ТоктомКүчүндө

Арашан айылдык кеңешинин 2017- жылдын 9- августу № 28 «Арашан айылындагы кайрадан түзүлгөн көчөлөргө ат берүү, жана «Саадатбек уулу Сатыбек» көчөсүн «Чынгыш баатыр» көчөсүнө өзгөртүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017- жылдын 9- августу № 28

« Арашан айылындагы кайрадан түзүлгөн көчөлөргө ат берүү, жана “Саадатбек уулу Сатыбек” көчөсүн “Чынгыш баатыр” көчөсүнө өзгөртүү жөнүндө»

« Арашан айылындагы кайрадан түзүлгөн көчөлөргө ат берүү, жана “Саадатбек уулу Сатыбек” көчөсүн “Чынгыш баатыр” көчөсүнө өзгөртүү» боюнча Арашан айыл аймагынын башчысы Н.Адашпасовдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Арашан айылдык кеңеши :

Токтом кылат:

Арашан айылындагы кайрадан түзүлгөн көчөлөргө төмөндөгүдөй аталыштар ыйгарылсын:

Кыдыралы уулу Курман.

Атакулова Курманбубу.

Байчечекей.

Чункурчак.

Узункыр.

Каракыя.

Ибраим Ата.

“Саадатбек уулу Сатыбек” көчөсүн “Чынгыш баатыр” көчөсүнө аты которулсун.

“Саадатбек уулу Сатыбек” көчөсүн андан ары узартуу “Молдобек ” көчөсүнө чеййин.

Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Керимбеков