Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 011-жылдын 25-мартындагы № 266-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-февралы № 1691-IV
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолор
жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу)" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.В.Летова тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова), ошондой эле Коргоо, коопсуздук, укук тартиби, сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети (Р.Б.Тагаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | К. Исабеков
|