Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-февралы № 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Инвестициялык кењеш жөнүндө
Бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык кырдаалды жакшыртуу маселеси бо-
юнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын
социалдык-экономикалык жактан андан ары өнүктүрүү үчүн инвестицияларды
тартуу, бул чөйрөдө мамлекеттик органдардын натыйжалуу өзара аракетте-
нишин камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык
кењеш түзүлсүн жана ал жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи
орунбасарына - уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн
жоготту деп табылсын:
- 2001-жылдын 22-августундагы № 254 "Четөлкөлүк инвестицияларды
тартуу жана пайдалануу боюнча ишти андан ары өркүндөтүү боюнча кошумча
чаралар жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 27-июлундагы №
242 "2001-жылдын 22-августундагы "Четөлкөлүк инвестицияларды тартуу жа-
на пайдалануу боюнча ишти андан ары өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар
жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу".
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев