Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2001-жылдын 27-ноябры ПУ № 344
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.
2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгынын,
2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин структурасын жана жетекчилигинин функциялык милдеттерин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы № 279 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигиндеги жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлеген аскердик кызмат орундарынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы жаңы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Коргоо министринин биринчи орун басары 1";
- 3-7-пункттар тиешелүү түрдө 4-8-пункттар деп эсептелсин;
- 4-пунктта "4" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
5. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |