Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 24-февралындагы
№ 72 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Инвестициялык кеңеш жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 8-майындагы ПЖ № 241 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык
кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Рес-
публикасында бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу ма-
селелери боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн тездетүү
үчүн зарыл болгон рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну, да-
ярдоону жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылган Кыргыз Республикасы-
нын Президентине караштуу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп сана-
лат.
2. Кеңештин курамына:
мамлекеттик органдардан кызматы боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Президенти - Кеңештин төрагасы;
Кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-
си;
көп тараптуу жана эки тараптуу эларалык донор уюмдардан (макулда-
шуу боюнча):
- эларалык финансы уюмдарынан эки өкүл;
четөлкөлүк жана Кыргыз Республикасынын ата-мекендик инвесторлору-
нан (макулдашуу боюнча):
- четөлкөлүк инвесторлордон эки өкүл;
- ата-мекендик инвесторлордон эки өкүл;
Кеңештин катчысы (мындан ары - катчы).
3. Мамлекеттик органдардан өкүл болбогон Кеңештин мүчөлөрүн шайлоо
жол-жобосу төмөнкү жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
Эларалык финансы уюмдарынын (донорлордун) өкүлдөрү көп тараптуу
жана эки тараптуу эларалык донор уюмдар тарабынан алардын ортосундагы
макулдашуу боюнча сунуш кылынат.
Кеңештин катчысы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын
жол-жобосу боюнча дайындалат.
Четөлкөлүк инвесторлордун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын же-
ке секторунун өкүлдөрү төмөнкү жол-жобо боюнча сунуш кылынат.
Кыргыз Республикасынын бизнес-ассоциациялары экономиканын
төмөнкүдөй артыкчылыктуу тармактарында: кен казып алуу тармагында,
өнөржайында, агрардык кайра иштетүү секторунда жана кызмат көрсөтүү
(туризм) секторунда иштеген ишкерлердин ичинен ар бир тармак боюнча
өзүнүн бирден талапкерин Кеңештин катчысына сунуш кылат.
Бизнес-ассоциациялар ошол бизнес-ассоциациялардын ишин жана анын
мүчөлөрүн, анын ичинде инвестициялардын көлөмүн, ассоциациянын
мүчөлөрүнүн таламдарын коргоо маселесинде ассоциация жетишкен негизги
натыйжаларды жана башка көрсөткүчтөрдү мүнөздөгөн маалыматты да сунуш
кылат.
Ушул маалыматтын негизинде Кеңештин катчысы мамлекеттик органдар-
дан жана донорлордон өкүл болгон Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин курамына
аларды көпчүлүк добуш менен бекитүү үчүн талапкерлердин тизмесин сунуш
кылат.
Эларалык донор уюмдардан, четөлкөлүк жана Кыргыз Республикасынын
ата-мекендик инвесторлорунан Кеңештин мүчөлөрү Кеңеш белгилеген тартип-
те ротацияланат.
II. Кеңештин милдеттери, функциялары
жана укуктары
4. Кеңештин негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын Президен-
тине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдарга
өлкөдө бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу боюнча ча-
раларды даярдоодо жана жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Бул милдеттерди чечүү үчүн Кеңешке төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды иликтөө жа-
на талдоо;
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жана башка мамлекеттик органдар үчүн төмөнкүлөр боюнча сунуштарды жана
рекомендацияларды иштеп чыгуу:
бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу;
мамлекеттин жөнгө салуу функцияларын өркүндөтүү максатында мамле-
кеттик башкаруу системасын реформалоо;
инвестицияларды тартуунун стратегиясын жана артыкчылыктарын анык-
тоо;
- бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу боюнча ча-
раларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүн кароо.
5. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз жыйналышында бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жак-
шыртуу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин угууга;
- мамлекеттин жөнгө салуу функцияларын өркүндөтүү, четөлкөлүк ин-
вестицияларды тартуунун стратегиясын жана артыкчылыктарын аныктоо мак-
сатында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, четөлкөлүк инвестицияларды тартуу жа-
на пайдалануу, мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча иш-чаралардын
жүрүшүнө эксперттик баа берүү үчүн адистерди жана илимпоздорду, анын
ичинде четөлкөлүктөрдү белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдарга бизнес-чөйрөнү жана инвести-
циялык кырдаалды жакшыртуу жагында мамлекеттик саясатты андан ары
өркүндөтүү боюнча тийиштүү рекомендацияларды жана сунуштарды кабыл алу-
уга жана киргизүүгө.
III. Кеңештин ишин уюштуруу
6. Кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша бирок, кварталында ке-
минде бир жолу өткөрүлөт.
7. Кеңештин жыйналышы анын курамынын үчтөн экиси катышкан учурда
ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
8. Кеңештин чечими каралып жаткан маселе боюнча көпчүлүк добуш ме-
нен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдарга бизнес-чөйрөнү
жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу, четөлкөлүк инвестицияларды на-
тыйжалуу тартуу жана пайдалануу маселелери боюнча иштелип чыккан сунуш-
тар же рекомендациялар менен протокол түрүндө таризделет.
9. Кеңештин ишин уюштуруу-усулдук жана техникалык жактан камсыз
кылууну Кеңештин катчысы башкарган Кеңештин катчылыгы, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жүргүзөт.
10. Кеңештин катчылыгынын ишин финансылоо гранттык негизде
жүргүзүлөт.
IV. Кеңештин катчысынын милдеттери, функциялары
жана ыйгарым укуктары
11. Кеңештин катчысы белгиленген тартипте:
- мамлекеттик органдардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон бардык
маалыматты суратып алууга укуктуу;
- Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароонун мониторингин
камсыз кылат;
- Кеңешке маалыматтык каттарды даярдайт, Кеңештин рекомендациялары
менен сунуштарынын каралышы жөнүндө Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө
маалымдайт;
- бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу боюнча ми-
нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун, бизнес-
тин өкүлдөрүнүн сунуштарын жалпылайт;
- Кеңештин жыйналышын даярдоого катышат;
- Кеңештин катчылыгынын эксперттер тобуна жетекчилик кылат.
12. Кеңештин катчылыгынын функциялары, ыйгарым укуктары, түзүмү
жана штаттык саны Кеңештин катчысы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын
чегинде аныкталат.
13. Кеңештин катчысынын өзүнүн энчилүү бланкы болот.
V. Корутунду Жобо
14. Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-
те жоюлушу мүмкүн.