Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № 4
“Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө жобосу“
Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын 22.12. 2016 жылдагы № 01-19/1725 кайрылуу катынын жана башкармалыктын жаңы түзүмү, штаттык сан эсеби бекитилгендигине байланыштуу Балыкчы шаардык Кеңешинин алдындагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкердикти өнүктүрүу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимине ылайык карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө жобосу өзгөртүү толуктоолор менен №1 тиркемеге бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жана Балыкчы интернет сайтына жарыялансын.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгынын бекитилген жобосу Ысык-Көл облусттук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.А. Асаналиевге жана шаардык Кеңештин башкы адиси К.Орузбаевага тапшырылсын.
| Төрага | К. Р. Сартбаев |
Балыкчы шаардык Кеңешинин
2017-жылдын 3-августундагы
XI – сессиясынын № 4 токтомуна
Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык
менчик башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. "Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы", мындан ары "Башкармалык" деп аталуучу, Балыкчы шаарында муниципалдык менчик объекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Балыкчы шаарынын мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында, Балыкчы шаарында менчиктештирүү, жер мамилелерди экономикалык-укуктук жактан жөнгө салуу чөйрөсүндө муниципалдык саясат жүргүзүүнү камсыз кыла турган, муниципалдык кызмат көргөзө турган жана Балыкчы шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Башкармалык - Мекеме деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча балансы, бюджеттик эсептешүү счеттору, адистештирилген эсептешүү счеттору, казыначылык органдарда депозиттик счету (Балыкчы шаары боюнча КРБ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдемекеменин аталышы жазылган тегерек мөөрү, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери бар, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
3. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде Балыкчы шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Балыкчы шаарынын мэринин токтомдоруна жана буйруктарына жана бул Жобого ылайык иш жүргүзөт.
4. Башкармалык Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
5. Башкармалыктын жобосу Балыкчы шаардык кенеши тарабынан бекитилет.
6. Башкармалык өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.
7. Өзүнүн иш-аракетин ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен Башкармалыктын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы болбогон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
8. Башкармалык аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана бул Жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына катуу ылайыктуулукта гана катыша алат.
11. Башкармалыктын расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: «Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик башкармалыгы» мекемеси.
- орус тилинде: Учреждение «Управление муниципальной собственности мэрии города Балыкчы».
12. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Балыкчы шаары, Абдрахманов көчөсү, 252.
13. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматкерлер болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери таратылат.
14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескөөлөр жана буйруктар Балыкчы шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Балыкчы шаарынын мэриясына отчет берет.
16. Балыкчы шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
17. Балыкчы шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду жүзөгө ашырат.
2. Негизги милдеттер жана функциялар
18. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
б) көрсөтүлгөн кызматтарга жарандардын канааттануусун жогорулатууга багытталган, сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өнүктүрүү;
в) менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Балыкчы шаарынын кыймылсыз мүлктүн жана башка менчиктин объекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;
д) шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык түрткү берүү механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
е) Балыкчы шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде, Балыкчы шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
ё) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Балыкчы шаарынын жер реформасы жана архитектуралык - шаар курулушу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык- экономикалык программаларды аткаруу.
19. Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте ал төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, Балыкчы шаарынын менчик объекттерин эсепке алуу боюнча Маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;
б) маалыматтык-коммуникациялык технологияларын активдүү пайдалануу менен «бирдиктүү терезе» принциби боюнча муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын түзүү жана ишке ашыруу;
в) «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча уюштурулган калкты тейлөө борборлорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк алуу түйүнүн түзүү жана ишке ашыруу;
г) муниципалдык кызматтарды көрсөтөт
д) Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Балыкчы шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Балыкчы шаарынын мэриясын көрсөтөт;
е) Балыкчы шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, ыкчам башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
ё) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана ыкчам башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Балыкчы шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырат;
ж) Балыкчы шаарындагы муниципалдык обьектилерди долборлоо, капиталдык куруу жана оңдоо боюнча Заказчиктин функциясын жана техникалык жактан көзөмөлдү ишке ашырат;
з) Балыкчы шаарынын муниципалдык мүлкүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер тилкелерин кошкондо юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышын жана сакталышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырат;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Балыкчы шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Балыкчы шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык Балыкчы шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу учурунда тийиштүү чараларды көрөт;
й) Балыкчы шаарынын жер участокторун кошкондо мүлкүн ижарага берүүчү катары чыгат;
к) Балыкчы шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Балыкчы шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүктөрү менен бирдикте Балыкчы шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана берет;
л) Балыкчы шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрү болгон уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүүдө, кайра уюштурууда жана жоюуда катышат;
м) Балыкчы шаардык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча Балыкчы шаарынын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү программаларынын жана Балыкчы шаарынын жерлерин рационалдуу пайдалануу программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдайт;
н) Балыкчы шаарынын мэриясына Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө контролду жүзөгө ашырат;
о) Балыкчы шаарынын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү программаларынын жана Балыкчы шаарынын жерлерин рационалдуу пайдалануу программаларынын негизинде Балыкчы шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
п) Балыкчы шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
р) Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актылардын жана инвестицияларды тартуу долбоорлорду иштеп чыгат;
с) Балыкчы шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде чыгарат;
т) Балыкчы шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (тескемелердин, токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
у) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
ф) бошогон батирлерди эсепке алууну жүргүзөт, бул батирлерди бөлүштүрүү боюнча Балыкчы шаарынын мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт;
х) Балыкчы шаарынын мэриясы жана райондук администрациялар тарабынан кабыл алынгандардын негизинде турак аянтка ордер берүүнү белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну жүргүзөт.
3. Башкармалыктын укуктары
20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:
а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Балыкчы шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүүгө;
б) Балыкчы шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Балыкчы шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугуна бекитүүгө, ошондой эле мындай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;
в) Балыкчы шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу - укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;
г)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, биргелешкен иш каналарды уюштурууда, биргелешип уюштурулган мекеме ишканалардын, жоопкерчилиги чектелген коомдордун акционери жана түзүүчүсү катары Балыкчы шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу өкүлү катары кызыкчылыктарын көздөөгө;
д) «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча башкармалык уюштурган калкты тейлөө борборлору жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк алуу түйүндөрү аркылуу, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды, муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматтарын жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматтарын көрсөтүүгө;
е) калкты тейлөө борборлору жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк алуу түйүндөрүнүн керектөөчүлөрүнөн кызмат көрсөтүү үчүн акы алууга;
ё) «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча башкармалык уюштурган калкты тейлөө борборлору жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүнчүлүк алуу түйүндөрү аркылуу көрсөтүлө турчу кызматтар боюнча муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалар жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттер менен макулдашууларды жана келишимдерди түзүүгө;
ж) Балыкчы шаардык кенеш тарабынан бекитилген менчиктештирүү программасынын негизинде, муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер тилкелерин сатуу жөнүндө Балыкчы шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
з) Балыкчы шаарынын мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик - укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;
и) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын табылган мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырат, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сотко доо арызын берет, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтөт;
й) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчиктин формасына карабастан бардык жер пайдалануучулар тарабынан жер мыйзамын, анын ичинде жер пайдалануучунун, жайгашкан ордун, берүү шарттарын, берүү мөөнөттөрүн, функционалдык багытын жана берилген жер участоктун аянты бөлүгү боюнча бузууларды четтетүү боюнча чара көрүүгө;
к) сот органдарында Балыкчы шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;
л) Балыкчы шаарынын мэриясына жана Балыкчы шаардык кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер тилкесин сарамжалдуу пайдаланбоо, жер тилкелерин жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Балыкчы шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер тилкелерине укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
м) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, объекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндө өтүнүүгө;
н) ички иштер органдарына жер мыйзамдарын бузуучулары табылган учурда, административдик жана жазалоо иш - аракети үчүн көмөк көрсөтүү үчүн кайрылууга;
о) жер тилкелерин пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
п) жер тилкелерин изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш - чараларды аткарууну текшерүү үчүн адистерди белгиленген тартипте тартууга.
21. Башкармалык бул жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатылып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык чектелген кирүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматынын сакталыш режимдерин аныктайт.
4. Башкармалыктын жетекчилиги жана түзүмү
24. Башкармалык Балыкчы шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.
25. Балыкчы шаарынын мэри Башкармалыктын башчысын кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алууну, башкармалыктын штаттык ырааттуулугун бекитүүнү жүзөгө ашырат.
26. Башкармалыктын башчысы анын жетекчиси болуп саналат.
27. Башчы башкармалыктын иш-аракети үчүн жоопкерчилик тартат жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкүлөрдү аткарат:
а) Башкармалыктын атынан ишеним катсыз иштейт, аны мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда көрсөтөт;
б) Балыкчы шаарынын мэриясынын буйруктарын жана чечимдерин аткарууга алып, Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде буйруктарды, ишканаларга, мекемелерге, башка уюмдарга жана Башкармалыктын бардык кызматкерлерине аткарууга милдеттүү болгон башка тескөөчү документтерди чыгарат;
в) Башкармалыктын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
г) Башкармалыкта муниципалдык кызматты өтөө менен байланышкан маселелерди мыйзамдарга ылайык, анын ичинде: кадрдык резервди түзүүнү, башкармалыктын кадрларын тандап алууну, туура жайгаштырууну, кайтадан даярдоону жана алардын квалификацияларын жогорулатууну, белгиленген учурларда аттестацияны, квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү, кызмат акысына кошумча акы белгилөөнү чечет;
д) Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот, аларды жазалайт;
ё) Башкармалыкка бекитилген мүлктү жана каражаттарды мыйзамдарга ылайык тескейт;
ж) банктарда эсеп-чотторду ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коет, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
з) соттордо башкармалыктын кызыкчылыктарын жактайт, доогерге, жоопкерге жана үчүнчү жакка берилген бардык укуктарды, анын ичинде, тынчтык макулдашуусун түзүү жана кайрадан ачылган кырдаалдар боюнча арыздарды берүү укугун колдонот.
5. Башкармалыктын мүлкү
28. Башкармалыктын мүлкүн ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошкондо) түзөт.
29. Башкармалыктын иш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
6.Башкармалыктын иш-аракетин контролдоо
30. Балыкчы шаарынын мэриясы башкармалыктын иш - аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
31. Башкармалык бухгалтердик жана статистикалык отчет иштерди белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттөрдө берет. Башкармалыктын иш - аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык ушул укук берилген уюмдар жүзөгө ашырат.
32. Жыл сайын Балыкчы шаардык кеңешке муниципалдык мүлктү жана жерлерди пайдалануу жөнүндө отчет берет.
7. Эмгек мамилелери
33. Башкармалык кызматчылардын квалификациялуу курамын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматчылардын ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
34. Башкармалык иштеринин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык - укуктук келишимдеринин негизинде тартуу укугуна ээ.
35. Башкармалыктын кызматчыларынын (кызматкерлеринин) иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
8. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу
36. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Балыкчы шаардык кеңеши тарабынан киргизилет.
37. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат.
38. Башкармалыктын иш - аракетин токтотуу Балыкчы шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
39. Башкармалыкты жоюу башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
40. Жоюучу комиссия дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
41. Юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине бул жөнүндө жазууларды киргизгенден кийин жоюу аяктаган болуп эсептелинет.
42. Башкармалык жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
43. Башкармалыктын иш - аракети процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кеңештин
аппарат жетекчиси Ө.Рахманов