Редакцияот 04.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы

2018-жылдын 14-ноябры № 148/25-7

“Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14-пункту, Талас шаардык кенешинин 20.04.2018-жылдагы №23/6-7 сандуу токтому, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 17.10.2018-жылдагы №01-4/1485 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу жана натыйжасын арттыруу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 23.03.2016-жылдагы №259/31-6 сандуу “Талас шаардык Аймактык өз алдынча башкаруусу мекемесинин кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

2.    Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын төмөндөгү белгиленген тарифтери бекитилсин.

-Талас шаарынын жеке турак-жайынан, көп кабаттуу турак жайлардын аймагынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес мекеме уюм, ишканалардан, соода түйүндөрүнөн чыккан турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда 1 м.куб таштандынын жылдык наркы 220 сомго, турак жайлардын жашоочуларына жан башына 22 сомго;

-Көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап тартипке келтирүү үчүн ар бир батирдин төлөмүн 40 сомго;

3. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы(Э.Аскаров) тарабынан Талас шаарынын калкына кызмат көрсөтүү боюнча бекитилген тарифтер жөнүндө түшүндүрүү жана маалымдоо жумуштары жүргүзүлсүн.

4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Есенкулов