Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-марты № 1717-IV
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы республикалык
бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 15-майындагы № 291 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетсин;
- контролдук иш-чаралардын натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатып, ошондой эле кызмат адамдарынын бюджет жана бюджеттен тышкаркы фонддор жөнүндө мыйзамдардын, салык жана бажы мыйзамдарынын талаптарын бузгандык жана контролдоочу органдардын талап каттарын аткарбагандык үчүн жоопкерчилигинин чараларын күчөтсүн;
- көрүлгөн чаралардын натыйжалары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине 2010-жылдын 15-майына карата берсин.
3. Мамлекеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун талдоону, бюджеттин резервдерин мүмкүн болуучу көбөйүшүнө жана алардын министрликтер менен ведомстволор тарабынан чыгымдалышынын негиздүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүүгө багытталган ишти күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аларга берилген материалдар боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты 2010-жылдын майынын ичинде берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова
|