Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 12/9
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун ижаралоо боюнча аукционго катышуу арыздарын кабыл алуу жана каттоо боюнча көрсөтмө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун ижаралоо боюнча аукционго катышуу арыздарын кабыл алуу жана каттоо боюнча көрсөтмө бекитилсин
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун ижаралоо боюнча аукционго катышуу арыздарын кабыл алуу жана каттоо боюнча көрсөтмө жер комиссиясы тарабынан жетекчилике алынсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айыл чарбасы, жер, айлана-чөйрөнү коргоо социалдык маселелер бонча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Р.Эсекеев |
| Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылдын «9» февраль кезектеги XII - сессиясынын № 12/9 токтому менен бекитилген |
1.Аукционго катышуу ʏчʏн жеке жана юридикалык жактар айыл өкмөт аныктаган форма боюнча арыз жазышат жана бул Колдонмонун 7-пунктунда каралган тизмедеги документтерди беришет.
2. Аукционго катышуу жөнүндөгү арызды жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет. Экинчи учурда буга кошумча аныкталган формадагы ишеним кат жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү берилет.
3. Жер комиссиясынын катчысы арызды жана бул Колдонмонун 7-пунктунда каралган башка документтерди кабыл алат. Катчы аларды атайын арыздарды каттоо журналына каттайт, каттоо номерин берет, кабыл алуу датасын көрсөтөт. Мында каттоо номери төмөнкү документтерде: арызда, арыздарды кабыл алуу журналында жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндөгү билдирүүдө бирдей болушу керек.
4. Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу аукционду өткөрүү датасына 5 жумуш күнү калганда токтойт.
5.Арыздардын жана бериле турган документтердин үлгүлөрү жалпыга жеткиликтүү жерге илинип коюлушу керек. Жер комиссиясынын катчысы зарылчылык болгон учурда аларды жазганга жана толтурганга көмөк көрсөтөт.
6.Жер комиссиясынын катчысы аукционго катышуу арыздарын жана бардык зарыл документтерди кабыл алып, каттагандан кийин датасын жана каттоо номерин көрсөтүп, Документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндөгү билдирүүнү бергенге милдеттʏʏ.
7. Соодага катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет.
Жеке жактар:
Аукционго катышканга арыз;
Арыз берүүчүнүн инсандыгын же өкүлдүн инсандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөсү;
Ар бир лотко кепилдик взносун төлөгөндүгү жөнүндөгү квитанциянын көчүрмөсү.
Юридикалык жактар:
Аукционго катышканга арыз;
Жетекчинин инсандыгын же өкүлдүн инсандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөсү;
Ар бир лотко кепилдик взносун төлөгөндүгү жөнүндөгү квитанциянын көчүрмөсү
Уюмдун уставынын көчүрмөсү;
Уюмду каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
Уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;
Ишеним кат же кызмат адамын дайындоо жөнүндөгү буйрук.
8. Арыз берүүчү арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган учурда лотту алмаштырганга укуктуу. Аны үчүн ал жер комиссиясынын төрагасына жазуу түрүндө арыз бериши керек.
9.Жер комиссиясынын катчысы кабыл алынган документтердин Жер комиссиясынын төрагасына бергенге чейин сакталышына жооптуу.
10. Жер комиссиясынын катчысы арыз берген жактар тууралуу маалыматтын жана берилген документтердин мазмунунун башкаларга билдирилбеши (жашырындыгы) үчүн жооптуу.
11.Жер комиссиясынын катчысы ар бир жумуш күнүнүн аягында катталган арыздарды аларга тиркелген документтер менен бирге сейфте сактоо ʏчʏн жер комиссиясынын төрагасына бергенге милдеттүү. Мында арыздарды каттоо журналына сөзсүз түрдө белги коюлат. __/________/_______-жылга карата ____________ арыз тʏштʏ.
12.Төмөнкү учурларда:
- арыз аукционду өткөрүү жөнүндөгү билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилгенде;
- арыз берүүчүнүн атынан аракет кылууга ыйгарым укук берилбеген жак тарабынан арыз берилгенде;
- аукционду өткөрүү жөнүндөгү билдирʏʏдө көрсөтүлгөн тизме боюнча зарыл документтер толук берилбегенде же берилген документтер талапка ылайык эмес толтурулганда арыз берүүчүнүн арызын кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн.
13. Кабыл алынбаган арыз ага тиркелген документтер менен бирге аны берген күнү эле арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Арыздарын жана башка документтерин кабыл алуудан баш тартылган арыз берүүчүлөр Баш тартуу журналына катталат. Арыздарды кабыл алуудан баш тартууларды каттоо журналында төмөнкү маалыматтар болот:
Датасы
Арыз берүүчүнүн аты-жөнү
Дареги
Баш тартуунун себеби
Арыздарды жана документтерди кабыл алуудан баш тартуу тууралуу билдирүүнү алганын тастыктаган арыз берүүчүнүн колу
Баш тартуу жөнүндөгү билдирʏʏдө баш тартуунун себеби сөзсүз көрсөтүлөт.
14.Арыз берүүчү аукцион башталганга 5 күн калганга чейин жер комиссиясынын төрагасына жазуу түрүндө билдирүуү жолу менен арызын кайра алганга укуктуу. Бул учурда арыз берүүчүдөн түшкөн кепилдик төлөм аукционго катышуудан баш тартуу тууралуу арыз берген күндөн баштап беш күндөн кечиктирилбестен кайтарылып берилиши керек. Жер комиссиясы аны тоорукка катышуучулардын курамынан чыгарат.