МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык Кеңешинин кезектеги VI шайланган V сессиясы
2017-жылдын 29-апрели № 16
Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндөгү элден түшкөн арыздарды талкуулап ,айылдык Кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сидиковдун маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштыр жөнүндөгү» Мыйзамынын 7-беренесин негиз кылып Мады айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Октябрь айылында жашап өткөн маркум Төрөев Курманбектин аты өзү жашаган көчөгө өзүнүн үйүнөн Абдалиев Уландын үйүнө чейинки аралыкка ыйгарылсын.
2. Каарман айылындагы жаштар көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, ушул көчөдө жашап өткөн маркум Маманов Маматкасымдын аты ыйгарылсын
3. Жаӊыдан аталышка ээ болгон Төрөев Курманбектин жана Маманов Маматкасымдын атындагы көчөлөргө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган маркумдардын балдарына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
4. Жаӊыдан аталышка ээ болгон Төрөев Курманбек жана Маматов Маматкасым атындагы көчөлөрүн Кара-Суу райондук мамкатто башкармалыгы аркылуу бирдиктүү көчөлөрдүн реестрине киргизүү жагы маркумдардын балдарына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеёештин тийиштүү туруктуу комиссиясына (А.Сидиков) жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |