Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын III сессиясы
2016 жылдын 22 июну № 7/3-4
Токмок шаардык Кеңешинин 4-чакырылышынын 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Токмок шаардык Кеңешинин 4-чакырылышынын 2016-жылга сунушталган иш планынын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин 4-чакырылышынын 2016-жылга иш планы бекитилсин (Тиркеме №1).
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алууну ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага | Т.Солтобаев |
| БЕКИТИЛДИ Токмок шаардык кеңешинин «22» 06. 2016-ж. №7/3-4 токтому менен |
№кэ | Мерчемделген маселелердин аталышы | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуулар
|
1 | Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамын бекитүү Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын 2016-жылга карата иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү Прокуратуранын каршылыгын кароо
| 2 -квартал июнь | Шаардык кеңештин тѳрагасы, депутаттар
Турук. депут. комис. тѳрагалары, шаардык кеңештин жоопкатчысы |
2 | Токмок шаардык кеңешинин Регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү Токмок шаардык кеңешинин Жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын Туруктуу депутаттык комиссияларынын 2016-жылга карата иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү Прокуратуранын каршылыгын кароо Токмок ш. мэринин м.а. 2016-ж 1-жарым жылдыгы үчүн шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча отчету 2016-ж 1-жарым жылдыгы үчүн МСКБнын иши жөнүндө | июнь | Шаардык кеңештин тѳрагасы, жоопкатчысы, укук маселелери боюнча жетек.адиси, депутаттар Токмок ш. биринчи вице-мэри Токмок ш. МСКБнын начальниги |
3 | Токмок ш.ММБнын жерлерди жана муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануу боюнча иши жөнүндө | 3 -квартал август | Токмок ш. ММБнын начальниги |
4
| Билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | август
| Токмок ш. вице-мэри, Токмок ш. билим берүү бѳлүмүнүн башчысы |
5 | Токмок ш. мэриясынын балдар иштери боюнча комиссиясынын иши жөнүндө | август | Токмок ш. вице-мэри |
6 | Токмок ш. саламаттык сактоо мекемелеринин иши жана өнүктүрүү планы жөнүндө | сентябрь | ТАО башкы дарыгери, Токмок ш. ҮБДБнын директору |
7 | Токмок ш. МСЭКБнын иши жөнүндө | сентябрь | МСЭКБнын башкы дарыгери |
8 | Шаардын коммуналдык кызматтарынын 2016-2017-ж.ж. жылуулук берүү мезгилине даярдыгынын жүрүшү жөнүндө | сентябрь | Токмок ш. биринчи вице-мэри
|
9 | Токмок ш. архитектура башкармалыгынын 2020-жылга чейин курулушу жана башкы планды өнүктүрүү боюнча иши жана жарандардан келип түшкѳн арыздарды кароо жѳнүндѳ | сентябрь | Шаардын башкы архитектору |
10 | Токмок шаарында жүргүнчүлѳрдү ташуу транспортунун иши жѳнүндѳ | сентябрь | Токмок ш. биринчи вице-мэри |
11 | ѲКМдин Токмок шаардык бѳлүмүнүн иши жѳнүндѳ | 4 -квартал ноябрь | ѲКМдин Токмок ш. бѳлүм башчысы |
12 | Токмок ш. ЖЖИИнин ѳспүрүмдѳр арасында тартип бузуулардын алдын алуу жана кароосуз калуу менен күрѳшүү боюнча иши жѳнүндѳ | ноябрь | Токмок ш. вице-мэри Токмок ш. ЖЖИИнин начальниги |
13 | Шаардык кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын иши жѳнүндѳ отчеттору | декабрь | Туруктуу депутаттык комиссиялардын тѳрагалары |
14 | Токмок шаардык Кеңешинин тѳрагасынын шаардык кеңештин 2016-жылдагы иши жана 2017-жылга милдеттери жѳнүндѳ | декабрь | Токмок шаардык Кеңешинин тѳрагасы |
15 | Шаардык кеңештин сессияларын даярдоо жана ѳткѳрүү | График боюнча | Шаардык кеңештин тѳрагасы, адистери |
16 | Токмок шаардык кеңешинин дарегине түшкѳн ѳтүнүч каттарды, арыздарды кароо | дайыма |
|
17 | Токмок шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жѳнүндѳ |
дайыма | Туруктуу депутаттык комиссиялардын тѳрагалары |
18 | Шайлоочулардын наказдарынын аткарылышынын жүрүшү жѳнүндѳ | дайыма | Шаардык кеңештин жоопкатчысы
|
Жооптуу катчысы | Кадыркулова Р.А. |