ТоктомКүчүндө

Жаны-Жер айылдык кенишинин 2017- жылдын 23-октябрындагы № 10-27/1 «Таза айыл таза суу муниципалдык ишканасы жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ №10-27/1

27 чакырлыштын 12 сессиясы

 

2017- жылдын 23-октябры № 10-27/1

 « Таза айыл таза суу муниципалдык ишканасы жөнүндө»

 Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысынын « Таза айыл таза суу» муниципалдык ишканасын ачууга жана ал ишканага мамлекеттик күбөлүк алууга болгон маалыматын угуп жана талкуулап

Жаны-Жер айылдык кенишинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Элди үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу үчүн ИСКЕНБ «Шамшыбек» ишканасынан « Таза айыл таза суу» муниципалдык ишканасына №1,2, 3, 4 скважиналарын жана алардын оңдоо, тейлөө фунциялары өткөрүлүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын каржы бөлүмүнүн башчысы А.Байматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Бердигулов А.М.