Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 10/1
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2018-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин 2018-жылдын иш-планын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңеши
(VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2018-жылга койгон иш-планы
толуктоолорду киргизүү менен бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |
| «Бекитилди» Көк-Жаңгак шаардык кенештин 25.01.2018ж. 10/1 токтому менен |
№ п/п | Аткаруу мөөнөтү | Каралуучу маселенин аталышы | Туруктуу комиссиялар |
1 | 2018-жыл январь айы | 1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2018-жылга иш- планын бекитүү. 2.Шаардык кеңештин туруктуу комиссияла- рынын курамына өзгөртүлөөрдү киргизүү. 3.2017-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси Э.Караевдин маалыматын угуу. 4.2018-жылдын бюджеттин бекитүү жана 2019-2020 жж. бюджетинин божомолун (прогноз) кабыл алуу. | Шаардык кеңеш, бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссия, туруктуу комиссиялар |
2
| 2018- жыл февраль, айы
| 1.Көк-Жаңгак шаардын мэриясы 2017ж. аткарган иштери боюнча Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун маалыматын угуу. 2.Шаардагы мекеме иш каналар 2017- жылы аткарган иштери боюнча жетекчилеринин маалыматтарын угуу. | Шаардык кеңеш,
Туруктуу комиссиялар |
3
| 2018- жыл март- апрель айы
| 1.Шаардагы канализация жана тазалоочу курулмалардын түтүмүнүн иши жана пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жана шаардын көчөлөрүн тазалоо боюнча шаардык муниципалдык департаметинин жетекчисинин маалыматын угуу. 2.Калкты жана аймактарды чукул кырдаалдарда коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жетекчисинин маалыматын угуу. | Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча комиссия.
|
4 | 2018- жыл апрель- май айы | 1.Шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери, билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты боюнча жетекчисинин маалыматын угуу.
| Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
5
| 2018- жыл май- июнь айы | 1.Маданият бөлүмүнүн жетекчисинин (жергиликтүү маанидеги кипеткананын ишин уюштуруу, «Искусство» мектеби жана маданият уйу боюнча ) маалыматын угуу. 2.Көк-Жаңгак шаарынын «Барчын» балдар эс алуу борбору 2018-жылга даярдыгы боюнча арендатор Г.Баймуратованын маалыматын угуу. | Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча туруктуу комиссия Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссия |
6
| 2018- жыл июнь- июль айы
| 1.Даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында өз камсыз кылуу үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү жана ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо жөнүндө аткарган иштери боюнча жетекчисинен маалымат алуу. 3.Шаардык №71 кесиптик лицейдин билим берүү боюнча окуу процесстери жана сапаты боюнча жетекчисинин маалыматын угуу. | Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо маселелер боюнча туруктуу комиссия |
7 | 2018-жыл июль- август айы
| 1.Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018 жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган жумушу боюнча шаардын мэри У.Исмаиловдун маалыматын угуу. 2.Шаардын каржы бөлүмүнүн 2018-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө жетекчисин маалыматын угуу. | Шаардык кеңеш
Тийиштуу туруктуу комиссиялар
|
8 |
2017- жыл август айы |
1.Мектептердин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматын угуу. 2.Шаардык № 71 техникалык кесиптик лицейдин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча жана билим берүүгө түзүлгөн шарттары туралуу жетекчисинин маалыматын угуу. |
Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты, маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия.
|
9 | 2018-жыл сентябрь-октябрь айы | 1.Кышка даярдык боюнча шаардагы бюджеттик ишканалардын жана УЭСтин жетекчилеринин маалыматтарын угуу.
| Экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу жана жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба масселелер боюнча комиссия. |
10 | 2018-жыл ноябрь айы | 1.Депутаттар өздөрүнүн шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүү.
| Депутаттар |
11 | 2018-жыл декабрь айы | 1.Иш-планы боюнча жасалган иштерди жыйынтыктоо.
| Депутаттар |
Жоопту катчысы | У.Карабаева |