Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVI сессия
2019-жылдын 30-майы № 4
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.05.2019-жылдагы чыг.№04-09/1325-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын башкы планынын концепциясы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына КРнын мыйзамдарынын негизинде бекитилген концепциянын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
30-май 2019-жылдагы кезектеги
XVI сессиясынын 4-токтомуна
1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын Концепциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институту тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү адистер менен биргеликте шаардын шаар куруу өнүгүүсү боюнча көйгөйлөрдү талкулоо боюнча бир нече биргелешкен талкуулоолор өткөрүлгөн. Айтылган эскертүүлөрдүн жана сунуштардын негизинде Долбоорго тиешелүү оңдоолор жана корректуралар киргизилген.
Аймактык өнүгүүнүн Концепциянын техникалык-экономикалык негиздери жана долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу Жала-Абад шаарынын жерлерин колдонуу интенцификациянын альтернативдик багыттарын карап чыгууга жана заманбап колдонуунун мүнөзүнө жараша иштелип чыкты.
Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки Башкы планыны Концепциясы Жалал-Абад шаарынын Уставына жана шаар куруу боюнча КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыкты жана төмөкүлөргө негизделди:
-изилдөөнүн жыйынтыгына жана шаар куруунун заманбап көйгөйлөрүнүн комплекстүү баасына;
- шаар куруунун өнүгүүсүнө жана социалдык-экономикалык программаларга жана мамлекеттик жана муниципалдык концепцияларда белгиленген максаттарга жана милдеттерге;
-демографиялык жана экономикалык өнүгүүнүн маалыматтарына;
Башкы пландын Концепциясы шаардын аймактарынын 2040- жылга чейинки структуралак-функционалдык уюштурулушун, облустун борборунун чек арасына кирген шаар четиндеги аймактардын, ошондой эле Сузак районунун айыл Өкмөтөрүнүн жерлерин аныктоочу Жалал-Абад шаарынын шаар куруу моделинин өсүшүн негиздейт.
Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун туруктуу жана өз ара пайдалуу өнүгүүсү үчүн оңтойлуу шарттарды түзүү, калкты жайгаштыруу системасын жакшыртуу жана шаар куруу объектилерин жайгаштыруу, сапаттуу жумушчу орундарды түзүү каралган.
Долбоорду иштеп чыгууда “Жалал-Абад шаарынын курулуш жана жер колдонуу эрежелери” шаардык ченемдик-укуктук актыларындагы айкалышуучулук сакталган, Жалал-Абад шаарынын жана шаарга жакын жайгашкан калктуу конуштардын мурда иштелип чыккан Башкы пландарындагы долбоордук сунуштар эске алынды.
Долбоор чарба жүргүзүүнүн формаларынын өнүгүшү менен байланышкан кайра түзүүлөрдү, жерге жана башка кыймылсыз мүлккө жеке менчикти ишке ашырууну эсепке алуу менен иштелип чыккан жана тарыхый баалуулуктарды жана курчап турган чөйрөнү коргоого багытталган, ошондой эле шаардын аймагын фукционалдык жана курулуш аймактарын оптималдаштыруу жана бир кабатуу курулуштарды жайгаштыруунун эсебинен жерлерди интенсивдүү пайдаланууну жогорулатуу болуп саналат.
2040- жылга чейинки Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын Концепциясы төмөнкү автордук жамаат тарабынан иштелип чыкты:
Ж. Асаналиев | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун директору; |
Д.Кульбатыров | долбоордун башкы кеңешчиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун кеңешчиси |
А. Оролбеков | долбоордун башкы архитектору - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун № 4 Өнөрканасынын жетекчиси; |
Н. Асанакунов | жетектөөчү адис; |
Д. Ураанов | жетектөөчү адис; |
А. Эркегулов | адис; |
Л. Досатова | адис; |
Б. Сарбашев | адис; |
Б. Туратов | адис.
