Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 12/5
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторуна ижара укукгун берүү боюнча аукционду өткөрүү эрежелери жана жер комиссиясынын ишинин РЕГЛАМЕНТИ жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. « Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча аукционду өткөрүү эрежелери » жана « Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин РЕГЛАМЕНТИ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобосуна ылайык бекитилсин.
2. “ Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторуна ижара укукгун берүү боюнча аукционду өткөрүү эрежелери жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин РЕГЛАМЕНТИ» айыл аймагынын жер комиссиясы тарабынан жетекчиликке алынсын
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айыл чарбасы, жер, айлана-чөйрөнү коргоо социалдык маселелер бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Р.Эсекеев |
| Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын «9» февраль кезектеги XII - сессиясынын № 12/5 токтому менен бекитилген |
1.Жалпы жоболор.
1.1. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекиген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого ылайык иштелип чыкты жана айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участокторуна болгон ижара укугун сатуу боюнча ачык аукциондорду өткөрүү тартибин жөнгө салат.
1.2.Айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участокторун ижаралоо укуктарын аукциондук сатуу аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участоктору менен бүтүмдөрдү жасоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
1.3.Аукционго келечек планда айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун экономикалык жактан кызыктырган жерлери катары аныкталган (жашыл аймак) жер участоктору коюлат.
2. Аукционду даярдоо ( маалыматтык билдирүү) Арыздарды кабыл алуу
2.1.Айыл өкмөт конкурсту өткөрүүгө 30 кʏн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде айыл чарба жерлерин кайра бөлʏштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
контурларды сыпаттоо менен лоттун тизмеси;
аукционду өткөрүү шарттары, күнү жана орду көрсөтүлөт;
ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчѳмүн аныктайт;
кепилдик төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөө тартиби, ошондой эле кепилдик төлөмдү кайтаруу жана кайтарбоо шарттары;
ижара акыны төлөө формалары жана мөөнөттөрү , индексациялоо шарттары;
ар бир лот боюнча аукциондун «арымы»
арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
арыздарды кабыл алуу дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөт маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда , жыйналыштарда айтып , жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
2.2. Аукционго катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет;
аукционго катышууга арыз;
инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү ( паспорттун көчүрмөсү) же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ ( ишеним кат же буйрук) ;
кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү .
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
Жер комиссиясынын мүчөлөрү жана Аукциончу АКФнын жерлерин берүү боюнча аукционго талапкер катары катыша албайт.
2.3. Жер комиссиясынын катчысы талапкерлердин арыздарын жана документтерин кабыл алып , арыздарды каттоо журналына каттап, документтерди кабыл алып, каттаганы тууралуу билдирүү берет. Арызды жана документтерди кабыл алуудан баш тарткан учурда , баш тартуу жер комиссиясынын катчысы тарабынан арыздарды жана документтерди кабыл алуудан баш тартуу журналына катталат. Мында жер комиссиясынын катчысы документтерди кабыл алуудан баш тартуу тууралуу билдирүү берет.
2.4.Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу аукционду өткөрүү күнүнө 5 жумуш күнү калганда токтойт.
2.5. Документтерди кабыл алуу мөөнөтʏ аяктагандан кийинки күнү жер комиссиясы аукционго катышуу боюнча бардык кабыл алынган арыздарды жана документтерди карайт. Жер комиссиясы кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарга ылайык ижарачыга коюлган талаптарга жооп берерин текшерет. Ошондон кийин арыз берүүчүлөрдү (талапкерлерди) аукционго катышканга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат, уруксат берилген, ошондой эле аукционго катышууга уруксат берилбеген арыз берүүчүлөрдүн (талапкерлердин) тизмесин көрсөтүү менен, ал жөнүндө протокол түзүлөт.
2.6.Арыз берүүчүлөрдүн ( талапкерлердин ) аукционго катышуусуна уруксат берүү протоколу аукцион өткөрөрдөн 3күн мурда айыл өкмөтүнүн имаратына илинет.
3.1. Баштапкы ижара акынын өлчөмү өткөн жылдагы орточо ижара акынын өлчөмүн эске алуу менен жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан аныкталат, ошол эле учурда баштапкы ижара акынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20% дан кем эмес жогору болууга тийиш.
3.2. Баштапкы ижара акынын өлчөмү аукциондун жүрүшүндө аукциондун «арымына» өсүп турат, ал аукцион бүткөнчө бирдей болуп кала берет.
3.3. Аукциондун «арымы» жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10дон 20% га чейинки өлчөмүндө аныкталат. Аукциондун жүрүшүндө ижара акыны көтөрүүдө эсептегенге ылайыктуу болушу үчүн 0 саны менен бүткөн 10, 100 болгон бүтүн сан болушу керек, мисалы : 100/ 200/300сом.
4.1.Аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөм жер комиссиясы тарабынан бүтүндөй ижара мөөнөтү үчүн баштапкы ижара акысынын 15 тен 30 % ына чейинки өлчөмүндө аныкталат.
4.2.Эгерде талапкер аукционго бир нече лот боюнча катыша турган болсо, кепилдик төлөм ар бир лот боюнча төлөнөт.
4.3. Кепилдик төлөмдү төлөөдө аны төлөгөндүгү тууралуу квитанция берилет.
4.4. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан учурда; - жеңүүчү АКФнын жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда .
4.5. Калган учурларда кепилдик төлөм:
-аукционго катышуудан баш тартуу жөнʏндө арыз берилген күндөн; - аукцион бүткөн күндөн ;
- аукцион өткөн жок деп таанылган күндөн баштап 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылып берилет.
4.6.Жеңүүчү менен ижара келишими түзүлгөн учурда кепилдик төлөм ижара төлөмүнө кошулат.
5.1.Аукциондун башталышын жарыялаганга 1 саат калганга чейин жер комиссиясынын катчысы аукционго катышууга уруксат берилгендерди каттоо ведомостун толтуруу менен катышуучуларды каттай баштайт . Ар бир катышуучу каттоодон өтүп номерленген аукцион билетин алат. Аукцион билетинин номери катышуучунун ведомосттогу катталуу номерине туура келиши керек.
Катышуучуларды каттоо ведомосту каттоо бүткөндө жер комиссиясынын төрагасына берилет.
5.2.Талапкерлерди каттоо аукцион башталганга 15 мүнөт калганга чейин токтойт. Өз убагында каттодон өтпөгөндөр аукционго катыштырылбайт.
5.3.Аукциондун катышуучусу арыз берип, кепилдик төлөмдʏ төлөгөн лоттор боюнча гана уруксат берилгенден кийин аукционго катышканга укуктуу . Мында ар бир катышуучу өзүнүн билетин пайдалануу менен аукционго катышат . Номерленген аукцион билетин аукциондун жүрүшүндө башка жактын пайдалануусуна тыюу салынат.
5.4.Ар бир лотко экиден кем эмес талапкер болгондо гана аукцион өткөрүлөт . Лотко бир талапкер болуп калганда , мындай лот аукциондон алынып салынат .
5.5.АКФнын жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөт башчысы аукциончуну дайындайт, ал аукцион башталардын алдында аукционду өткөрүү тартибин жана катышуучуларга карата колдонулушу мүмкүн болгон жазалоо чараларын жарыялайт . Жазалоо чараларынын өлчөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
5.6.Ар бир лот боюнча аукцион лоттун аталышын , кыскача мүнөздөмөсүн жана баштапкы баасын жарыялоо менен башталат . Андан кийин аукциончунун суранычы менен жер комиссиясынын төрагасы жарыялаган лотко катышууга уруксат берилгендердин аукцион билеттеринин номерлерин атайт.
