ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы № 22/6-4 «Токмок ш. «Токмок Водоканал» МИ директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция29.08.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

2016-жылдын 29-августу № 22/6-4

Токмок ш. “Токмок Водоканал” МИ директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 04-августундагы чыг.№1222/1-4 Токмок ш. “Токмок Водоканал” МИ директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-августундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. “Токмок Водоканал” МИ директору бош кызмат ордуна – Жансеитов Шабданбек Каныбековичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине жүктѳлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев