Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26 -декабры № 60
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана депутаттык фракциялардын сунуштарына ылайык жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш планы бекитилсин ( тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 60- токтомуна тиркеме |
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
I | СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР |
|
|
1
| Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга божомолун, 2017-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия ( мындан ары -ТДК) |
2 | «Шаарсвет» электр тармактар ишканасынын 2016-жылы аткарган иштери жөнүндө отчетун жана 2017-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматын угуу |
1 квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча ТДК |
3 | Жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматын угуу | 1-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
4 | Ош шаарында маданият тармагын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
5
| Ош шаарында аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
6 | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө |
1 квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
7 | Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө отчету | 2-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча ТДК |
8 | Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2017-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө |
2-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча ТДК |
9 | Ош шаарындагы медресе жана мечиттердин абалы жөнүндө Ош шаарынын казысынын маалыматын угуу | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
10 | Ош шаарындагы аймактык кеңештердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
| 2-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
11 | Ош шаарынын билим берүү мекемелеринин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө | 2-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
12 | Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак- жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
13 | Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө | 3-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча ТДК |
14 | «Ош шаары-өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасынын аткарылып жатышы жөнүндө Ош шаарынын мэринин отчету
|
3-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча ТДК |
15 | Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө |
3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
16 | Ош шаарында миграция жана ички миграция боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 3-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
17 | Шаардык жаштар комитетинин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө | 3-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
18 | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
19 | Ош шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин аткарган иштери жөнүндө отчетун угуу |
4-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча ТДК |
20 | Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
|
4-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча ТДК |
21 | Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
| 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча ТДК |
22 | Ош шаардык Кеңешинин социалдык тармак боюнча кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча ТДК |
23 | Архитектура жана шаар куруу боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө |
4-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча ТДК |
24 | Ош шаардык Кеңешинин 2016-2017-жылдары мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө |
4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча ТДК |
II | ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР |
|
|
1 | Сессияда карала турган материалдарды жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш план боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
2 | Ош шаардык Кеңешинин токтомдорун жана «Ош шаары-өнүккөн ордо калаа» Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
3 | Башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештери жана чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу | Жыл ичинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
5 | Эң маанилүү деп эсептелген маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
6 | Шайлоочулар менен жолугушууда айтылган кайрылууларды жана сунуштарды, алардын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды шаардык Кеңештин веб-сайтына жайгаштыруу | Ар бир жолугушуудан кийин | Депутаттык фракциялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
7 | Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды жалпылоо, аткаруу үчүн аларды шаардык мэрияга жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнө жөнөтүү | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
8 | Шаарда өткөрүлө турган маданий массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары Шаардык Кеңештин аппараты |
9 | Шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорду шаардык Кеңештин веб-сайты, массалык маалымдоо каражаттары аркылуу калкка жеткирүү |
Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
10 | Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү | Мыйзам чегинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
Жетекчи | С.Маматалиева |