Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели N 22
Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 116, 2018-жылдын 19-мартындагы № 60, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 167, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 91, 2025-жылдын 7-октябрында № 57, 2026-жылдын 31-мартындагы № 88 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаарындагы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо, географиялык объекттерди кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун негизинде, Бишкек шаарынын азыркы тарыхый аттарынын маани берүү жана мезгил менен текшерүү зарылчылыгын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарын, бульварларын, көчөлөрүн жана туюк көчөлөрүн кайра атоого, жыйырма жылга мораторий жарыялансын, төмөндө көрсөтүлгөн кайра аталыштарды кошпогондо:
1) каралгандар:
Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 “Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакты атоо жөнүндө” токтому;
2) “Пригородный 30 га” конушу жана ушул конуштагы көчөлөр, Арча-Бешик конушундагы №6 көчө, административдик аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган көчөлөр;
3) 1-18-тиркемелерге ылайык көчөлөр.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрында № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1-18 тиркемелерди караңыздар:
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 88 "Бишкек шаардык кеңешинин "Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
2. Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында көрүнүктүү ишмерлердин аттары жаңы түзүлгөн же аты жок географиялык объекттерге гана ыйгарылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин;
б) Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо жана аталыштары жөнүндө маселелерди кароодо Бишкек шаардык кеңешке көчөлөрдү, проспекттерди, аллеяларды, гүл бакчаларды, аянттарды, саябандарды жана сейил бактарды кайра атоо үчүн керектүү чыгымдардын эсебин, ошондой эле калкты маалымдоо жана сурап билүү жөнүндө маалыматтарды берсин;
в) 2013-жылдын 1-майына чейин бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В.М.Лисниченко) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Аманкулов |