүн мөөнөт коюлат.
Экинчи жолку окууда талкуулоо мурда киргизилген түзөтүүлөр боюнча гана жүргүзүлөт.
9.1. Шаардык кеңеш өзүнүн сессиясынын отурумдарында токтомдорду кабыл алат жана аларга шаардык кеңештин тѳрагасы кол коёт. Шаардык кеңештин төрагасы иш ордунда жок болгон учурда, шаардык кеңештин токтомдоруна, билдирүүлөрүнө жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.3. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана өз ыйгарым укугунун чегинде кабыл алынган чечимдери, менчик түрүнө карабастан Токмок шаарынын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана алардын бирикмелери, шаардык өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, Токмок шаарында жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
9.4. Токтомдор кош номерлүү болот: алымында – катар номери (ѳсүү жыйынтыгы менен) чакырылыштын чегинде, бѳлүмүндѳ – сессиянын отурумунун катар номери жана дефистен кийин чакырылыштын катар номери.
Шаардык кеңештин сессиясы жана шаардык кеңештин төрагасы кайрылууларды, арыздарды кабыл ала алышат.
Шаардык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) шаардык жамааттын муниципалдык менчикти пайдалануусу жана аны тескөө боюнча тартибин аныктоо, анын ичинде шаардын муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контроль жүргүзүү;
6) Токмок шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү жөнүндө жана финансы-экономикалык жана башка ишмердүүлүк маселелери боюнча жана түзүмдүк бѳлүктѳрдүн, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин отчётун угуу жана контролдоо;
7) фракциядан чыккан учурду кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында Токмок шаарынын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) шаардык кеңештин төрагасын, анын орун басарларын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, шаардык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) Токмок шаардык кеңешинин Регламентин кабыл алуу;
12) өзүнүн чечимдеринин аткарылышына кѳзѳмѳлдөө;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде Токмок шаарынын мэриясынын штаттык сан-тизимин жана түзүмүн бекитүү;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыздоону пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле катуу тиричилик таштандыларын жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана орду боюнча чектөөлөрдү, тыюу салууга чейин белгилөө, аза күтүү иш-чараларын өткөрүү эрежелерин белгилөө;
16) сугаруу тармактарын, үй жана үй жанындагы участкаларды кармоо тартибин белгилөө;
17) туруктуу жана башка депутаттык комиссияларды түзүү, шайлоо жана анын курамын өзгөртүү, алардын төрагаларын бекитүү;
18) депутаттардын суроо-талаптарын кароо жана алар боюнча токтомдорду кабыл алуу;
19) шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарларынын буюрмаларын жокко чыгаруу;
20) “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
21) жергиликтүү жамааттын уставына, ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, башка маселелерди чечүү.
Шаардын кеңештин сессияларында кошумча төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) шаардын мэрин шайлоо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыеда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын чегинде, шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;
4) мэриянын аппаратынан тышкары, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
5) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.
9.7. Процедуралык маселелер шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламент менен бул маселелерди чечүүнүн башка тартиби аныкталбаса, токтом кабыл алынбастан протокол менен таризделет.
10.1. Пландардын долбоорлору, бюджет жана алардын аткарылышы жөнүндө отчёттор, ошондой эле токтомдордун долбоорлору, аларды шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин 10 күндөн кеч эмес шаардык кеңешке киргизилет.
Шаардык кеңештин төрагасы, көрсөтүлгөн документтерди алдын ала кароо жана алар боюнча корутундуларды даярдоо үчүн Туруктуу комиссияларга жөнөтөт.
10.2. Шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары отурумга чейин бир жума эрте, шаардык кеңештин төрагасына өздөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштарын билдирет.
Бюджеттин планынын долбоору жөнүндө материалдар, шаардык кеңештин сессиясында каралганга чейин 5 күндөн кеч эмес убакытта, депутаттарга тапшырылат.
10.3. Шаардык кеңеш өзүнүн Туруктуу комиссиялары жана алар чакырган органдар аркылуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарынын аткарылышынын жүрүшүн, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөйт жана бул маселелер боюнча докладдарды угат.
11.1. Шаардык кеңеш тике же өзү түзгөн органдар аркылуу өзүнүн токтомдорунун, мамлекеттин келечек пландарынын жана шаардын маанилүү экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программаларынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
11.2. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө кеңештин сессиясында жылына бир жолу отчёт берет.
Отчёттордун жыйынтыгы боюнча, талкуулоодон кийин токтом кабыл алынат.
11.3. Депутат, депутаттардын тобу, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин төрагасына, Токмок шаарынын мэрине, шаардын аймагында жайгашкан башка органдарга, ишканаларга, уюмдарга, шаар үчүн маанилүү болгон суроо-талап менен кайрылууга, расмий түшүндүрмө берүүгө же маселе боюнча позициясын билдирүүгө укуктуу.
Суроо-талап шаардык кеңештин сессиясына жазуу түрүндө же оозеки киргизилиши мүмкүн.
Жазуу түрүндө киргизилген суроо-талап, төрага тарабынан сессияда угузулат. Суроо-талап багытталган органга же кызмат адамына маалымат жеткирилет.
Суроо-талап багытталган кызмат адамы же орган, ушул сессияда же сессиядан кийин он тѳрт күндөн кеч эмес жообун берүүгө милдеттүү.
Суроо-талапка берилген жооп угулгандан кийин талкууга коюлушу мүмкүн. Жооп боюнча токтом кабыл алынат.
11.4. Шаардык кеңештин сессиясында айтылган же төрагага жазуу түрүндө шаардык кеңештин отурумунда берилген сунуштар жана эскертүүлөр шаардык кеңеш тарабынан каралат же аппарат аркылуу тиешелүү органдарга, кызмат адамдарына жөнөтүлөт, алар 14 күндүн ичинде жообун берүүгө милдеттүү.
11.5. Мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана башка уюмдар, башка кызмат адамдары шаардык кеңешке жана анын органдарына берген такталбаган маалыматтар же атайын жашырылган маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
12.1. Шаардык кеңештин аппараты, сессияда айтылган сын пикирлерди, сунуштарды жалпылоо жана иликтөө боюнча иш жүргүзөт.
12.2. Оозеки же жазуу түрүндө берилген жана шаардык кеңештин чечиминде чагылдырылбаган сын пикирлер, сунуштар, шаардык кеңештин төрагасы тарабынан каралат же тиешелүү мамлекеттик жана коомдук органдарга, ошондой эле кызмат адамдарына жөнөтүлөт.
12.3. Шаардык кеңештин төрагасы депутаттардын сунуштарын жана сын пикирлерин өз убагында жана туура кароого көзөмөл жүргүзөт жана аларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө аларга билдирет.
Шаардык кеңештин сессиясында, кеңештин төрагасы шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле өткөн сессияларда айтылган сын пикирлер боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө депутаттарга билдирет. Маалыматтын жыйынтыгы сессиянын отурумунун протоколунда чагылдырылат.
13.1. Шаардык кеңештин сессиясында протокол жүргүзүлөт, анда сессиянын бардык жүрүшү жана мазмуну белгиленет, протокол мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
13.2. Сессиянын протоколунда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- кеңештин аталышы, сессиянын катар номери (чакырылыштын чегинде), сессиянын датасы, өткөрүлгөн жери;
- шаардык кеңешине шайланган депутаттардын жалпы саны, катышкандардын жана катышпаган депутаттардын жана отурумга катышкан, депутат эмес адамдардын саны;
- отурумду ачкан төраганын аты-жөнү;
- сессиянын күн тартиби, отурумда каралып жаткан ар бир маселе боюнча докладчынын жана кошумча доклад жасоочунун аты-жөнү, кызматы;
- докладчыга жана кошумча доклад жасоочуга берилген суроолор жана кыска жооптору;
- жарыш сөзгө чыккан депутаттардын жана башка депутат эмес адамдардын аты-жөндөрү, кызматтары;
- депутаттардан түшкөн суроолор жана аларга жооптор;
- кабыл алынган чечимдердин аталыштары, анын ичинде депутаттардын суроо-талаптары боюнча жана добуш берүүнүн жыйынтыктары.
13.3. Сессиянын протоколуна шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор, катышкан депутаттардын, катышпаган депутаттардын тизмеси, докладдардын тексттери, талкууланган маселелер боюнча чыгып сүйлөнгөн сөздөрдүн мазмуну, ошондой эле чыгып сүйлөөгө жазылган, бирок чыкпай калган депутаттардын сөздөрүнүн тезистери тиркелет.
13.4. Шаардык кеңештин сессиясынын протоколу 10 күндүн ичинде таризделет жана төрага тарабынан кол коюлат, ал жок болсо шаардык кеңештин төрагасынын орун басары жана катчысы тарабынан кол коюлат.
Протоколдогу жазуулардын тууралыгына шаардык кеңештин катчысы жооп берет.
Сессиянын өз убагында таризделишине жоопкерчилик шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктѳлѳт.
Чыгып сүйлөнгөн сөздөрдүн мазмунун оңдоого тыюу салынат.
13.5. Протоколдун түп нускалары белгиленген мөөнөттүн ичинде шаардык кеңештин иш папкаларында сакталат, андан кийин мамлекеттик архивге дайыма сактоого өткөрүлөт.
13.6. Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдору депутаттарга алардын талабы боюнча таанышуу үчүн берилет.
14.1. Шаардык кеңештин токтомдору тиркемелери менен шаардык газетага же шаардык кеңештин расмий сайтына чыгарылат.
14.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессиядан кийин 10 күндѳн кийин аткаруучуларга, Туруктуу комиссияларга, ошондой эле кызыкдар уюмдарга таратылат.
14.3. Шаардык кеңештин токтомдорун аткарууну, анын төрагасы жана шаардык кеңештин Туруктуу комиссиялары тарабынан камсыздалат.