5.7.Катышуучулардын арасында лот ʏчʏн таймаш лоттун кекзектеги баасын ( баштапкы ижара акы жана ага кошуп аукциондун «арымы») жарыялап , аны менен бирге эле балканы уруу менен башталат. Эгерде аукциондун эки же андан көп катышуучусу лотту жарыялаган баа боюнча алууга даярдыгын ыкмалардын бири менен билдирсе , аукциончу лоттун баасын аукциондун «арымына» лоту алууну каалаган бир катышуучу калганга чейин көтөрө берет.
5.8.Аукциондун баасын аукциондун катышуучулары өздөрү да көтөрө алышат.Бул учурда аукциончу лот үчүн жок эле дегенде бир кадамга үн салуу менен сунуш кылган катышуучунун номерин атайт. Мында сунуш кылганга баа аукциондун эселенген арымы болушу керек. Аукцион лот үчүн эң чоң бааны сунуш кылган бир катышуучу калганга чейин улантыла берет.
5.9.Ар бир катышуучу лотту сатып алганга даярдыгын бирдей күчкө ээ эки түрдүү ыкма менен жарыялаганга укуктуу:
-номерленген аукцион билети менен табличканы көтөрүү, бул аукциончу жарыялаган бааны кабыл алгандыгын күбөлөндүрөт (сунуш кылынган бааны үн чыгарбастан кабыл алуу),
- табличканы көтөрүү жана ошол эле мезгилде лоттун баасы боюнча өз сунушун айтуу ,ал
аукциончу жарыялаган баадан эң аз болгондо бир кадамга, сөзсүз түрдө эселенген кадамга жогору болушу керек (бааны үн чыгарып сунуш кылуу).
5.10. Эгерде катышуучулардын биринин үн салып сунуш кылган баасы аукциондун «арымына» эселенген болбосо, анда аукциончу бул сунушту кабыл албайт да, өзүнүн баасын айтат же мурдагы катышуучунун баасын кайталайт.
5.11.Эгерде бир мүнөттүн ичинде үч жолу эң жогорку бааны жарыялагандан кийин башка сунуш болбосо, лот боюнча аукцион балка урулуу жана аукциончу тарабынан «САТЫЛДЫ» деген сөздʏ айтуу менен аяктайт. Лот үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп таанылат.
5.12. Лоттун кезектеги баасын (баштапкы ижара акы, ага кошуп аукциондун «арымы») бир мʏнөттʏн ичинде үч жолу жарыялагандан кийин да эч ким лотту алууну каалагандыгын билдирбесе, аукциончу бул лотту аукциондон алып салат.
5.13.Лот боюнча аукцион бүткѳндѳн кийин аукциончу лоттун сатылгандыгын жарыялап, жер участогунун дарегин, сатылуу баасын, аукциондун жеңүүчүсүнүн аукцион билетин айтат жана аны аукциондун протоколуна кол коюу үчүн чакырат.
5.14. Аукциондун жыйынтыгы тууралуу протокол аукцион учурунда жер комиссиясынын катчысы тарабынан жүргүзүлөт жана анда лоттун аты, анын кыскача мүнөздөмөсү, баштапкы жана акыркы баа, аукциондун «арымы» жана аукциондун жыйынтыктары болот. Протоколго аукциондун жеңүүчүсү, аукциончу, катчы жана жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коет. Протокол эки нускада түзүлөт.Бир нускасы-ижарачы (аукциондун жеңүчүсү) үчүн, экинчиси-ижарага берʏʏчʏ (айыл өкмөт) үчүн. Жер комиссиясынын мүчөлөрү Аукциондун жүрүшүн көзөмөлдөө баракчасын толтуруу жолу менен аукциондун жүрүшүн көзөмөлдөшөт.
5.15.Аукциондун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жер комиссиясы экинчи жеңичүүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Аукциондун протоколуна кол койгон экинчи жеңүүчү аукциондун жеңүүчүсү болуп эсептелет. Протоколго кол коюудан баш тарткан аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төлөм кайтарылып берилбейт.
5.16.Кепилдик төлөмүнүн суммасы аукциондун жеңүүчүсүнөн башка бардык катышуучуларга аукцион бүткөндөн баштап 5 жумушчу күнүнүн ичинде кайтарылып берилет. Аукциондун жеңүүчүсүнүн кепилдик төлөмү лоттун баасына кошулат
5.17 Аукционду өткөрүү учурунда:
-аукциондун катышуучуларынын сүйлөшүүсүнө;
-конкреттүү лот боюнча аукционго катышпаган жактын кандайдыр бир жол менен аукционго кийлигишүүсүнө;
-Аукциончунун уруксатысыз аукцион залында орун которуштуруп жүргөнгө,
-Жер комиссиясынын төрагасынын уруксаты жок аудиого, видеого жазганга, сүрөткө тартканга, телевидение аркылуу көрсөткөнгө жол берилбейт.
5.18. Аукцион бүткөндө анын катышуучулары номерленген аукцион билетин кайтарып бериши керек. Аукцион билетин кайтаруудан баш тарткан учурда жер комиссиясы мындай катышуучуга карата жаза санкцияларын колдонгонго укуктуу.
5.19. Эреже бузууларды болтурбоо жана тартипти орнотуу ʏчʏн аукциончу:
-аукциондун катышуучусун же аукционго катышып жаткан жакты бир жолу оозеки эскерткенге,
-кайталап тартипти бузганы үчүн эреже бузуучуга штраф салганга же аны чыгарып жибергенге,
-аукциондун жыйынтыгына таасир этүүчү эреже бузуулар үчүн конкреттүү лот боюнча аукционду токтотконго укуктуу.
5.20. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет
а. эгерде бир катышуучу болсо,
б. экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколго кол коюудан баш тартса,
с. кезектеги ижара акыны үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билетин көтөрбөсө, аукцион өткөн жок деп таанылат.
Лот боюунча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда аукционду кайталап өткөрүү дайындалат.
Ижара келишимин түзүү жана келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүү
4.1. Аукциондун протоколуна кол койгон учурдан баштап 10 жумуш күндүн ичинде айыл өкмөт (ижарага берүүчү) аукциондун Жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзөт . Ижара келишими 3 нускада түзүлөт: бирөө- аукциондун жеңүүчүсү (Ижарачы) үчүн, экинчиси –айыл өкмөт (Ижарага берүүчү) үчүн, үчүнчүсү - жергиликтүү Мамкатто үчүн болот. Келишим сөзүз түрдө жергиликтүү мамлекеттик каттоодон өтʏшʏ керек. Келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрʏʏ боюнча бардык чыгымдар аукциондун жеңʏʏчʏсʏ тарабынан төлөнөт.
7.1.Мыйзамда же аукционду өткөрүү жөнүндө билдирүүдө башкасы каралбаса, аукционду өткөрүү тууралуу билдирүү берген аукционду уюштуруучу аукционду өткөрүүгө 3 күн калганга чейин каалаган учурда андан баш тартууга укуктуу.
7.2. Аукционду уюштуруучу көрсөтүлгөн мөөнөтү бузуу менен аны уюштуруудан баш тарткан учурда, катышуучуларга алар тарткан чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
7.3.Протоколго кол коюудан качкан аукционду уюуштуруучу кепилдик төлөмдү эки эсе өлчөмдө кайтарып берүүгө, ошондой эле аукциондо жеңген жакка анын аукционго катышуу аркылуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга (кепилдик төлөмүнөн ашкан бөлүгү боюнча ) милдеттүү.
7.4. Келишимге кол коюудан тараптардын бири (айыл өкмөт аукциондун жеңүүчүсү ) баш тарткан учурда, экинчи тарап келишимге кол коюуга жана келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга мажбурлоо талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.
| Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын «9» февраль кезектеги XII - сессиясынын № 12/5 токтому менен бекитилген |
1.1 Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун ижарага берүү боюнча жер комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекиген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого, ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2.1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун ижарага берүү үчүн айыл аймагын айыл өкмөт башчысы 7 адамдан кем эмес санда, анын ичинде 3төн кем эмес санда айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарын кошуу менен Жер комиссиясын түзөт. Айыл аймагын айыл өкмөт башчысы комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет. Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылар, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн 2.2. Жер комиссиянын катчысына айыл өкмөтүнүн бир адиси дайындалат 2.3. Агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын ѳкүлү жер комиссиясынын отурумуна байкоочу катары катышканга укутуу. 2.4. Жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагынан камсыз кылууну айыл аймагынын айыл өкмөтү ишке ашырат.
3.1. Жер комиссиясы томөнкү кызматтарды аткарат: -аукционду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт: -лотторду түзөт: -ар бир лот боюнча ижара акысынын баштапкы же белгиленген өлчөмүн аныктайт: -аукциондун шартарын аныктайт: -кепилдик төлөмүнүн өлчөмүн аныктайт -лотордун чек араларын аныктайт: - ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт: -ар бир лот боюнча аукциондун» арымынын» өлчөмүн пныктайт: -ижара акысын төлөө формаларын жана мөөнөттөрүн аныктайт -кабыл алынган арыздардын жана ага тиркелген документтердин аракеттеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлган талаптарга жооп берерин текшерет: -талапкерлерди аукционго катыштыруу (же катыштырбоо) тууралуу чечим кабыл алат: -аукциондун жыйынтыктарынын протоколуна кол коет: - аукционду өткөрүү жол жобосу менен байланышкан бардык талаш маселелерди чечет: - айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин түз берүү жолу менен ижарага алууну каалаган социалдык багыттагы субъектилердин тизмесин түзөт. -Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка кызматтарды аткарат. 3.2 Жер комиссиясы тѳмѳнкүлѳргѳ; -мамлекттик администрациянын тиешелүү кызматтарынан, түзүмдѳрүнѳн жана чарбакер субъектилерден документтерди, бүтүмдѳрдү, экспертиза актыларды актыларын жана отурумдарда каралуучу маселелерге тиешеси бар башка материалдарды алганга; - эксперттерди, анын ичинде кѳз карандысыз эксперттерди, тиешелүү бүтүмдѳрдү даярдоо боюнча ишке тартканга; -ѳз ишмердиги жѳнүндѳгү материалдарды жалпыга маалымдоо каражажаттарында жарыялаганга укуктуу
4.1 Жер комиссиясы өз ишмердигин отурум турүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурулат, ага жер комиссиясынын төрагасы, катчысы, жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет. 4.2 Жер комиссиясынын отуруму комиссиянын тѳрагасы аныктагын күндөрү өткөрүлөт. 4.3 Жер комиссиянын отурумун жер комиссиянын төрагасы алып барат. Төрага жок болуп калганда отурумду комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган жер комиссиянын тѳрагасынын орунбасары өткөрөт. 4.4 Эгерде отурумга жер комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен көбү катышса, жер комиссиясы өз компетенциясына тиешелүү чечимдерди кабыл алганга укутуу. 4.5 Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү жолу менен катышкандардын көпчүлүгүнүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот. 4.6 Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн түз каржылык жактан кызыкдар же арызы каралып жаткан адамга тууган болсо, комиссиянын мындай мучөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга укутуу эмес. 4.7 Жер комиссиясынын мүчөлөрүнѳ боло турган отурум жѳнүндө аны өткөргөнгө 3 күн калганга чейин кабарланат. 4.8 Отурумдун башында жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укутуу органдардан жана эксперттерден түшкөн расмий бүтүмдөргө жараша иштөө тартибин аныктайт.