Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну №12/4-4
Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын 2015-жылдын 10-декабрындагы кириш № 342/02-01 кайрылуусун жана Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 24-июнундагы протоколуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” мыйзамына ылайык, муниципалдык менчиктеги объектилерди сарамжалдуу пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2008-жылдын 3-декабрындагы №59/12-2 “Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин30” июнь 2016-ж №12/4-4 токтомуна №1 тиркеме | |
1.1.Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды, анын ичинде жабдууларды, оргтехниканы, автоунаа каражаттарын, муниципалдык менчик болуп саналган башка негизги каражаттарды жана чарба шаймандарын эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.
1.2. Токмок шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) физикалык жактан эскиргенде, кызматынын ченемдик мөөнөтү бүтө электе, колдонуу шарттары бузулганда;
б) аварияларда, табийгат кырсыктарында жана башка өзгөчө кырдаалдарда;
в) негизги каражаттар бузулуп калганда, эгер аларды андан кийин колдонууга мүмкүн болбосо же калыбына келтирүүгө көп каражат жумшалса.
Муниципалдык менчикти төмөнкү учурларда гана эсептен чыгарууга болот: эгер аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо же экономикалык жактан максатсыз болсо, ошондой эле аны белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактарга сатууга мүмкүнчүлүк жок болсо.
2.1. Негизги каражаттарды пайдаланууга жараксыз экендигин, калыбына келтирип оңдоо мүмкүн эмес же максатсыз экендигин аныктоо үчүн, ошондой эле мүлкү чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда бекитилген муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде негизги каражаттарды эсептен чыгарууга зарыл документтерди тариздөө үчүн, ишкананын жана мекеменин жетекчисинин буйругу менен төмөнкү курамда жумушчу комиссиясы түзүлөт:
-жетекчи же орун басары (комиссиянын төрагасы);
-башкы бухгалтер;
-тиешелүү техникалык адис же жабдууга сервистик тейлөө жүргүзгөн уюмдун техникалык адиси, эгер тейлөө жүргүзүлсө;
-бул мүлктү сактоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адам.
Мындан тышкары комиссиянын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле башка адамдар (уюмдун жетекчисинин ыктыяры боюнча) киргизилиши мүмкүн.
2.2. Муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде жумушчу комиссиялар:
а) зарыл техникалык документацияны (паспорт жана башка документтер), ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен эсептен чыгарылуучу мүлктү кароону жүргүзүшөт жана анын эсептен чыгарылгандыгы тууралуу корутунду киргизишет;
б) эгер эсептен чыгаруу объектиси атайын аппаратура же жабдуу болсо, негизги каражаттардын жараксыздыгы тууралуу корутунду берүү үчүн милдеттүү түрдө тиешелүү уюмдардын адистерин тартышат;
в) мүлктү эсептен чыгаруунун так себептерин аныкташат (эскирүү, авария, пайдалануунун туура шарттарын бузуу жана башкалар);
г) негизги каражаттарды пайдалануудан мезгилсиз чыгарган күнөөлүү адамдарды аныкташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, бул адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизишет;
д) негизги каражаттардын объектилерин эсептен чыгарууга актыларды түзүшөт.
2.3.Жумушчу комиссиясы жүргүзгөн иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү документтер, анын ичинде муниципалдык ишкананын, мекеменин жетекчисинин кат жүзүндө кайрылуусу, эсептен чыгаруу актылары жана башка зарыл материалдар, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссия кийин кароосу үчүн Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына берилет.
Эсептен чыгаруу материалдары милдеттүү түрдө бардык көктөлгөн документтердин тизмеги менен боолонуп, номерленип жана тигилиши керек.
2.4. Баасы 100 эсептик көрсөткүчкө чейинки негизги каражаттарды (автоунаа каражаттарынан тышкары) эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы, Токмок ш. мэриясынын буюрмасы менен түзүлөт. Комиссиянын курамына ошондой эле жетекчи, башкы бухгалтер, мүлккө жооптуу болгон муниципалдык ишкананын, мекеменин адамы кирет.
2.5. Баасы 100 эсептик көрсөткүчтөн жогору болгон негизги каражаттарды, ошондой эле автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы Токмок шаардык кеңешинин чечими менен бекитилет.
2.6. Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссия эсептен чыгарууга түшкөн документтерди карайт.
2.7. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын төмөнкү маалыматтары көрсөтүлөт:
-даярдалган жылы;
- ишканага, мекемеге түшкөн жылы;
-пайдаланууга берилген убагы;
- объектинин баштапкы баасы;
-бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча эсептелген эскирүү суммасы;
-жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана ал чыгымдардын суммасы;
-ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгаруу себептери, негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, түзүлүш элементтеринин абалы толугу менен жазылат.
2.8. Автоунаа каражаттарын эсептен чыгарууда, мындан тышкары автомобилдин жүргөн аралыгы көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарынын жана деталдарынын техникалык мүнөздөмөсү берилет жана ажыратуудан алынган негизги деталдардын жана түйүндөрдүн андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
2.9.Авариянын кесепетинен жарабай калган негизги каражаттарды эсептен чыгарууда эсептен чыгаруу актысына авариянын болгондугу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле кыйроого алып келген себептери баяндалат жана күнөөлүү жактарга карата чаралар көрсөтүлөт.
2.10.Көчүрүүчү, компьютердик техниканы, байланыш каражаттарын ишканалардын теңдеминен эсептен чыгарууда милдеттүү тартипте техникалык экспертизанын, ажыратуудан пайда болгон негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн актыларынын көчүрмөлөрү тиркелет.
2.11.Негизги каражаттарды эсептен чыгарууда комиссиянын чечими боюнча керектүү документтердин тизмегине милдетүү тартипте фото-видео материалдар (электрондук же жазма вариантта) тиркелет.
2.12.Уурдап кетүүнүн, өрттүн, жаратылыш кырсыктарынан, каршы тура алгыс күчтүн кыймылдарынан улам жоголгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда уюм кошумча төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
-мүлктү жоготуп алуу фактын ырастоочу документ (кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом, өрт же башка факты жөнүндө өрт инспекциясынан маалым каты);
2.13.Муниципалдык мүлктүн негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссия маалыматтардын тууралыгын текшерет, зарыл болгондо эксперттерди тартат, эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү же мүмкүнчүлүк жок экендиги жөнүндо чечим кабыл алат.
2.14.Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынса, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу комиссия төмөнкүлөрдү камтыган протоколду түзөт:
а) эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы жөнүдө чечимди (жок кылуу, өткөрүп берүү, сатуу, бөлүктөргө ажыратуу ж.б.);
б)бул иш-аркеттерди ишке ашыруу боюнча аткаруучунун көрсөтмөлөрүн;
в) эгер жарамдуу түйүндөрү жана агрегаттары бар болсо, алардын колдонулушу жөнүндө чечим;
г)муниципалдык менчиктин негизги каражаттарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө көрсөтмө.
Отурумдун протоколуна төмөнкү документтер тиркелет:
эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн каттоо актысы;
эсептен чыгарууга сунушталган мүлктүн техникалык абалынын актысы;
мүлктү эсептен чыгаруу актысы;
башка документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү органдардын корутундусу ж.б.)
Негизги каражаттардын техникалык абалынын актысында мүлктүн даярдалган жылы, колдонууга киргизилген күнү, жүргүзүлгөн жакшыртуу жана кайра куруу иштеринин көлөмү, негизги бөлүктөрдүн, деталдардын жана түйүндөрдүн абалы көрсөтүлөт.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысында аны эсептен чыгаруу себептери толугу менен көрсөтүлөт, негизги бөлүктөрдүн, деталдардын жана түйүндөрдүн, элементтердин абалы баяндалат жана экономикалык (техникалык) максатка ылайыктуулугу же бул мүлктү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө жыйынтык чыгарылат.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча кормиссиянын отурумунун протоколуна, мүлктү каттто актысына, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жана техникалык абалынын актылыларына негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет жана ушул комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет. Эгер комиссиянын чечимине макул болбосо, анын мүчүлөрү өзгөчө оюн кат түрүндө баяндоого укугу бар, ал протоколго тиркелет.
2.15.Негизги каражаттарды, мүлктү каттоо актысын, техникалык абалынын актысы, эсептешүү көрсөткүчү 100гө чейинки баадагы (автоунаа каражаттарынан тышкары) негизги каражаттарды эсептен чыгаруу актысы боюнча эсептен чыгаруу комиссиясынын отурумунун протоколу таризделгенден кийин, документтер Токмок ш. мэрине негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө буюрма чыгаруу үчүн берилет.
Эсептешүү көрсөткүчү 100дөн жогорку баадагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруу учурунда, Токмок шаардык кеңешинин макулдугун алдын ала алуу менен, документтер Токмок ш. мэрине негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө буюрма чыгаруу үчүн берилет.
2.16.Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды ажыратуудан түшкөн экинчи сырье, ал кайра пайдаланууга жарамдуу болгон учурда, уюм тарабынан кирешеленет жана бул жөнүндө финансылык документ түзүлөт.
2.17.Негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акча каражаттары муниципалдык ишкананын, мекеменин тескөөсүндө жабдууларды жана материалдарды сатып алуу үчүн калтырылат.
2.18.Муниципалдык ишкана же мекеме тарабынан эсептен чыгарылган негизги каражаттарга иш-чараларды өткөргөндөн кийин негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын чечимине ылайык, тиешелүү ишкана же мекеме 10 күндүк мөөнөттүн ичинде Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгына муниципалдык менчиктин жоюлушун далилдеген жыйынтык документтерди, түшкөн акча каражаттарынын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле муниципалдык менчиктин реестринен негизги каражаттарды андан ары чыгарып салуу үчүн жарамдуу түйүндөрүн жана агрегаттарын кирешелүүнү тастыктаган документтерди берет.
3.1.Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө сапатсыз жана туура эмес маалымат берилгендиги үчүн ишкананын жетекчисине жана башкы бухгалтерине мыйзам менен белгиленген тартипте юридикалык жана тартиптик жоопкерчилик жүктөлөт.
3.2.Негизги каражаттарды теңдемден чыгаруунун колдонуудагы тартиби бузулган учурларда, буга күнөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
Жоопту катчысы | Р.А.Кадыркулова |