Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 1
«Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Нарын шаардык Кеңешинин «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Телтаевдин Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамынын Жобосуна өзгөртүү киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп, депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Нарын шаардык Кеңешинин «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Жобосунун III бөлүмүндөгү 3.1 пунктундагы “5 тен 7 адамга чейин” деген сөздөр “20 адамга чейин” деген сөзгө , “15 адамга чейин” деген сөздөр “20 адамга чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын. (жобо тиркелет)
Жобону өзгөртүүсү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын Реестирине киргизүү шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |
Нарын шаардык Кеңешинин 18-март 2016-жылдагы
XXVI чакырылыштагы XXX сессиясынын №1 токтомуна тиркеме
Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүнүктөр
1.1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы шаардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан негизделген жана Нарын шаарындагы эң жогорку наам болуп саналат.
1.2. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерди жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы, Нарын шаардык мэрия, шаардык Кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук саясий уюмдар сунуштайт жана ошондой эле жеке инсан өзүн-өзү көрсөтөт.
1.3. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына сунушталган талапкерлердин документтери шаардык Кеңеш кабыл алып, аны этика боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жөнөтөт.
1.4. Шаардык Кеңештин этика боюнча туруктуу комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын укуктук мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүп, «Ардактуу атуулу» наамына Жобонун 3\2 бөлүгүнө жооп берген талапкерлерди шаардык Кеңештин сессиясына сунуштайт.
1.5. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын 3/2 добушуна ээ болгондон кийин Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы берилет.
1.6. Шаардык Кеңештин сессиясында Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуна» өтпөй калган талапкерлер экинчи ирээт сессияга сунушталбайт.
I I «Ардактуу атуулу» наамына ыйгаруудагы негизги талаптар
2.1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» намына татыктуу инсандар:
Ата Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык милдеттерди аткарып сыйлыкка ээ болгондор;
2.2. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат, эгерде талапкер:
2.3. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлер төмөнкү официалдуу документтерди даярдайт:
III. «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу
3.1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына тандоо, ыйгаруу маселеси жылына эки жолу 21-март “Нооруз” майрамына “20 адамга чейин”, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын күнүнө карата 20 адамга чейин Нарын шаардык Кеңешининин сессиясында каралат.
3.2. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуна» сунушталган талапкерлер шаардык Кенешитин сессиясында жашыруун добуш берүү менен ыйгарылат.
3.3. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу инсанга атайын жазалган Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» күбөлүгү, төш белгиси жана Нарын шаарынын «Ардактуу атуулунун» лентасы тапшырылат.
3.4. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» күбөлүгү шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
3.5. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуна» атайын күбөлүгүн, төш белгисин, лентасын тапшыруу шаардык Кеңештин сессиясында атайын жыйындарда жана эмгек жамааттарынын жалпы чогулуштарында тапшырылат.
IV. «Ардактуу атуулу» наамыны ээ болгон инсандардын ыйгарым укуктары
4.1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулуу» наамы төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот:
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | А.Абдыкеримов |