Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 114
Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана «Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси К. Абдырахман уулунун Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери, мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери, ошондой эле архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2018-жылдын 26-февралындагы биргелешкен отурумунун токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарында муниципалдык автоунаа токтоочу жайлардан ар бир унаадан жергиликтүү бюджетке киреше түрүндө түшүүчү автоунаа токтотуу үчүн жыйым 10 сом өлчөмүндө белгиленип, жыйым толук көлөмдө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсү камсыздалсын.
2. Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Ош шаарынын мэриясына, ачык сынактын негизинде ижарага берилүүчү муниципалдык автотоктомо жайларын уюштурууда Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келтирүү менен Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 77-78 беренелеринин ченемдерин, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамынын 7, 27-беренелеринин ченемдерин эске алып, жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугун сактоо боюнча тиешелүү органдардын корутундусунун, ошондой эле Ош шаардык прокуратурасынын шаардагы муниципалдык автоктомо жайлары боюнча мыйзам
бузууларды четтетүү боюнча Ош шаарынын мэриясына 2017-жылдын 27-декабрындагы №11-7б-1290-17 каты менен жолдонгон сунуштарынын негизинде жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Ормонов |
| Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы кезектеги XII сессиясынын № 114-токтомуна тиркеме
|
«Ош шаарында ачык сынактын негизде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобо
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.Бул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка аракеттеги ченемдик укуктук актыларына, Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жобосуна ылайык иштелип чыккан жана ачык сынактын негизде (мындан ары-сынак) Ош шаарындагы автотоктомо жайларын ижарага берүүнүн негизги иш-аракеттерин жөнгө салат.
Сынакты уюштуруунун максаты – бул жеӊүүчүнү аныктоонун жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо, муниципалдык автотоктомо жайларында жарандарга сапаттуу тейлөөнүн шарттарын түзүү, чыныгы атаандаштыкты камсыздоо жана автотоктомо жайларындагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.
2. Бул жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
- автотоктомо – убактылуу мөөнөткө акы төлөө аркылуу авто транспорттук каражаттарын коюп туруучу (токтотуп) муниципалдык жер тилке.
- автотоктомону пайдалануу укугу тууралуу келишим – сынактын жыйынтыгына ылайык Буюртмачы менен Катышуучунун ортосунда түзүлүүчү типтүү келишим;
- буюртмачы- Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
- сынак – автотоктомолорду тейлөө боюнча мыкты шарттарды сунуштоочу катышуучуну аныктоого багытталган уюштуруу иш-чаралардын түрмөгү;
- сынактык комиссия – автотоктомолорду пайдалануу укугун аныктоо максатында, сынактын жеӊүүчүлөрүн тандоого ыйгарым укук берилген Ош шаарынын мэриясынын коллегиалдуу органы;
- сынактык табыштама - Ош шаарынын аймагында автотоктомолор үчүн жайгашкан жер тилкелерди ушул жобого ылайык кызматтарды көрсөтүүгө катышууга буюртма берген тараптардын сунушу;
- сынактык документ –буюртмачы тарабынан сынактын катышуучуларына сынакты өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин камтыган сынактык табыштаманы даярдоо үчүн берилүүчү документтер тизмеси;
- катышуучу –ушул жобонун талаптарына ылайык сынакка катышкан жеке же юридикалык жак;
3. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти ачык сынак өткөрүүнүн негизинде Ош шаарынын муниципалдык автотоктомолорун бөлүштүрүүнүн уюштуруучусу - буюртмачысы болуп саналат.
Сынакты уюштуруу үчүн жоопкерчилик автотоктомолор боюнча ишти жөнгө салуучу жана координациялоочу Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына (мындан ары-Буюртмачы )жүктөлөт.
Ош шаарынын мэриясы сынак өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана тийешелүү буйрук чыгарат.
Чечим кабыл алынган учурдан баштап буюртмачы отурумду уюштурат.
Сынак массалык-маалымат каражаттары жана жергиликтүү телевидениялар аркылуу жарыялагандан күндөн тартып жеӊүүчү менен келишим түзгөнгө чейин 30 календардык күндөн көп эмес мөөнөттө өткөрүлөт. Жарыя берилгенден 10 күн аралыгында өтүнмөлөр кабыл алынат, 20 күн аралыгында комиссия чечим чыгарып, келишим түзүү ишке ашат.
Сынактын жеӊүүчүсүнө автотоктомону пайдалануу укугу келишим түзгүлгөн күндөн тартып берилет.
Сынакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн, автотоктомо жайларында жарандарга коопсуз кызмат көрсөтө алган жеке жана юридикалык жактар катыша алат.
Сынактын жыйынтыгы менен ыйгарым укук берилген Ош шаарынын мэриясынын коллегиалдуу органы (мындан ары – сынактык комиссия) жеӊүүчүгө автотоктомону тейлөө мөөнөтүн белгилейт:
- келишимдин мөөнөтү 1 жылга бекитилет жана буюртмачынын сунушу менен сынактык комиссиянын чечиминин негизинде келишим дагы 2 жылга узартылышы мүмкүн;
Катышуучу сунуш кылган көлөмдөгү акча каражатын кепилдик салым катары атайын банктык эсепте кармоого жана кепилдик салымын ырастаган документти сынактык комиссияга берет;
Автотоктомо жайларында авто транспорт каражаттарынан алынуучу төлөм Ош шаардык Кеӊеши тарабынан бекитилген тарифке ылайык жүзөгө ашырылат.
Автотоктомо жайларында пайдалануучуларга ыӊгайлуу жана коопсуз абалды уюштуруу, бардык техникалык шарттарды түзүү, атайын белгилерди коюу, ошондой эле жумушчуларды атайын форма менен камсыздоо жеӊүүчү тарабынан келишим түзүлгөн күндөн тартып 3 айлык мөнөттүн ичинде аткарылат.
Автотоктомону иштетүү мезгилинде, келип чыккан салыктык жана башка төлөмдөр (чыгымдар) жеӊүүчү тарабынан каржыланат.
II. Cынакты уюштуруу жана аны өткөрүү тартиби
2.1. Буюртмачы массалык-маалымат каражаттары жана жергиликтүү телевидениялар аркылуу сынакты өткөрүү жөнүндө жарыялайт, катышуучулардын арыздары конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
2.2. Катышуучу тийиштүү маалыматтар менен камсыздалат жана жобонун талаптарына ылайык белгиленген мөөнөттөрдө сынакка катышуу жөнүндө арыз берет.
2.3. Сынактык документтер өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
а) ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялоо;
б) катышуучунун арызы;
в) катышуучу жөнүндө маалымат;
-эгерде катышуучу юридикалык жак болсо, анда юридикалык жактарды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
-эгерде катышуучу жеке жак болсо, жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
-бюджеттин алдында салык карызы жок жөнүндө салык кызматынын маалымкаты;
-арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү;
г) кепилдик салымдын төлөгөндүгүн ырастаган документ;
д) катышуучулардын сынактык сунуштарына жараша сынактык комиссиянын кароосуна ылайык артыкчылыктар берилет. Буюртмачы тарабынан атайын сунуштардын форма-анкетасы берилет;
е) сынакка коюлуучу автотоктомолордун негизги мүнөздөмөлөрү;
ӊ) Ош шаарынын муниципалдык автотоктомону пайдалануу укугу үчүн акы төлөө наркынын эсеби;
ж) ыйгарым укук берилген Ош шаарынын мэриясынын коллегиалдуу органынын (мындан ары-комиссия) автотоктомолорду бөлүштүрүү боюнча отурумунун протоколу;
з) Ош шаарынын муниципалдык автотоктомосун пайдалануу укугу жөнүндө типтүү келишимге макулдугу же кошумча сунуштары;
2.4. Буюртмачы белгиленген мөөнөттө берилген табыштамалардын бардыгын кабыл алууга милдеттүү.
Белгиленген мөөнөтүнө кечигип түшкөн табыштамаларга сынакта катышууга жол берилбейт.
2.5. Катышуучу табыштаманы берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин Буюртмачы тарабынан табыштаманы өзгөртүү же кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскерткенден кийин гана, өзүнүн табыштамасын өзгөртө алат же кайтарып ала алат. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берилген табыштамага өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.
2.6. Катышуучу тарабынан сынакка берилген сунуштар сынак жыйынтыктарын чыгарганга чейин юридикалык күчкө ээ.
Жеӊүүчүлөрдү аныктоо катышуучунун же белгиленген тартипте катталган анын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сынактык комиссия тарабынан ачык түрдө жүргүзүлөт жана протокол менен жол-жоболоштурулат.
2.7. Сынактарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын жеке курамы Ош шаардык мэриясы тарабынан бекитилет.
III. Сынактык комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары.
3.1.Сынактык комиссия сынактын негизинде катышуучуларга автотоктомолорду пайдалануу укугун жана мөөнөтүн аныктоого ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
Сынактык комиссия катышуучулардан алынган баардык маалыматтарды, анын ичинде табыштамаларда камтылгандардын купуялуулугун камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда гана жана бул маалымат тийиштүү болгон катышуучунун макулдугу боюнча маалыматтар башкаларга берилиши мүмкүн.
3.2. Сынактык комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өз функцияларын жүзөгө ашыруу;
б) сынактын жыйынтыгы боюнча сынактын жеӊүүчүсүнө автотоктомолорду пайдаланууга уруксат берүү;
в) сынактык комиссия жылдын жыйынтыгы менен ар жылдын 1 айында автотоктомо жайларынын хронометраждарын эсептөө жана аны бекитүү;
г) сынактык комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча тараптардын даттанууларын, сунуштарын, арыздарын кароо.
3.3. Сынактык комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
а) сынактын катышуучуларынан бул жобого ылайык документтик далилдөөлөрдү же башка маалыматты берүүнү талап кылууга;
б) буюртмачы тарабынан суралган маалыматтарды өз убагында бербегендиги, ошондой эле так эмес жана толук эмес маалыматтар же жалган маалыматтарды бергендиги үчүн сынактан катышуучуну четтетүүгө;
в) сынактын жеӊүүчүсүн аныктоого;
3.4. Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Буюртмачыдан башка катышуучулар жөнүндө жашыруун мүнөздөгү же коммерциялык жашыруун сырды түзүүчү маалыматтан тышкары, сынак өткөрүүнүн шарттары жана тартиби боюнча тийиштүү маалыматты алууга;
б) Буюртмачыны жазуу жүзүндө эскертүү менен табыштама берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин өз табыштамасын өзгөртүүгө жана чакырып алууга;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте табыштаманы четке кагуунун себептери жөнүндө комиссиядан кыскача маалымат алууга;
г) Катышуучуга тийиштүү сынактык комиссиянын отурумдарынын протоколдорунун нускасын же көчүрмөсүн сурап алууга.
3.5. Сынактын катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) өзү жөнүндө анык так маалыматтарды берүүгө;
б) сынак өткөрүүнүн эрежелерин жана жол-жобосун сактоого;
в) сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар менен өз алдынча таанышууга.
IV. Сынактык комиссиянын курамы жана анын ишин уюштуруу.
4.1. Сынактык комиссия комиссиянын төрагасынан, тең төрагасынан жана мүчөлөрүнөн турат.
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын Ош шаарынын мэриясы бекитет.
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Сынактык комиссиянын кеӊешмесинде сынактык комиссиянын мүчөлөрү алмашуу укугусуз катыша алышат. Сынактык комиссиянын кеӊешмеси ага сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 ден кем эмеси катышкан учурда укук ченемдүү болуп саналат.
4.4. Сынактык комиссия жарыяланган сынактын тийиштүү талаптарын тааныган сынактык сунуштарды гана баалайт, салыштырат жана кабыл алат. Эгерде сынактык сунуш бул талаптарга жооп бербесе, ал четке кагылат.
V. Сынактык комиссиянын төрагасы жана теӊтөрагасы.
5.1. Сынактык комиссиянын төрагасы болуп Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик багытын көзөмөлдөгөн Ош шаарынын вице-мэри саналат.
Сынактык комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин жетектейт, сынактык комиссиянын кеӊешмесин өткөрүү күнүн жана ордун аныктайт.
5.2. Сынактык комиссиянын теӊтөрагасы:
- сынактык комиссияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик алат;
- сынакты өткөрүүнүн протоколдорун тийиштүү жол-жоболоштурууну көзөмөлдөйт;
- сынактын катышуучулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
VI. Сынактык жеӊүүчүлөрдү аныктоо тартиби жана процесси.
6.1. Сынактык комиссиянын катчысы катышуучулардын сынактык сунуштары жана катышуучу жөнүндө маалымат билдирет жана комиссиясынын ар бир мүчөсүнө протоколдун долбоорун таркатып берет. Сынактык сунуштар каралгандан жана баалангандан кийин сынактык комиссиянын катчысына тапшырылат.
6.2. Сынактык сунуштарды кароодон жана баалоодон кийин сынактык комиссиянын төрагасы ар бир катышуучунун сунушун колго салат.
6.3. Эӊ коп добуш алган катышуучу жеӊүүчү аталат, эгерде эки же андан көп катышуучу бирдей добуш алган учурда, сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө бул катышуучулардын сынактык сунуштары кайра таркатылат. Бул учурда кимдин сунушу артыкчылык кылса, сынактын жеӊүүчүсү аныкталат.
6.4. Ачык сынактын жеӊүүчүсүн аныктоо боюнча сынактык комиссиянын кеӊешмесинин жыйынтыктары сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган жана төрага тарабынан бекитилген протокол менен жол-жоболоштурулат.
6.5. Сынакта уткан катышуучу Ош шаардык мэриясынын башка муниципалдык автотоктомолорун пайдаланууга алуу үчүн сынакка катыша алат жана анын сынакка катышуу укугу чектелбейт.
6.6. Сынактык сунуштардын маалыматтарынын аныктыктыгын текшерүүдөн кийин, сынактык комиссия жыйынтыгын чыгарат жана жеӊүүчү жөнүндө акыркы чечим кабыл алынат.
Сынактык комиссиянын протоколунун негизинде буюртмачы белгиленген мөөнөттө сынактын жеӊүүчүсү менен сынакка коюлган Ош шаарынын муниципалдык автотоктомолорун пайдалануу укугу жөнүндө келишим түзүүгө милдеттүү.
VII. Жыйынтыктоочу жоболор.
7.1. Сынактын жыйынтыктары катышуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанууга жатат.
Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси С. Маматалиева