Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 110
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысынын орун басары Н.Ж.Саматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 15,16–беренелерине ылайык, Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 5-февралындагы №1 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысынын орун басары Н.Ж.Саматовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына (Н.А.Баймуратов):
-Өрт кырсыгы болгон учурда пайдаланылуучу суу түтүктөрүн, гидранттарды, көлмөлөрдү стандартка ылайык оӊдоп-түзөө боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү;
-Ош шаарындагы социалдык обьекттерде өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрттүн алдын алуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү;
-Ош шаарындагы базарларда өрт коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып баруу;
-Тогуз кабаттан жогорку көп кабаттуу үйлөрдү курууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан корутунду берилээрин эске алып, башкармалыкты тогуз кабаттан жогорку көп кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрүүгө колдонулуучу заманбап автошаты менен камсыздоону министрлик аркылуу ишке ашыруу тапшырылсын.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Т.Кадырбаев) Ош шаарынын борбордук базарын өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык иретке келтирүү боюнча иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Ормонов |