Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 239 /31-6
Талас шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджети жана 2017- 2018-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2017-2018-жылдарга болжолдуу планын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 120381,2 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 120381,2 мин сом суммасында бекитилсин.
2.Талас шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3.Талас шаарынын 2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын.( № 2,3 тиркеме тиркелет).
2017-жылга киреше боюнча болжолу 127211,0 мин сом
2018-жылга киреше боюнча болжолу 138617,0 мин сом
4.Талас шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5.Талас шаарынын 2017-2018 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 5,6 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) ошондой эле жергиликтүү бюджеттин карыз милдеттемелери боюнча жүргүзүлсүн.
Чыгашалардын коргоого алынган беренелери шаардык кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо(пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын.Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
8.Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттар боюнча киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар бюджеттик мекемелердин (кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүү киргизүүгө “К.Р бюджеттик укуктардын негизги принциптери мыйзамынын 15-беренесине ылайык шаардык каржы бөлүмү аркылуу (жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын, ал эми бир бөлүмдөн башка бөлүмгө өзгөртүүлөр Талас шаардык кенешинин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлсүн.
9.Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык Кенештин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.
10. Жергиликтүү бюджеттен 2015-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү 2016-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
11.2016-жылдын 1-январына шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
12. “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык шаардык бюджетке 817,8 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн, түзүлгөн резервдик фондусунун 539,7 мин сомун шаардын мэрине жана 278,1 мин сомун шаардык Кенештин төрагасына бөлүштүрүүгө уруксат берилсин.
13.2016-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан-50 пайыз өлчөмүндө;
б).ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдетүү патентөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан,(стратегиялык пайдалуу кендерди кошпогондо роялити) алардын иштетилген жери (жайгашкан жери) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине -50 пайыз өлчөмүндө.
г).төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммаларынан шаардын жергиликтүү бюджетине -50 пайыз өлчөмүндө:
- жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык айыптардын суммасын;
- бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын.
14. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин. 15. Чет-тилдер багытындагы лицей (Момунбеков.С.Ж.) 2016-жыл ичинде толугу менен республикалык бюджеттен каржылоого өткөнгө чейин, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн №4 тиркемесинде лицейге каралган беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
16. Талас шаардык көркөм сүрөт музейине Талас шаардык көркөм сүрөт музейи деген макамы берилип, штаттык бирдиги жана айлык-акылары К.Р. Өкмөтүнүн 31- май 2011-жыл №268 токтомунун негизинде бекитилип, уставы Талас облустук юстиция бөлүмүнөн катоодон өткөнгө чейин Талас шаардык маданият бөлүмү аркылуу жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн №4 тиркемесинде музейге каралган беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
17.Талас шаардык кенешинин 9- декабрь 2014 -жылынын № 143-17-6 токтомунун негизинде ачылган Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун штаттык бирдиги жана айлык акылары №7тиркемеге ылайык түзүлүп жана аларды кармоо жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн № 4 тиркемесинде көрсөтүлгөн беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
18. Кыргыз Республикасынын 20 - февраль 2013-жылдагы №25 мыйзамынын негизинде жергиликтүү салык бөлүмүнүн укуктары көбөйгөндүгүнө байланыштуу алардын штаттык бирдиги жана айлык акылары №8 тиркемеге ылайык бекитилип , Талас шаардык мамлекеттик салык башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн № 4 тиркемесинде көрсөтүлгөн беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
19.Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигине шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо үчүн 12 штаттык жумушчу орун ачылып, айлык акылары мурда сессияда бекитилген штаттык бирдигинде көрсөтүлгөн өлчөмүндө белгиленсин.
20. Талас шаардык музыкалык мектептин каржылоосу толугу менен республикалык бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу Бердике баатыр көчөсүндөгү №295 имаратын Талас шаардык маданият үйүнүн балансына оперативдик башкарууга келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин. Талас шаардык маданият үйүнүн штаттык бирдиги К.Р. Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31- январь №66 токтомунун негизинде кармалсын жана фольклордук оркестри ачылганына байланыштуу Талас шаардык маданият бөлүмүнүн статусун жана уставын Талас облустук юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүлүп, фольклордук оркестрдин штаттык бирдиги, айлык-акылары №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. Талас шаардык каржы бөлүмүнө (Ж.Ниязалиев) шаардык жергиликтүү бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
22. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төагасына (Мамбетов.Р.М.) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |
| Депутаттардын Талас шаардык Кенешинин №239/31-6 Токтому менен бекитилди. А.Джузупбеков |
№ | Кызматтын аталышы | Саны | Кызматтык оклад | Бир айлык акы | Бир жылдык айлык акы |
1. | Директор | 1,0 | 7950 | 7950 | 95400 |
2. | Психолог | 0,5 | 7500 | 3750 | 45000 |
3. | Тарбиячы | 0,5 | 5100 | 2550 | 30600 |
4. | Юрист | 0,5 | 7500 | 3750 | 45000 |
5. | Бухгалтер | 0,5 | 6000 | 3000 | 36000 |
6. | Техничка | 0,5 | 2500 | 1250 | 15000 |
| Баардыгы: | 4,5 |
| 22250 | 267000 |
| Тиркеме №__8___ Депутаттардын Талас шаардык Кенешинин №239/31-6 Токтому менен бекитилди. А.Джузупбеков |
№ | Кызматтын аталышы | Саны | Кызматтык оклад | Бир айлык акы | Бир жылдык айлык акы |
1. | Болум башчысы | 1,0 | 12500 | 12500 | 150000 |
2. | Инспектор | 1,0 | 9500 | 9500 | 114000 |
3. | Инспектор | 1,0 | 9500 | 9500 | 114000 |
4. | Инспектор | 1.0 | 9500 | 9500 | 114000 |
5. | Инспектор | 1.0 | 9500 | 9500 | 114000 |
6. | Инспектор | 1.0 | 9500 | 9500 | 114000 |
7 | Инспектор | 1.0 | 9500 | 9500 | 114000 |
| Баардыгы: | 7 |
| 69500 | 834000 |
| Тиркеме №__9___ Депутаттардын Талас шаардык Кенешинин №239/31-6 Токтому менен бекитилди. А.Джузупбеков |
№ | Кызматтын аталышы | Штаттык бирдиги | Кызматтык оклад | Выслуга лет | Бир айлык акы | Бир жылдык айлык акы | |
% |
| ||||||
1. | Дирижер | 0,5 | 5000 |
|
| 2500 | 30000 |
2. | Комузчу | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
3. | Контробасчы | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
4. | Фортопианист | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
5. | Кыл кыякчы | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
6. | Комузчу | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
7 | Бас комузчу | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
8 | Комузчу | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
9 | Кыл кыякчы | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
10 | Солист | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
11 | Комузчу | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
12 | Сыбызгычы | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
13 | Солист | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
14 | Барабанчы | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
15 | Солист | 0,5 | 4800 |
|
| 2400 | 28800 |
16 | Муз.асп.ондоочу куулоочу | 0,5 | 4000 |
|
| 2000 | 24000 |
| Баардыгы: |
|
|
| 38100 | 457200 | |