14.4. Шаардык кеңеш тарабынан түзүлгөн Туруктуу комиссиялар жана башка органдар, депутаттар шаардык кеңештин токтомдорун аткарууну уюштурууга катышышат, анын төрагасына аларды аткаруунун камсыздоого жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө активдүү көмөк көрсөтүшөт.
15.1. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик бийликтин иш-милдеттеринин чегин ажыратуу принциптеринин негизинде түзүлөт.
15.2. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
15.3. Шаардык кеңеш мамлекеттик бийликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
15.4. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча, шаардык кеңеш сессиянын ишине туруктуу комиссиялардын отурумдарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун өкүлдөрүн чакыра алат.
15.5. Жергиликтүү жамааттарга ар кандай кызматтарды оперативдүү кѳрсѳтүү жана натыйжалуу камсыздоо үчүн шаардык кеңеш мамлекеттик жана башка органдар менен кызматташа алат.
15.6. Мамлекеттик бийлик аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча шаардык кеңеш менен талкуулоо жана консультация жүргүзөт.
16.1. Шаардык кеңештин жана Токмок шаарынын мэриясынын өз ара мамилелери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, иш-милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегин ажыратуу принциптеринин негизинде түзүлөт, ага ылайык шаардык кеңешке жана мэрияга шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен алардын компетенциясына берилген башка баардык маселелерди чечүүдө өз алдынчалыкка кепилдик берилет.
16.2. Шаардык кеңеш жана Токмок шаарынын мэриясы, ишкана жана мекемелердин ишмердүүлүгүнѳ, чарбалык субъекттердин жумуш тартибине, шаардыктардын турмуш -тиричилигине байланышкан башка маселелер жана эрежелерге тиешелүү ѳздѳрүнүн токтомдорун жана чечимдерин бири-бирине жѳнѳтүшѳт.
16.3. Шаардык кеңеш Токмок шаарынын мэриясы менен бирдикте, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн ар кандай комиссияларды жана коомдук түзүмдөрдүн башка формаларын уюштура алышат.
16.4. Шаардык кеңештин жана Токмок шаарынын мэриясынын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда, талаш маселелерди чечүү үчүн макулдашуу комиссиялары түзүлүшү мүмкүн.
17.1. Шаардык кеңеш шаардын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгууда жана аткарууда жана шаардын бюджетин түзүүдө депутаттардын атынан шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын сунуш-талаптарын, кызыкчылыктарын көрсөтөт жана эске алат.
17.2. Шайлоочуларды кабыл алуу жана төрага, орун басары жана шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушуусу, шаардык кеңеш аныктаган тартипке ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
17.3. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен дайыма байланышта болот, аларды шаардык кеңештин иши, пландардын аткарылышы жана экономикалык жана социалдык программаларынын, шайлоочулардын сунуш-талаптарынын аткарылышы жөнүндө дайыма маалымдап турат, шайлоо округунун аймагында өткөрүлүүчү жалпы иш-чараларга катышып турат, коомдук пикирди, тургундардын керектөөлөрүн иликтейт, жарандардын көйгөйлүү маселелерин жана мыйзамдык талаптарын чечүүгө чара көрөт.
17.4. Шаардык кеңештин депутаты коомдук башталышта экиден көп эмес жардамчы алууга укуктуу. Депутаттын жардамчылары депутаттын статусуна ээ эмес жана анын укуктары менен пайдаланышпайт.
Депутат өзүнүн жардамчыларынын ишмердүүлүгү үчүн жооп берет.
Депутаттын жардамчысына күбөлүк берилет.
18.1. Шаардык кеңештин ишин уюштуруу, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана депутаттарына жардам кѳрсѳтүү, зарыл болгон материалдарды даярдоо жана ага аткаруучу-тескѳѳчү ыйгарым укуктарды берүү үчүн, шаардык кеңештин жумушчу аппараты түзүлѳт. Аппараттын штаты жана түзүмү Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
18.2. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук-техникалык, документациялык, маалыматтык, укуктук, усулдук жана башка жактан камсыздоо шаардык кеңештин аппараты жана Токмок шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлѳт.
18.3. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкерлери болуп саналышат.
18.4. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери кызмат ордуна конкурстан өткөндөн кийин, шаардык кеңештин тѳрагасынын буйругу менен дайындалат.
18.5. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жѳнгѳ салынат.
18.6. Шаардык кеңештин жана анын аппаратынын ишмердүүлүгүн камсыздоого чыгашалар сметасы шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча, шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен бекитилет.
18.7. Шаардык кеңештин аппаратын шаардык кеңештин жооптуу катчысы жетектейт.
19.1. Ушул Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу туруктуу комиссиялар же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 1/3 киргизилген сунуштар, шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилип, биринчи кезекте каралат.
19.2. Регламент боюнча түшүндүрүүлөр жана анын сакталышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын бирине жүктѳлѳт.
19.3. Шаардык кеңештин ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда токтотулат.
19.4. Шаардык кеңештин ыйгарым укугу токтотулган учурда, шаардык кеңештин иш процессинде пайда болгон баардык финансылык жана башка документтер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталат жана колдонулат.
Жооптуу катчы | Р.А.Кадыркулова |