|
Жалал-Абад шаарынын тарыхый –маданий баалуулуктарынын объектилерини мамлекеттик тизмесине кирген тарыхый жана маданий эстеликтери жөнүндө материалдарды даярдоого жана баштапкы маалыматтарды чогултууга “Кыргызреставрирование” ИИДИ төмөнкү кызматкерлери катышышты:
Баштапкы маалыматтарды чогултууга жана инженердик-экономикалык изилдөөлөр боюнча материалдарды аткарууга, шаардын аймактарынын азыркы абалы жөнүндө маалыматтарды түзүүгө жана корректуралоого Жалал-Абад шаарынын архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык башкармалыгынын төмөнкү адистери катышышты :
Б. Байжигитов | Жалал-Абад шаарынын архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык башкармалыгынын начальниги; |
Э. Мурзалиев | АПШ бөлүмүнүн начальниги; |
Ж. Астанов О. Иманбаев | АПШ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Геодезия бөлүмүнүн адиси. |
2040 - жылга чейинки Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын Концепциясынын долбоордук-пландоо документациясы төмөнкү текстик жана графикалык материалдардан турат:
1. Долбоордун баштапкы маалыматтары
1.1. Долбоордук изилдөөлөрдүн материалдары:
Топографиялык сүрөттөр М 1:2000, М 1:10000, М 1:50000, М 1:200000;
Инженердик-экономикалык изилдөөлөр боюнча маалыматтар.
2. ДОЛБООРДУК МАТЕРИАЛДАР
2.1. Түшүндүрмө кат
2.2. Негизги жана кошумча чиймелер:
Схема положения города Джалал-Абад в местной системе расселения, М 1:50000;
Схема развития Пригородной зоны города Джалал-Абад, М 1:25000;
Схема опасных природных, техногенных процессов и явлений территории города Джалал-Абад, М 1:5000;
Схема современных территорий города Джалал-Абад (Основной чертеж), М 1:5000;
Схема территориального развития города Джалал-Абад (Основной чертеж), М 1:5000;
Схема развития внутреннего и внешнего транспорта города Джалал-Абад (Основной чертеж), М 1:5000.
3. ДОЛБООРДУ КАРАП ЧЫГУУ ЖАНА МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР:
3.1. 2040- жылга чейинки Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын Концепциясын карап чыгуу жана макулдашуу боюнча документтердин топтому:
Эскертүүлөр:
Топографиялык изилдөолөрдун материалдары КР Мамкатографиясы тарабынан аткарылган жана долбоордо катталган AutoCad программасында растр форматында колдонулду .
Инженердик-геологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар жана шаардын аймагын комплестүү сейсмикалык райондорго бөлүүнүн картасы шаар куруу КИИДИ тарабынан 2005- жылы иштелип чыккан Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын материалдары боюнча кабыл алынды..
Баштапкы маалыматтарды чогултуу жана макулдашуу боюнча инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн материалдары, шаардын аймагынын азыркы абалын изилдөө 1 экземплярда даярдалды жана Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо Институтунун архивинде сакталуу.
2. ШААРКУРУУНУН ӨНҮГҮҮСҮНҮН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык стратегиясы жана программасы Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын жана Жалал-Абад облусунун башка райондорунун бири –бири менен байланышкан аймактык чарбалык комплекс катары калыптануусун карайт.
Аталган мамлекеттик жана муниципалдык документтерде социалдык жактан административдик-аймактык түзүмдөрдүн иштөөсүнүн заманбап стандарттарга өтүүсүнө өбөлгө түзүүчү жаңы илимий-техникалык, маалымат-индустриялык жана энергоэффективдүү технологияларды ишке ашырууга жана заманбап алдыңкы жетишкендиктерге негизделген базар экономикасына өтүүнүн негизги багыттары аныкталган.
Алар административдик-аймактык түзүмдөрдүн демографиялык өсүшүнүн негизги шарттарын жакшыртууну камсыз кылууга жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган төмөнкү негизги экономикалык маселелерди ишке ашырууга негизделген:
- жумушсуздукту азайтуунун жана эмгекти колдонуу ордун кеңейтүүнүн эсебинен эл чарбасынын аймактык жана жумуштуулуктун тармактык структураларын кеңейтүү жана жакшыртуу;
- эс алууда жана ден соолуктарын чыңдоодо калктын талаптарын камсыз кылуу үчүн региондун жаратылыш, рекреациялык жана тарыхый-маданий потенциалын колдонууну интенсификациялоо;
- жаңы курулуштарды куруу жана өндүрүш, жарандык-турак-жай курулуштарын жана инженердик-транспорттук инфраструктураны комплекстүү модернизациялоо жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу;
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн шаар куруунун приоритеттүү милдети жана шаар куруунун өсүшүнүн стратегиялык максаты калкка жагымдуу жана туруктуу жашоо шартын түзүп берүү, эмгек менен камсыз кылуу, эс алууну уюштуруу болуп санаалат, бул Жалал-Абад шаарынын, шаар чегиндеги аймактардын жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн курулушуна, аймактарды жасалгалоого жана структуралык-функционалдык уюштуруунун сапатынын деңгээлине көз каранды.
Узак мөөнөттүү шаар куруунун кайра түзүүнүн стратегиясы шаар куруунун жана социалдык-экономикалыклык өсүштүн перспективасына, шаар куруу талаптардын жана технологиялык комплекстерди калыптандыруучу, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды камтыган шаарлардын жана калктуу конуштардын тарыхый-маданий баалуулуктарын жана жаратылыш чөйрөсүн корогоону, шаар куруунун өсүшүнүн коопсуздугун жана экономикалык эффективдүулүктү регламеттөөчү КР мыйзамдарынын функционалдык-пландоочу талаптарына таянуусу керек:
- шаар курууну жана пландоону структуралык-функционалдык уюштуруунун модернизациялоодо жана өнуктүрүудө аймактык ресурстарды эффективдүү пайдалануу боюнча;
- имараттарды жана курулуштарды колдонууну жана курууну, коопсуз жайгаштырууну камсыз кылуу үчүн аймактардын жер кыртышынын геологиялык жана сейсмикалык шарттарынын эсеби боюнча;
- шаардын тарыхый-шаар куруу чөйрөсүн жана баалуу эстеликтердин тарыхый-маданий мурастарын рационалдуу пайдалануу жана сактоо обюнча;
- экологиялык кырдаалды чендөө жана жараталашта рационалдуу пайдалануу боюнча;
Кошумчалап кетчү нерсе Жалал-Абад шаарынын Башкы планы үчүн мамлекеттик жана муципалдык социалдык-экономикалык стратегияларларга жана программаларга ылайык белгиленген облустун, Сузак районунун, шаардын чегиндеги өз алдынча башкармалыктардын шаар куруу кызыкчылыгы приоритеттүү болуп саналат.
Башкы пландын Концепциясынын негизги милдети болуп 2040-жылга чейинки шаардын аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарына негизделүүсү жана Жалал-Абад шаарынын өсүшү жана жеринин кеңейиши болуп саналат.
Концепция тарабынан кабыл алынган аймактын өнүгүүсүнүн негизги багыттары Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын мөөнөтүнө шааркуруунун өсүшүнүн стратегиясынын негизи үчүн керек.
- шаардын аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын өнүгүүсү жана борбордун облустук административдик аткаруу функциясын сактоо, шаардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн шаар куруу шарттарын камсыз кылуу жана шаар куруу көйгөйлөрүн чечүү;
- курулуштун коопсуздугун жана калктын жашоосу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, жагымдуу экологиялык шарттарды камсыз кылуу жана баалуу тарыхый-маданий мурастарын коргоо;
- шаардын аймагын эффективдүү пайдалануу, курулуштарды жана инженердик-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо;
- жергиликтүү жайгаштыруу системасын өнүктүрүү жана жакшыртуу;
3.АЙМАКТЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫНА МҮНӨЗДӨМӨ
3.1 ТАРЫХЫЙ ЖАНА МАДАНИЙ ЭСТЕЛИКТЕР
Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды колдонуу жана коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык тарыхый -маданий мурастардын объектилеринин мамлекеттик реестрине кирген тарыхый жана маданий эстеликтер бар жана алар корголууга муктаж. Азыркы учурда Жалал-Абад шаары боюнча мамлекеттик тизмеде алты объект катталган.
Жалал-Абад шаарынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилери
№ | Эстеликтердин аталышы | Тиби | Курулган мөөнөтү | Жайгашкан дареги |
1 | Жалал-Абад революциялык комитети жайгашкан имарат | Тарыхий | 1918 ж. | Лени көч. 18 |
2 | Аюу-Булак булагында жайгашкан эвакуация госпиталы | Архитектура, тарыхий | 1020 ж. | “Жалал-Абад” курорту |
3 | “Жалал-Абад” курортунун № 1 корпусу | Архитектура | 50- жылдар | “Жалал-Абад” курорту |
4 | Облустук драмтеатрдын имараты | Архитектура | 50- жылдар | Шаардык сейил бак |
5 | “Аза күткөн эне” эстелиги | Искусство | 1970- ж. | Шаардык сейил бак |
6 | Шор-Булак булагындагы мазар, ыйык жер | Тарыхый, жаратылыш | XVIII к. |
|
Азыркы убакта Жалал-Абад шаарынын аймагында мамлекеттик тизмеге киргизе турган жана алардын баалуулугун-тарыхый, көркөм, мемориалдык ж.б. аныктоону талап кылган объектилер бар.
Жогоруда аталган эстеликтердин катарын тарыхый жолдорду изилдөөнүн, анын ичинде Жалал-Абад шаары аркылуу өткөн Улуу Жибек жолун изилдөөнүн натыйжасында башка тарыхый эстеликтер менен толукталышы мүмкүн. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый баалуулукту түзгөн объектилердин ичинде 19 кылымдын башында Кокон чеби курулган учурда, ошондой эле совет доорунда курулган, азыркы күнгө чейин сакталып калган курулуштар бар. Акыркы жылдарда жаңы монументалдык эстеликтер пайда болууда, алардын ичинен баалуулары совет доорунда курулган архитектуралык-көркөм баалуулукка ээ же шаардын тарыхында болуп өткөн маанилүү окуяларга байланыштуу имараттар сыяктуу эле мамлекеттин коргоосуна алынышы мүмкүн.
3.2 ЖАРАТЫЛЫШТЫК ЖАНА ТЕХНОГЕНДИК ШАРТТАР
Жалал-Абад шаары Сузак районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Ал Жалал-Абад облусунун административдик борбору болуп эсептелет жана чоңдугу боюнча Кыргызстандагы шаарлардын ичинен үчүнчү орунда турат. Республиканын түштүгүндөгү чоң шаарлардын бири. Жалал-Абад шаарына Көк-Жаңгак, Өзгөн, Сузак шаарлары жана чоң, орто, кичине калктуу конуштар жакын жайгашкан, азыркы күндө транспорт коммуникациясы менен бириккен жана туруктуу, тыгыз маданий, эмгек байланыштары менен байланыштуу.
Аталган калктуу конуштар чарбалык жана социалдык бирдиктүү организмди түзөт. Алар өз ара аймактык-өндүрүштүк байланыштар, жалпы инженердик-транспорттук инфраструктура, бирдиктүү коомдук тейлөө борлорунун түйүнү жана калктын эс алуусу менен бириктирилген.
Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкармалыктар 70 000 га аянтты ээлейт жана Сузак районуна карайт, административдик борбору Сузак айылында жайгашкан. Сузак району облустун түштүк жагында Фергана ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө Кара-Дария, Көк-Арт дарыяларынын чегинде жайгашкан.
Сузак районунун аймагынан жана Жалал-Абад шарынын жанынан Бишкек-Ош, Жалал-Абад-Казарман, Жалал-Абад-Ийри-Суу автожолдору жана шаардын ортосунда жайгашкан Көк-Жаңгак-Жалал-Абад-Кара-Суу темир жолу өтөт. Жалал-Абад шаарынын ичинде Жалал-Абад аэропортунун учуу-конуу тилкеси жайгашкан.
Инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча шаардын аймагында калк отурукташкан, өндүрүштүк, коммуналдык-кампалык аймактар, аэропорттун учуу-конуу тилкеси жана темир жол, ошондой эле айыл чарба аймактары жайгашкан.
Калк отурукташкан аймактарда жеке мекнчик курулуштары үстөмдүк кылат. Шаардын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөр, административдик, маданий турмуш-тиричилик жана соода-коммерциялык объектилер жана курулуштар, сейил бактар жана скверлер жайгашкан. Шаардын ичинде үч маданий эс алуу сейил багы бар, анын ичинде Токтогул атындагы сейил бак, жалпы аянты 7,5 га, Жеңиш сейил багы жалпы аянты 14,5 га.
Шаардын тегерегинде жаратылыш-рекреациялык аймактар жайгашкан, Кугарт дарыясы, “Жалал-Абад”- республикадагы эң ири курорттордун бири жайгашкан.
Шаардын инженердик-экономикалык изилдөолорүнүн ижыйынтыгы төмөндөгү таблицада берилди.
Жалал-Абад шаарынын аймагынын балансы 2018-жылдын 1-январына карата
Аймактардын негизги категориялары | Көрсөткүчтөр |
Жерлердин жалпы аянты, шаардын чегинин накта көрсөткүчү, бардыгы | 4452,01 |
анын ичинде: |
|
Калк отурукташкан аймактар: | 2474,62 |
анын ичинде: |
|
-курулуштар | 1466,53 |
-коп кабаттуу үйлөрдүн курулушу | 68,87 |
-коомдук курулуштар | 162,72 |
Жаратылыш-рекреациялык аймактар | 418,84 |
Өндүрүш жана коммуналдык-кампа аймактары | 357,66 |
Жалал-Абад шаарынын инженердик-экономикалык изилдөөлөрдүн анализинин негизинде шаар куруунун өнүгүүсүнүн негизги көйгөйлүү аспектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
-шаар чегиндеги аймактардын чеги белгиленген эмес, ошондой эле шаардын перспективдүү өнүгүүсү үчүн жерлердин чек аралары жана көлөмдөрү тиешелүү деңгээлде аныкталган эмес, бул шаардын, райондун, айыл аймактарынын аткаруу органдарынын ишине тоскоолдук алып келет жана шаардын аймагынын кеңейиши үчүн керектүү шаардын чегиндеги аймактардын жана эркин жерлердин кыскаруусуна алып келиши мүмкүн.
- негизги фукционалдык аймактардын транспорттук кызматын оптимизациялоо;
- экслуатацияланбаган имараттары жана курулуштары менен өндүрүштүк жана коммуналдык-кампалык ээси жок аймактардын көлөмү жогору, бул ресурстарды экстенсивдүү пайдаланууну күбөлөндүрүп турат.
- мамлекеттик учетто турган маданий, тарыхый, архиологиялык эстеликтердин коргоо аймагы белгиленген эмес. Мындай кырдаал баалуу тарыхый мурастардын жоготууга алып келиши мүмкүн.
- отурукташкан аймактартардын бөлүктөрү санитардык-коргоо зонасынын башкача айтканда өндүрүш, коммуналдык-кампалык объектилердин сферасынын чегинде жайгашкан, бул оңтойсуз кырдаалды алып келет.
Жалал-Абад шаарынын аймактык ресурстары чоң эмес. Долбоолоого чейинки изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде аныкталган шаар куруунун заманбап көйгөйлөрү Жалал-Абад шаарынын, анын четиндеги аймактарды комплекстүү модернизациялоону, пландоо структурасын тартипке келтирүүнү, шаар куруунун перспективдүү стратегиясын иштеп чыгууну талап кылат.
4.ИШТЕП ЖАТКАН ШААР КУРУУ ДОКУМЕНТАЦИЯСЫ
Иштеп жаткан Жалал-Абад шаарынын Башкы планы 2005- жылы иштелип чыккан.1978-жылы “Кыргызгипрострой” МДИ тарабынан иштелип чыккан мурдагы Башкы планды толуктап, Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга чейинки шаар куруунун өнүгүүсүнүн стратегиясын аныктаган. Аталган Башкы пландын иллюстрациясы 3 сурөттө көрсөтүлгөн.
Иштеп жаткан Башкы планга негизделген шаар куруунун өнүгүшүнүн стратегиясы боюнча 2025-жылга чейин шаар калкын 130 миңге чейин отурукташтыруу каралган. Шаар куруунун Башкы планы боюнча шаардын горизонталдуу өсүшү каралган, б.а. батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш тарапка өсүшү каралган.
Аймактардын фукционалдык зоналарга бөлүнүшү каралган жана төрт турак жай району менен отурукташуу зонасын, өндүруш зонасын, ошондой эле рекреация зонасын калыптандыруу, сейил бактар жана бульварлар пландаштырылган.
Шаардын негизги көчөлөрүнүн жээгине коомдук –соода зоналары райондук тейлөө борборлору менен пландаштырылган. Аймактын инженердик-геологиялык шарттарын жана Кугарт тектоникалык жарылуусунун өтүшүн эске алуу менен шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски, сейсмикалык туруктуу эмес бир кабаттуу үйлөрдү бузуу менен 4 кабаттуу өзүнчө кварталдары менен турак жай зонасынын курулушу каралган.
Ушуга байланыштуу шаардын аймагынын 70-80% жана Сузак районунун калктуу конуштарынын болугү аэропортун чектелген курулушунан эки километр аралыкта жайгашкан, калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана шаардын перспективдүү өнүгүүсү үчүн аэропорттун учуу-конуу тилкесин шаардын четине көчүрүү каралган. Аэропорттун ордуна көп кабаттуу трак үйлөрдүн курулушу жана эс алуу зонасын жайгаштыруу пландаштырылган. Ошондой эле санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген өндүрүш ишканаларын, кампаларды, базаларды жана башка объектилерди шаардын борбордук бөлүгүнөн көчүрүү каралган.
Жек менчик ээлеринин көптүгү жана кызыкчылыктардын көп багыттуулугу шаардык Кеңеш тарабынан заманбап талаптарга жооп берген, шаар куруу ишмердүүлүгүн жонгө салуучу укуктук документ- жергиликтүү ченемдиу-укуктук акт “Жалал-Абад шаарынын курулуш жана жер колдонуу Эрежелерин” кабыл алууга түрткү болгон. Аталган ченемдик-укуктук актынын негизги 25 беренесинин иллюстрациясы, Жалал-Абад шаарынын административдик чек арасына белгиленген укуктук зоналары картографиялык ыкма менен 4 сүрөттө көрсөтүлгөн.
5.2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ШААР КУРУУНУН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ПЕРСПЕКТИВАСЫ
5.1ЭКОНОМИКА ЖАНА КАЛКЫ
Шаарлардын жана калктуу конуштардын өсүү деңгээли жана чоңдугу анда жашаган туруктуу калктын санына жараша болот. Калктын саны шаардын экономикасынын тейлөө сферасын жана шаар пайда кылуу базасына эмгекти колдонуу орундардын санына жараша болот. Жалал-Абад шаарынын шаар пайда кылуу базасынын өсүшү шаардын эконмикасынын дүйнөлүк жана регионалдык базарларда интеграциялануу деңгээлине жараша болот жана товар, финансы, жумушчу күчүн, технологияларды жана маалыматтарды алмашууда конкуренттик жөндөмдүүлүктөрдү ишке ашыруу менен бааланат. Конкуренттик өзгөчөлүктөрдү ишке ашруу бул дуйнөлук жана илимий-инновациялык жана эмгектик потенциалды, маданий эффективдүү ачуу жана Жалал-Абад шаары жана Жалал-Абад облусу үчун экономиканын тармактарында жергиликтүү ресурстарды колдонуу болуп саналат.
КР аймактык саясат Концепциясына ылайык Жалал-Абад облусунун 2018-2022-жылдарга экономикалык өсүшү анын өзгөчөлүгүнө, спецификасына, специализациялаштырууга жана көп тармактуу мүнөздө болуусуна негизделет. Ушуну менен катар улуттук жана регионалдык кызыкчылыктар эске алынышы керек жана аймактардын өнүгүүсү үчүн локалдык шарттарды түзүүгө жооптуу, социалдык кызматтарды көрсөтүүчү, борбордун калкына шарттарды түзүүгө басым жасоо менен регионду өнүктүрүү процессин башкаруунун ыраттулугунун жана системалулугунун талаптары сакталышы керек.
Жалал-Абад облусунун өнүгүүсүнүн перспективдүү багыты катары айыл чарбаны, өндүрүштү жана туризмди өнүктүрүү болуп саналат. Жалал-Абад облусу үчүн биринчи деңгээлдеги өсүү точкасы катары гидроэнергетика эсептелет.
Экинчи денгээлдеги өсүү точкасы катары экологиялык жактан таза продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн өндүрүү болуп саналат.Тоо кендерин казып чыгаруу тармагы үчүн жакшы перспективалар бар. Жалал-Абад облусунун экономикасынын структурасы Кыргызстандын экономикасынын нефтехимиялык жана агроөндүрүшүнүн кластеринин өнүгүүсү үчүн өбөлгө түзөт. Аталган кластерлерди түзүү облуста бизнести өнүктүрүүгө чоң импульс берет, ички жана тышкы рынокто анын атаандаштыкка жарамдуулугун бир кыйла жогорулатууга өбөлгө түзөт, региондун кирешесин чоңойтот, калтын жумуш менен камсыз болуу көйгөйүн чечет.
КР 2018-2020-жылдарга КР аймактык саясат Концециясы аймактардын өз алдынча өнүгүүсүнө ресурстук жардам берүүнүн жана жергиликтүү активдүүлүккө дем берүү, таяныч аймактарында күчтөрдү жана каражаттарды концетрациялоонун эсебинен Жалал-Абад облусунун экономикасын өнүктүрүүгө багытталган жана прериатеттүү таяныч аймагы жана “аймактык өнүгүүнүн борбору” катары Жалал-Абад шаары жана шаардын четиндеги аймактар алынган.
Ушуну менен катар, Жалал-Абад шаарынын өнүгүүсү боюнча багыттуу мамлекеттик инвестициялык программаны күчөтүү каралууда.
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик инвестициялык программа үчүн приоритеттүү багыт катары мал чарбасынын жана өсүмдүк чарбасынын экологиялык таза продукцияларынан товарларды өндүрүү боюнча агрардык-өндүрүштүк комплексти жана нефтехимиялык өндүрүштү өнүктүрүүгө ар кандай булактардан капиталдык салымдарды тартуу болуп саналат, ошондой эле курорттук-денсоолукту чыңдоочу жана туризм. Сырткы транспор системасын интенсивдүү өнүктүрүү жана модернизациялоо, бизнес сервисти жана калкты социалдык-маданий тейлөө борборлорун өнүктүрүү.
Экономиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегияларын жана программаларын ишке ашыруу Жалал-Абад шаарынын административдик-ишкер жана өндүрүштү, илимий-билим берүү жана маданий, курорттук-туристтик борборлорду жана регионалдык транспорт туйүндорүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Расмий маалыматтарга ылайык Жалал-Абад шаарынын калкынын саны шаардын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Котур-Каман, Кызыл-Суу, Сатыбалды Жээнбеков, Кыргызстан, Таш-Кутчу, Тайгараев ӨББ кошкондо 2019-жылыдын башында 119,1 миң адамды түздү. Азыркы убакта жалпы 1713 үй ээлигинде 8554 адам жашайт.
2009-жылдан 2018- жылга чейинки расмий статистикалык маалыматтарга таянсак шаардын жана айылдардын калкынын саны 2019-жылдан 2040- жылга чейин Жалал-Абад шаарынын калкынын саны төмөнкү таблицаларда берилди.
Джалал-Абад шаарынын туруктууу калкынын саны
(жылдын башында, миң киши)
Жылдар | Калктын саны | анын ичинде: | |||
шаар калкы | % | айыл калкы | % | ||
2009 | 97,0 | 88,8 | 91,5 | 8,2 | 8,5 |
2010 | 98,5 | 90,3 | 91,7 | 8,2 | 8,3 |
2011 | 98,4 | 90,1 | 91,6 | 8,3 | 8,4 |
2012 | 100,1 | 91,7 | 91,6 | 8,4 | 8,4 |
2013 | 103,0 | 94,5 | 91,7 | 8,5 | 8,3 |
2014 | 105,3 | 96,6 | 91,7 | 8,7 | 8,3 |
2015 | 108,3 | 99,4 | 91,8 | 8,9 | 8,2 |
2016 | 111,1 | 101,9 | 91,7 | 9,2 | 8,3 |
2017 | 113,9 | 104,5 | 91,7 | 9,4 | 8,3 |
2018 | 117,2 | 107,5 | 91,7 | 9,7 | 8,3 |
2019 | 119,1 | 109,2 | 91,7 | 9,9 | 8,3 |
Джалал-Абад шаарынын калкынын чыныгы жана болжолдуу абалы 2009 -жылдан 2040-жылга чейин (адам)
Жылдар | Калктын саны | Туулгандар | Каза болгондор | Табигый өсүш | Келгендер | Кеткендер | Миграция(-) | Жалпы өсүш |
