Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген |
Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө ЖОБО
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 2978-V, 2016-жылдын 29-июну № 828-VI токтомунун редакциясына ылайык)
Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тараптарынын (мындан ары - парламенттер аралык комиссиялар) чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топторунун (мындан ары - достук топтору) менен Жогорку Кеңештин парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегацияларынын (мындан ары - туруктуу делегациялар) негизги милдеттери, функциялары, аларды түзүүнүн тартиби жана иши ушул Жобо менен регламенттелет.
Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу делегациялар Жогорку Кеңештин парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү менен Кыргыз Республикасынын жана анын парламентинин - Жогорку Кеңештин эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу максатында эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара мамилелердин негизинде түзүлөт.
Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу комиссиялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык келишимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, тиешелүү парламенттер аралык, эл аралык уюмдар менен комиссиялардын уставдык документтерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1. Жалпы жоболор
1.1. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу делегациялар төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу үчүн түзүлөт:
- Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын ортосунда өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү;
- эки тараптуу жана көп тараптуу негизде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгынын социалдык-саясий, соода-экономикалык, маданий жана башка багыттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- парламенттер аралык байланыштарды түзүү жана кеңейтүү;
- мыйзам чыгаруу ишинин жана парламенттик иштин тажрыйбасын алмашуу;
- эл аралык кызматташтыктын жаңы түрлөрүн жана багыттарын иштеп чыгуу;
- чектеш мамлекеттердин аймактары менен байланыш түзүү жана кеңейтүү;
- эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын алгалатуу максатында чет мамлекеттердин парламентчилери менен байланыштарды түзүү;
- парламенттердин ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты уюштуруу жана координациялоо;
- мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасына талдоо жүргүзүү, аларды андан ары өркүндөтүү жана бардык мамлекеттер үчүн өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- эл аралык жана парламенттер аралык маселелер боюнча Жогорку Кеңештин сунуштарын даярдоо;
- саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттарда мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун чечүүчү проблемалары боюнча Жогорку Кеңештин көз карашын иштеп чыгуу;
- улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу, ратификациялык процесстерди жарыш жүргүзүү боюнча ишти координациялоого көмөк көрсөтүү, байланыштарды түзүү жана парламенттин күнүмдүк мыйзам чыгаруу ишинин маселелери боюнча маалымат алмашуу;
- парламенттердин комитеттери менен комиссияларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- моделдик мыйзам актыларын иштеп чыгууга, ошондой эле өз ара кызыгууну пайда кылган проблемаларды талкуулоого катышуу.
1.2. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу делегациялар өз милдеттерин чечүү үчүн Жогорку Кеңештин комитеттери, аткаруу бийлик органдары, өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка ведомстволор жана уюмдар менен өз ара аракеттенет.
1.3. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттер аралык комиссиянын же туруктуу делегациянын курамына кирүүгө укуктуу.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 828-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу комиссиялардын курамдарын түзүү
2.1. Парламенттер аралык комиссиялардын курамдарын түзүүнүн тартиби
Парламенттер аралык комиссиялардын курамдарына Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлигин көрсөтүү башка мамлекеттердин парламенттеринин өкүлчүлүгүнүн теңтайлаштык принцибин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Парламенттер аралык комиссиянын курамынын долбоору эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон Жогорку Кеңештин комитети тарабынан түзүлөт жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
(4-абзац КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 828-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Парламенттер аралык комиссиянын курамына теңтөрага, теңтөраганын орун басары жана комиссиянын мүчөлөрү кирет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 2978-V, 2016-жылдын 29-июнундагы № 828-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Достук топторунун курамдарын түзүүнүн тартиби
Достук тобунун курамынын долбоору эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон Жогорку Кеңештин комитети тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен депутаттардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча түзүлөт жана комитеттин чечими менен бекитилет.
Жогорку Кеңештин депутаты бир эле мезгилде бештен ашпаган достук топторунун курамына кирүүгө укуктуу.
Достук тобунун курамына анын жетекчиси, жетекчисинин орун басары жана топтун мүчөлөрү кирет.
Достук тобунун жетекчиси жана жетекчисинин орун басары топтун жыйналышында топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Бир эле депутаттын бирден ашык достук топко жетекчи болуп шайланууга укугу жок. Достук тобунун жетекчиси башка достук топторунун жетекчисинин орун басары болуп шайланууга укугу жок.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 2978-V, 2016-жылдын 29-июнундагы № 828-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Туруктуу делегациялардын курамдарын түзүүнүн тартиби
Туруктуу делегациянын курамынын долбоору эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон Жогорку Кеңештин комитети тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
Туруктуу делегациялардын катышуучуларынын - мүчөлөрүнүн саны тиешелүү эл аралык жана парламенттер аралык уюмдардын уставдык документтерине ылайык аныкталат жана Жогорку Кеңештин Төрагасы менен макулдашылат.
