Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы
2018-жылдын 28-февралы № 11/3
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу коммуналдык менчик департаментинин 27.02.2018-жылдын №17 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына караштуу коммуналдык менчик департаментинин 27.02. 2018-жылдын №17 кайрылуу катын
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын 2018-жылга карата 1м3 таштандыларды алып чыгууга кеткен акча каражаты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шардык мэриясына караштуу коммуналдык менчик депертаментинин башчысы И.Ходжамбердиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |
| «БЕКИТИЛДИ» Көк-Жаңгак шаардык Кеңештин 28.02.2018ж. 11 сессиясынын 11/3 токтому менен |
Көк-Жаңгак шаарынын КМДнын 2018-жылга карата
мекеме ишканалардан 1м3 таштандыларды алып чыгууга кеткен акча каражатынын эсеби
№ | Аталышы | ГАЗ-3309 автоунаасына жумшалуучу чыгым (сом) | Эксковатор МТЗ-82 жумшалуучу чыгым (сом) | Жумушчулардын (2 киши) кызматына жумшалуучу чыгым (сом) | Жалпы |
1. | Негизги персоналдык эмгек акы | 29,83 | 21,59 | 36,36 | 87,78 |
2. | Соцфондко чегерүүлөр | 5,14 | 3,72 | 6,27 | 15,13 |
3. | ГСМ чыгымдары | 40,05 | 81,00 | - | 121,50 |
4. | Автолго керектелүүчү чыгым | 10,00 | 10,00 | - | 20,00 |
5. | Амортизация | 50,30 | 61,60 | - | 111,90 |
6. | Жалпы чарбалык чыгымдар 1% | 1,36 | 1,78 | 0,42 | 3,56 |
7. | Пландык чогултуу 20% | 27,42 | 35,94 | 8,61 | 71,97 |
8. | Жалпы | 164,55 | 215,63 | 51,66 | 431,84 |
9. | Сатуудан алынуучу салык 2,5% | 4,11 | 5,39 | 1,29 | 10,79 |
10. | Жалпы 1м3 таштандыларды алып чыгуунун наркы | 168,66 | 221,03 | 52,95 | 442,64 |