Загрузка документа…
Талас шаардык кенешинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы № 148/25-7 токтомуна ылайык
Күчүн жоготту
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI-чакырылыштагы кезектеги XXXI сессиясы
2016-жылдын 23-марты № 259/31-6
Талас шаардык Аймактык өз алдынча башкаруусу мекемесинин кызмат көрсөтүү боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 22.03.2016-жылдагы №01-1/375 сандуу катынын негизинде Талас шаардык Аймактык өз алдынча башкаруусу мекемесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү тарабынан макулдашылган тарифин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Аймактык өз алдынча башкаруусунун (К.Молдогазиев) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү тарабынан макулдашылган калкка кызмат көрсөтүү боюнча тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов)тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |