Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658, 2015-жылдын 2-марты № 89, 2015-жылдын 7-декабры № 839, 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жумуштардын натыйжаларын таануу эрежелерине ылайык ушул ченөө каражаттарынын типтерин бекитүү өз ара таанылган, ЕАЭБнин аймагында жүргүзүлгөн ченөө каражаттарын текшерүү Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ченөө каражаттарын текшерүү - эксперименттин негизинде аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөргө ылайык ченөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун белгилөө жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же өндүрүүчү-заводдун коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастоо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-марты № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ченөө каражаттарын баштапкы текшерүү - ченөө каражаттарын өндүрүштөн чыгарууда же оңдогондон кийин, ошондой эле ченөө каражаттарын партиялар менен импорт боюнча алып келүүдө жана сатууда аткарылуучу текшерүү.
3. Ченөө каражаттарын мезгилдүү текшерүү - белгиленген текшерүүлөр ортосундагы убакыт аралыгында аткарылуучу эксплуатациялоодо же сактоодо турган ченөө каражаттарын текшерүү.
4. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ченөө каражаттары баштапкы, мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш, аларды метрология боюнча улуттук орган, ошондой эле ушул жобого ылайык ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан укук берилген юридикалык жактар жүргүзөт.
5. Текшерүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте текшерүүчүлөр катары аттестацияланган, атайын окутулган адистер жүргүзөт.
6. Белгиленген тартипте бекитилген, текшерилүүгө тийиштүү ченөө каражаттарынын тизмесине жана ченөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүнө киргизилген ченөө каражаттары текшерилүүгө тийиш.
7. Өндүрүштөн чыгарууда жана оңдоодо, ошондой эле импорт боюнча алып келүүдө бекитилген типтердеги ченөө каражаттары баштапкы текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
8. Белгиленген тартипте бекитилген, текшерилүүгө тийиш болгон ченөө каражаттарынын тизмесине жана анын мезгилдүүлүгүнө ылайык белгиленген текшерүү ортосундагы аралык мезгил аркылуу эксплуатацияда турган ченөө каражаттары мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
8.1. Метрология боюнча улуттук орган мезгилдүү текшерүүлөрдүн натыйжаларын эсепке алууга жана аларды колдонуунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен текшерүүлөрдүн ортосундагы аралыкты оңдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабры № 839 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Окутуу максаттарында гана колдонулуучу ченөө каражаттары текшерилүүгө жатпайт, аларга «У» белгиси коюлууга тийиш. Алардын эксплуатациялык документтеринде тиешелүү белги көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)
9-1. "Сыноо жана калибрлөө лабораторияларында метрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ченөө каражаттары калибрленет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 658, 2015-жылдын 2-марты № 89 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Ченөө каражаттарына текшерүү төмөнкүлөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн:
а) стационардык жана көчмө текшерүү лабораторияларында;
б) текшерүүчүлөрдү ишканага жиберүү аркылуу ченөө каражаттарын пайдалануучунун түздөн-түз аймагында;
в) ченөө каражаттарын даярдоочу жана оңдоочу ишканалардын контролдук-текшерүү пункттарында.
11. Эгер текшерилүүчү ченөө каражаттарынын конструкциясы же көлөмү ташууга мүмкүндүк бербесе, текшерүү ченөө каражаттары жайгашкан жерде жүргүзүлөт.
12. Ченөө каражаттарын мезгилдүү текшерүү текшерүүнүн макулдашылган графигинде белгиленген календардык мөөнөттөрдө жүргүзүлөт, ал эки нускада түзүлүп, ошол жылдын 1-октябрынан 15-ноябрына чейин метрология боюнча улуттук органга же ченөө бирдиктерин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ченөө каражаттарын текшерүү жүргүзүүгө укук берген юридикалык жакка берилет.
Текшерүү графигин оңдоо текшерүү ортосундагы аралыкты эске алуу менен тараптардын макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
13. Ченөө каражаттарын текшерүүгө ченемдик жана техникалык документтерге ылайык даярдалган эксплуатациялык документтер жана текшерүүнүн методикасы (зарылдыгына жараша), акыркы текшерүү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле зарыл болгон комплектөөчү түзүлүштөр менен бирге берилүүгө тийиш.
14. Текшерүү графигине ылайык берилген шартта ченөө каражаттарын стационардык текшерүү лабораторияларында болуу убакыты текшерүүнүн узактыгы бул мөөнөттөн ашып кеткен ченөө каражаттарын кошпогондо 10 жумушчу күнүнөн ашпоого тийиш.
14.1. Ченөө каражаттарын текшерүүдө:
- текшерүү методикасында көрсөтүлгөн текшерүү жол-жоболору аткарылат;
- ченөө натыйжалары жазылат, текшерүү методикасында каралган форма боюнча текшерүү протоколу таризделет жана арыз ээсинин талабы боюнча протоколдун көчүрмөсү берилет;
- ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктары ушул Жобонун 18 же 22-пункттарына ылайык таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ченөө каражаттары алар даярдалган, оңдолгон же эксплуатацияланган жерлерде текшерүүдө ишканалар төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) метрология боюнча улуттук органга же ченөө бирдиктерин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ченөө каражаттарын текшерүүгө укук берген юридикалык жакка таандык эталондорду жана көмөкчү каражаттарды зарыл учурда текшерүү ордуна жеткирүүгө жана кайра алып келүүнү жүргүзүүгө;
б) текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жайларды жана кызматкерлерди берүүгө.
16. Ченөө каражаттарын өндүрүштөн чыгаруучу же оңдоочу, ошондой эле эксплуатациялоочу чарба субъекттери аларды даярдаган, оңдогон же эксплуатациялаган жерлерде текшерүү үчүн стационардык текшерүү жабдуулары жана стационардык эталондор талап кылынса тиешелүү жабдууларга жана эталондорго ээ болууга, аларды акы төлөө негизинде текшерүү жүргүзгөн метрология боюнча улуттук органдын же ченөө бирдиктерин камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ченөө каражаттарын текшерүүгө укук берген юридикалык жактын карамагына берүүгө тийиш.
17. Эгерде ченөө каражаттары өздөрүнүн техникалык мүнөздөмөлөрүнүн тар диапазонунда колдонулса жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча ченөө каражаттарын көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөр боюнча гана текшерүүгө жол берилет. Мындай учурларда ченөө каражаттары жана текшерүү жөнүндө күбөлүккө аларды колдонуу өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү жазуу же шарттуу белги коюлат.
18. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн оң натыйжалары текшерүү эн тамгасынын оттиски менен же ушул жобонун 1-2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча текшерүү (зарыл болгондо) жөнүндө күбөлүк менен тастыкталат.
19. Текшерүү эн тамгасынын оттиски ченөө каражаттарына коюлат жана (же) пломбага жана (же) эксплуатациялык документке түшүрүлөт.
20. Эгер ченөө каражаттарынын конструкциясы текшерүү эн тамгаларынын оттискин түшүрүүгө мүмкүндүк бербесе, текшерүүчү ченөө каражаттарына текшерүү жөнүндө күбөлүк гана бере алат.
21. Зарыл учурларда жасалма ишеним эн тамгаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу үчүн идентификациялык номери бар пломбаны бирге коюуга уруксат берилет.
22. Эгерде ченөө каражаттарын текшерүүнүн натыйжасында ченөө каражаттары колдонууга жараксыз деп табылса, ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ченөө каражаттарынын жараксыздыгы жөнүндө маалымкат берилет жана текшерүү эн тамгасынын оттиски өчүрүлөт.
23. Эгерде текшерүү эн тамгасынын оттиски же пломба бузулса же текшерүү жөнүндө күбөлүк жоголсо ченөө каражаттары колдонууга жараксыз деп эсептелет.
24. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мамлекеттер аралык келишимдер (макулдашуулар) болсо башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары таанылышы мүмкүн.
25. Метрология боюнча улуттук орган тарабынан текшерүүнүн бардык түрү метрологиялык жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген тарифтер боюнча алдын ала акы төлөө шартында жүргүзүлөт.
26. Ченөө каражаттарын текшерүүгө ченөө каражаттарынын бирдейлигин камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук алган юридикалык жак жүргүзгөн ушундай эле иштерге акы келишимдик шарттарда төлөнөт.
27. Жеке жана юридикалык жактар бул Жобону бузушса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
28. Эгер карама-каршылыктар (талаш-тартыштар) келип чыкса жеке жана юридикалык жактар белгиленген тартипте жогорку уюмга же сотко кайрылууга укуктуу.
| Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
┌───────────────┐
│ Кыргыз │
│Республикасынын│
│ Герби │
└───────────────┘
___________________________________________________________
(метрологиялык кызмат органынын аталышы/
наименование органа метрологической службы)
Чейин жарактуу
"__" _________ ____ ж./г.
Срок действия до
__________________________________________________________
(ченөө каражаттарынын аталышы/
наименование средства измерения)
Тиби/Тип ________________________________ № ______________________
Ченөөнүн чектери/Пределы измерений: ______________________________
Таандык/Принадлежит: _____________________________________________
Жасалган/Изготовлено: ____________________________________________
Ченөө каражатын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде: ______________ классы боюнча колдонууга жарактуу деп табылат/На основании результатов поверки средство измерений признается годным к применению по классу: __ _______________________________________________________________________
Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/
Место оттиска поверительного клейма
Текшерүүчү/Поверитель ______________ ____________________________
(колу/подпись) (аты, фамилиясы/
инициалы, фамилия)
"__" _______ ____ ж./г.
| Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
┌───────────────┐
│ Кыргыз │
│Республикасынын│
│ Герби │
└───────────────┘
_____________________________________________________________
(метрологиялык кызмат органынын аталышы/
наименование органа метрологической службы)
ЖУМУШЧУ ЭТАЛОНДУ ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ
KҮБӨЛҮК №
СВИДЕТЕЛЬСТВО №
О ПОВЕРКЕ РАБОЧЕГО ЭТАЛОНА
Чейин жарактуу/Срок действия до
"__" _________ ____ ж./г.
__________________________________________________________
(эталондун аталышы/наименование эталона)
Тиби/Тип _____________________________ № _________________________
Жасалган/Изготовлен: _____________________________________________
(жасоочу-ишкана жана жасалган күнү/
предприятие-изготовитель и дата изготовления)
Таандык/Принадлежит: _____________________________________________
Эталондордун жардамы менен текшерилген:/Поверен с помощью эталонов: __________________________________________________________________
(эталондордун каталыгы, разряды, тиби жана аталышы/
наименование и тип, разряд, погрешность эталонов)
_______________________________________________________________________
(текшерилген күнү, күбөлүктүн №/дата поверки, № свидетельства)
Текшерүү жүргүзүүнүн шарты/Условия проведения поверки: ___________ _______________________________________________________________________
(температура, атмосфералык басым, нымдуулук ж.б./
температура, атмосферное давление, влажность и др.)
Текшерүү жыйынтыктарынын негизинде (протокол № ____ "__" _________ ___ ж./г.) жумушчу эталонун колдонууга жарактуу деп табылат жана колдонууга уруксаат берилет./На основании результатов поверки рабочий эталон признается годным и допускается к применению согласно: ____________ _______________________________________________________________________
(метрологиялык мүнөздөмөлөргө болгон талаптарды камтыган
документтин аталышы/название документа, содержащего требования
к метрологическим характеристикам)
_______________________________________________________________________
(метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн мааниси/
значения метрологических характеристик)
Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/
Место оттиска поверительного клейма
Өндүрүштүк жетекчи/
Руководитель подразделения ______________ ______________________
(колу/подпись) (аты, фамилиясы/
инициалы, фамилия)
Текшерүүчү/Поверитель ______________ ______________________
(колу/подпись) (аты, фамилиясы/
инициалы, фамилия)
"__" _______ ____ ж./г.
| Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
┌───────────────┐
│ Кыргыз │
│Республикасынын│
│ Герби │
└───────────────┘
___________________________________________________________
(метрологиялык кызмат органынын аталышы/
наименование органа метрологической службы)
ЖАРАКСЫЗДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ
СПРАВКА №
О НЕПРИГОДНОСТИ
__________________________________________________________
(жумушчу эталондун (ченөө каражатынын) аталышы/
наименование рабочего эталона (средства измерения)
Тиби/Тип ______________________________ Зав. № ___________________
Таандык/Принадлежит: _____________________________________________
Жасалган/Изготовлен: _____________________________________________
Жумушчу эталонун (ченөө каражатын) текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде пайдаланууга жараксыздыгы таанылат жана өтүүдөн алып ташталат./ На основании результатов поверки рабочего эталона (средства измерения) признается непригодным к применению и подлежит изъятию из обращения.
Жараксыздыгынын себеби/Причина непригодности: ____________________ _______________________________________________________________________
Рекомендация: ____________________________________________________
Текшерүүдөгү тамга салуу оттискасынын орду/
Место оттиска поверительного клейма
Өндүрүштүк жетекчи/
Руководитель подразделения ______________ ______________________
(колу/подпись) (аты, фамилиясы/
инициалы, фамилия)
Текшерүүчү/Поверитель ______________ ______________________
(колу/подпись) (аты, фамилиясы/
инициалы, фамилия)
"__" _______ ____ ж./г.