Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 5-апрели № 156
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын
17-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө»
Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы №214
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча
Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» Указы менен бекитилген Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын
курамы жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттагы «-он төрт» деген сөз алып салынсын;
- 2-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Кыргыз
Республикасынын Президенти Комиссиянын мүчөлөрүн ротация кыла алат»;
- 6- жана 13-пункттардагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар бөлүмү» деген сөздөр «Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын
катчылыгы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкү жањы редакцияда баяндалсын:
«10. Эгерде Комиссиянын толук курамынын катышуусу зарыл болгон «Кыргыз
Республикасынын Баатыры» эњ жогорку артыкчылык даражасын берүү жөнүндө маселе
каралгандан тышкаркы учурларда Комиссиянын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн үчтөн
экиси катышса, ал ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими «Кыргыз
Республикасынын Баатыры»" эњ жогорку артыкчылык даражасын берүү, «Манас»
«Данакер» ордендерин берүү жана «элдик» деген ардактуу наамдарды берүү
маселелери каралып жаткан учурда Комиссиянын курамынын үчтөн экиси (10 киши)
«жактап» добуш берсе кабыл алынды деп. ал эми калган маселелер боюнча
Комиссиянын курамынын үчтөн экиси (8 киши) «жактап» добуш берсе кабыл алынды деп
эсептелет. Зарыл болгон учурда Комиссиянын чечими кийин 7 күндүк мөөнөттө өз
чечимин Комиссиянын мүчөлөрү жазуу жүзүндө ырастоо менен пикир суроо иретинде
кабыл алынат.».
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев