Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 19-марты ПЖ № 78
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 156 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пунктунун төртүнчү-тогузунчу абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |