Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-ноябры № 1498-IV
Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралу
Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык байланышын андан ары өнүктүрүүнүн зарылчылыгын таанып, ошондой эле парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чоң маани берип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобо бекитилсин.
2. 2008-жылдын 14-февралындагы № 177-IV "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 177-IV токтому менен бекитилген чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун курамдарын кайра бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине (Исанова М.Н.) тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев
|