Туруктуу делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаты эл аралык же парламенттер аралык уюмдун бир гана туруктуу комиссиясына гана мүчө болушу мүмкүн.
Туруктуу делегациянын курамына анын жетекчиси, жетекчисинин орун басары жана мүчөлөрү кирет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 2978-V, 2016-жылдын 29-июнундагы № 828-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген парламенттер аралык комиссиялардын жана туруктуу делегациялардын курамдары парламенттин иштеп жаткан чакырылышынын мөөнөтү бүткөнгө чейин өз статусун сактап калат. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун же туруктуу делегациялардын мүчөлөрүн алмаштыруу алардын комиссиянын, достук тобунун же туруктуу делегациянын курамынан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынан кийин гана же депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу себеби боюнча мүмкүн болот.
2.5. Талапкерлиги парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын курамдарына сунушталган Жогорку Кеңештин депутаттары өз талапкерлигин алып коюу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Өз талапкерлигин алып коюу жөнүндө билдирүүсү талкуулоосуз жана добуш берүүсүз кабыл алынат.
3. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын ишин уюштуруу
3.1. Парламенттер аралык комиссиянын ишин уюштуруу
Парламенттер аралык комиссиянын негизги иши жыйналыштар жана консультациялар түрүндө жүзөгө ашырылат.
Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын жыйналыштары жылына кеминде эки жолу өткөрүлөт жана эгерде аларга мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
Парламенттер аралык комиссиянын жалпы жыйналыштарынын (жолугушууларынын) алдында аталган комиссиянын кыргыз тарабынын жыйналыштары милдеттүү тартипте өткөрүлөт.
Парламенттер аралык комиссиянын чечимдери анын курамына кирген депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү макул болгондо сунуштамалар түрүндө кабыл алынат.
Парламенттер аралык комиссиянын жалпы жыйналышына (жолугушуусуна) киргизилүүчү документтер менен материалдардын долбоорлору ал комиссиянын кыргыз тарабында милдеттүү тартипте талкууланат.
Парламенттер аралык комиссиянын ишин уюштурууну тиешелүү парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы жүзөгө ашырат.
Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы төмөнкү милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
- тиешелүү парламенттер аралык комиссиянын жыйналыштарына (жолугушууларына) карата документтерди жана материалдарды даярдоону;
- парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын талкууга киргизилген маселелер боюнча жалпы макулдашылган көз карашын иштеп чыгууну;
- тиешелүү парламенттер аралык комиссиянын чечимдеринин жана парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын сунуштамаларынын аткарылышын уюштурууну;
- тиешелүү парламенттер аралык комиссиянын иш-пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларды эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон Жогорку Кеңештин комитетинин алдын ала кароосуна киргизүүнү;
- Жогорку Кеңештин комитеттери менен комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга байланышкан жана парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө тиешелүү макулдашууларда каралган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер менен кызматташуу боюнча тиешелүү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерине катышууну.
Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасынын орун басары ал жокто теңтөраганын ордунда иштейт жана өздөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарат.
Парламенттер аралык комиссиянын күнүмдүк ишин камсыз кылуу үчүн ар бир тараптан жооптуу катчылар дайындалат.
Парламенттер аралык комиссиянын жооптуу катчысын Аппараттын кызматкерлеринин ичинен дайындоо тиешелүү парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасынын сунушу боюнча жүргүзүлөт жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин тескемеси менен жол-жоболоштурулат.
Парламенттер аралык комиссиянын жыйналыштарынын (жолугушууларынын) документтери жана материалдары Жогорку Кеңештин депутаттарына милдеттүү түрдө маалымдалат, маалыматтык басылмаларда жана Жогорку Кеңештин интернет-сайтына жарыяланат.
3.2. Достук топторунун ишин уюштуруу
Достук тобунун жыйналыштары жылына кеминде эки жолу чакырылат жана эгерде аларга мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Жыйналышка достук тобунун жетекчиси же жетекчисинин орун басары төрагалык кылат.
Достук тобунун жетекчиси төмөнкү милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
- топтун ишине жалпы жетекчиликти;
- жыйналыштарды алып барууну;
- чет өлкөлүк мамлекеттердин парламенттери, эл аралык жана парламенттер аралык уюмдар менен кызматташтыктын негизги багыттарын аныктоону;
- ишти пландаштырууну;
- чет өлкөлүк мамлекеттердин парламенттеринин өзүндөй органдарынын төрагалары менен өз ара аракеттенүүнү;
- тиешелүү өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү, тиешелүү эл аралык жана парламенттер аралык уюмдардын өкүлү, ошондой эле тиешелүү өлкөнүн дипломаттык өкүлчүлүгү менен жумушчу байланыштарды түзүүнү;
- чет өлкөлөрдөгү достук топтору менен мамилелерди түзүүнү жана колдоп турууну;
- Жогорку Кеңештин жетекчилигинин суроо-талабы боюнча достук тобунун иши жөнүндө отчет берүүнү, ошондой эле кезектеги жылга парламенттер аралык кызматташтыктын программасына сунуштарды киргизүүнү;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну.
Достук тобунун жетекчисинин орун басары жетекчи жокто анын ордунда иштейт жана өздөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык өзүнө жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
Достук тобунун мүчөсү:
- достук тобунун компетенциясына таандык кылынган маселелерди кароого катышат;
- парламенттер аралык ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттик кызыкчылыктардын сакталышын камсыз кылат;
- достук тобунун ишине тиешелүү маселелер боюнча анын жетекчисинин тапшырмаларын аткарат;
- тиешелүү өлкө, эл аралык жана парламенттер аралык уюмдар менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө тиешелүү маселелер боюнча семинарларды, жыйналыштарды, "тегерек столдорду", маданият күндөрүн өткөрүүгө катышат.
3.3. Туруктуу делегациялардын ишин уюштуруу
Туруктуу делегациялардын жыйналыштары зарылчылыгына жараша чакырылат. Жыйналыштарда туруктуу делегациялардын жетекчилери же жетекчилердин орун басарлары төрагалык кылат.
Туруктуу делегациялардын чечимдери сунуштамалар түрүндө кабыл алынат.
Эл аралык жана парламенттер аралык уюмдардын пленардык жыйналышына Жогорку Кеңештин атынан киргизүү болжолдонгон документтер менен материалдардын долбоорлору эл аралык жана парламенттер аралык уюмдардын органдарда кароо башталганга чейин делегация тарабынан милдеттүү тартипте талкууланат.
Туруктуу делегациянын жетекчиси төмөнкү милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
- документтерди жана материалдарды эл аралык жана парламенттер аралык уюмдар менен алардын органдарынын жыйналыштарына карата даярдоону;
- эл аралык жана парламенттер аралык уюмдар менен алардын органдарынын жыйналыштарына карата даярдалган документтерди жана материалдарды парламенттик делегациянын талкуулоосуна киргизүүнү;
- талкуулоосуна киргизилүүчү маселелер боюнча парламенттик делегациянын жалпы макулдашылган көз карашын иштеп чыгууну;
- эл аралык жана парламенттер аралык уюмдардын жыйналыштарынын жүрүшүндө жетишилген чечимдер менен келишүүлөрдү ишке ашырууга багытталган милдеттерди аткаруу боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана комиссияларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну;
- моделдик мыйзам актыларын иштеп чыгуу боюнча Жогорку Кеңештин туруктуу делегациялары менен комитеттери башчылык кылган ишти координациялоону;
- Жогорку Кеңештин комитеттери жана комиссиялары менен биргелешип чет мамлекеттердин парламентчилеринин катышуусунда жолугушууларды жана конференцияларды, эл аралык жана парламенттер аралык уюмдарда кыргыз тарабынын милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан башка иш-чараларды өткөрүүнү.
4. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын ишин камсыз кылуу жана каржылоо
4.1. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын ишин талдоочулук, маалыматтык, уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүкчөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
4.2. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу делегациялар тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына жүктөлөт.
5. Отчеттуулук
5.1. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын ишинин натыйжалары, жыйналыштардын жүрүшүндө жетишилген чечимдери жана келишүүлөр эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон Жогорку Кеңештин комитетинин жыйналыштарында каралат жана зарыл болсо Жогорку Кеңештин талкуулоосуна киргизилет.
5.2. Парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын жетекчилери (теңтөрагалары) Жогорку Кеңештин Төрагасына жана эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон Жогорку Кеңештин комитетине өз иштеринин натыйжалары жөнүндө жылына кеминде бир жолу отчет берет.
5.3. Парламенттер аралык комиссиянын, достук тобунун жана туруктуу делегациянын жетекчисинин отчету эл аралык кызматташтык маселелери карамагында болгон комитет тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылган учурда ал парламенттер аралык комиссиянын, достук тобунун жана туруктуу делегациянын жетекчисин чакыртып алуу жөнүндө сунуш киргизет.
6. Өтмө жобо
6.1. Ушул Жобо бекитилгенге чейин түзүлгөн парламенттер аралык комиссиялардын, достук топторунун жана туруктуу делегациялардын курамдары өз статусун жана курамын сактап калат.