Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2018-жылдын 12-февралы № 01-5/ 74
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2018-жылга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2018-жыл таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисинин, 2018-жыл таштандыларды ташып чыгаруу тарифин бекитип берүү боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2018-жыл таштандыларды ташып чыгаруу тарифи № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов. |
| БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы ____________ Я.Т.Абдурахманов. Кезектеги IX сессиясынын № 01-5/74-токтомуна тиркеме |
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | бирдиги | Таштанды ташып чыгарууга (сом менен) | Ташдандыны жайгашты рууга (сом менен) | Бардыгы (сом менен) | Бир рейс машина (сом менен) |
1 | Көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн | 1 адамга | 14,00 | 2,00 | 16,00 |
|
2 | Жер үйлөр үчүн | 1 адамга | 15,00 | 2,00 | 17,00 |
|
3 | Мекеме-ишканаларга жана коммерциялык жактарга | 1м² | 583,00 | 87,00 | 670,00 | 2680 |
4 | Суюк таштандыларды чыгаруу | 1м² | 500,00 | 100,00 | 600,00 | 2200,00 |
5 | Септик | 1м² | 270,00 | 55,00 | 325,00 | 1200,00 |
6 | Самовывоз | 1м² |
| 100,00 | 100,00 |
|
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын директору
Башкы бухгалтери | Э.Маматов
Н.Досматова |