Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 56
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы №58- «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 13-декабрында келген №500/08-6- катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы №28-«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын акы алып кызмат көрсөтүүнүн наркын макулдашуу жөнүндө» буйругун карап чыгып, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы Т.Капаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 15-беренесинин 5-пунктунун негизинде, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 13-декабрындагы №20-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы №58-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктун 1-пунктчасы «Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар үчүн бир адамга айына -25 сом» деп окулсун;
- 1-пунктун 2-пунктчасы «Жеке менчик секторлордо жашагандар үчүн бир адамга айына 30 сом» деп окулсун;
- 1-пунктун 3-пунктчасы «Чарба субьектилеринен турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга алынуучу бир айлык тарифи таштандынын 1 куб метрине 350 сомдон хронометраждык эсептөөнүн негизинде жүргүзүлсүн» деп окулсун.
- 1-пункт төмөндөгүдөй 5-пунктча менен толукталсын:
- «Ош шаарынын борбордук аянтында, сейил бактарында жана аянтчаларында элдин катышуусунда өткөрүлүүчү ар кандай жыйындардан, иш чаралардан кийинки таштандыларды тазалоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден башка иш чараны өткөргөн жеке жана юридикалык жактардан алынуучу тариф 10 куб метрине чейин 5268 (беш миң эки жүз алтымыш сегиз) сом болуп бекитилсин» деп окулсун.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |