Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 22/6-4
Токмок ш. “Токмок Водоканал” МИ директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 04-августундагы чыг.№1222/1-4 Токмок ш. “Токмок Водоканал” МИ директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-августундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. “Токмок Водоканал” МИ директору бош кызмат ордуна – Жансеитов Шабданбек Каныбековичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |