Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 18
Билим берүү мекемелеринин 2016-2017-жылдар арасында аткарган иштери үчүн сыйлоо жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин (VI шайланган) кезектүү VI - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2016-2017-жылдар арасында аткарган иштери үчүн сыйлоо жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрели № 92 Билим берүү жөнүндө 2017-жылдын 22-февралындагы № 32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 1-бөлүмдүн 18- беренесинин негизинде, 2016-2017-жылдар арасында билим берүүдө мектептер арасында , билим берүүдө бардык тараптан аткарылган иштери боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөндүгүнө байланыштуу «Жылалды» орто мектеби Жылалды айыл өкмөтү тарабынан “Ардак Грамотасы” менен сыйлануу жагы сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |