Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги биринчи сессиясы
2017-жылдын 15-июну № 1-1
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.Наримбетова |
| Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 15.06.2017-ж биринчи сессиясынын № 1-1 токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилди |
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Айылдык кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кеңешинин иш аракет тартибин аныктайт.
1.1. Кызыл-Туу айылдык кеңеши өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, Жергиликтүү жамааттын Уставына ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык иш пландардын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, айыл кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Айылдык кеңешинин компетенциясы
Айылдык компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
2. 1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2.2. Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалымат угуу;
2.3. Аймактарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык-жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөл кылуу;
2.4. Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча тарифтерди белгилөө;
2.5. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
2.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органын иши жөнүндө отчётун угуу;
2.7. Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
2.8. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимиңин айылдык өкмөттүн башчысынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда алуу жөнүндөгу сунушуна макулдук берүү (47-ст.,8.2-п.);
2.9. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
2.10. Администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
2.11. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, айылдык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
2.12. Жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
2.13. Өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөл кылуу;
2.14. Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
2.15. Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин каттуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мызамдарына ылайык бекитүү;
2.16. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси тарабынан ишеним көрсөтбөө;
2.17. Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык тарифте эсептелген айыл үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл –чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган тарифтерин белгилөө;
2.18. Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
2.19. Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.20. Айылдык кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансалык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат;
2.21. Айылдык кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структурасы жөнүндө чечим кабыл алат;
Айылдык кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3.1. Айылдык кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат.
Айылдык кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык кеңештин төрагасы :
Кеңеш сессиясын чакырат;
Сессияга төрагалык кылат;
Айылдык кеңештин чечимдерине отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коёт;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка фукцияларды аткарат.
3.2. Зарылчылык учурда жүйөөлүү себептердин негизинде убактылуу айылдык кеңештин төрагасы шайланат, туруктуу төрага шайланганга чейин төрагалык милдетти аткарат, сессияларды чакырат жана сессияны алып барат.
3.3 Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкери төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат.
Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп
эсептелинет.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдеттин аткарат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.7. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
Айылдык кеңештин катчысы.
4.1. Айылдык кеңештин катчысынын милдетин айылдык өкмөттүн жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык кеңештин катчысы:
Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
Айылдык кеңештин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
Айылдык кеңештин сессия токтомдорун тариздейт жана айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары:
5.1.Айылдык кеңешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт.
Айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси алардын сандык курамын шайлоо айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат.
Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби.
6.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Айылдык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин кезексиз сессиясы депутаттардын 1/3 талабы боюнча чакырылышы мүмкүн.
Кеңештин сессиясына чакыруу жөнүндө ар бир депутат кемиңде 7 күн алдын (кезексиз сессия жөнүндө 2 күн алдын) маалымдалат. Депутат чакыруу менен бирге күн тартибине киргизилген маселердин тизмесин алууга тийиш. Сессияда күн тартибинде бекитилгенден башка маселелер каралбайт.
6.2. Айылдык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
Айылдык кеңештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.5. Айырым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.6. Айылдык кеңештин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун жана катчынын колу коюлат.
6.7. Керек болгон учурларда айылдык кеңештин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
Айылдык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
7.1.Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат.
Сессияда төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер жабык добуш берүү аркылуу кабыл алынат:
-Кеңештин компетенциясына кирүүчү кызмат орундарына шайлоо, маакулдук берүү, ишеним көрсөтбөө жана кызмат ордунан алуу жөнүндө;
-Кеңеш тарабынан бекитилүүчу отчеттор жөнүндө;
-Депутаттардын 1/3 тарабынан жабык добушка коюу сунуш кылынган чечимдер;
Башка чечимдер ачык добуш менен кабыл алынат
7.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлумдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же озгортуу боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек;
Кеңештин тиешелүү туруктуу коммиссиясы тарабынан каралып, комиссия маселени Кеңештин сессиясына кароого киргизүү жөнүндөгу сунушу болууга тийиш;
Долбоор даяр болуп гана сессияга киргизилүүгө тийиш.
7.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Айылдык кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пунктар боюнча каралат.
Токтом долбоору баардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
Айылдык кеңештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштуу аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
Айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнун тартиби.
8.1. Айылдык кеңештин иш Регламентин «Типтуу Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат» жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.