2009 | 96 913 | 2 623 | 554 | 2 069 | 959 | 1 469 | -510 | 1 559 |
2010 | 98 472 | 2 422 | 568 | 1 854 | 833 | 2 753 | -1 920 | -66 |
2011 | 98 406 | 2 762 | 620 | 2 142 | 1 250 | 1 746 | -496 | 1 646 |
2012 | 100 052 | 3 258 | 648 | 2 610 | 1 104 | 774 | 330 | 2 940 |
2013 | 102 992 | 2 782 | 631 | 2 151 | 899 | 736 | 163 | 2 314 |
2014 | 105 306 | 3 665 | 679 | 2 986 | 858 | 839 | 19 | 3 005 |
2015 | 108 311 | 3 116 | 667 | 2 449 | 888 | 565 | 323 | 2 772 |
2016 | 111 083 | 2 531 | 535 | 1 996 | 1 399 | 507 | 892 | 2 888 |
2017 | 113 971 | 2 817 | 597 | 2 220 | 1 929 | 926 | 1 003 | 3 223 |
2018 | 117 194 | 2 993 | 596 | 2 397 | 1 122 | 1 644 | -522 | 1 875 |
2019 | 119 069 | … | … | … | … | … | … | … |
| 119 410 | 2 897 | 610 | 2 287 | 1 124 | 1 196 | -72 | 2 216 |
2020 | 121 350 | 3 042 | 640 | 2 402 | 1 135 | 1 256 | -120 | 2 281 |
2021 | 121 760 | 3 194 | 672 | 2 522 | 1 147 | 1 318 | -172 | 2 350 |
2022 | 123 772 | 3 354 | 706 | 2 648 | 1 158 | 1 384 | -226 | 2 422 |
2023 | 124 256 | 3 521 | 741 | 2 780 | 1 170 | 1 454 | -284 | 2 496 |
2024 | 126 347 | 3 697 | 778 | 2 919 | 1 181 | 1 526 | -345 | 2 575 |
2025 | 127 034 | 3 919 | 801 | 3 118 | 1 217 | 1 557 | -340 | 2 778 |
2026 | 129 341 | 4 154 | 825 | 3 329 | 1 253 | 1 588 | -335 | 2 994 |
2027 | 130 259 | 4 403 | 850 | 3 553 | 1 291 | 1 620 | -329 | 3 225 |
2028 | 132 811 | 4 668 | 876 | 3 792 | 1 330 | 1 652 | -322 | 3 470 |
2029 | 133 989 | 4 948 | 902 | 4 046 | 1 370 | 1 685 | -316 | 3 730 |
2030 | 136 818 | 5 245 | 929 | 4 316 | 1 411 | 1 719 | -308 | 4 008 |
2031 | 141 280 | 5 612 | 947 | 4 664 | 1 481 | 1 684 | -203 | 4 461 |
2032 | 146 222 | 6 005 | 966 | 5 038 | 1 555 | 1 651 | -96 | 4 943 |
2033 | 151 677 | 6 425 | 986 | 5 439 | 1 633 | 1 618 | 15 | 5 454 |
2034 | 157 675 | 6 875 | 1 005 | 5 869 | 1 715 | 1 585 | 129 | 5 999 |
2035 | 164 252 | 7 356 | 1 026 | 6 330 | 1 800 | 1 554 | 247 | 6 577 |
2036 | 171 445 | 7 871 | 1 046 | 6 825 | 1 890 | 1 523 | 368 | 7 193 |
2037 | 179 416 | 8 500 | 1 056 | 7 444 | 2 004 | 1 477 | 527 | 7 971 |
2038 | 188 221 | 9 180 | 1 067 | 8 113 | 2 124 | 1 433 | 691 | 8 805 |
2039 | 197 920 | 9 915 | 1 078 | 8 837 | 2 252 | 1 390 | 862 | 9 699 |
2040 | 208 578 | 10 708 | 1 089 | 9 620 | 2 387 | 1 348 | 1039 | 10 658 |
Экономиканы өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын стратегиясында төмөнкүлөр каралган:
- өндүрүштөрдүн өндүрүү ишмердүүлүгүн стабилдештирүү жана өндүруш комплексинде кризистик жагдайларды жеңүү;
- структуралык кайра курууну жүргүзүү;
- базар экономикасы талап кылган өндүрүштү түзүү;
5.2 ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАЙГАШТЫРУУ СИСТЕМАСЫ ЖАНА ШААР ЧЕТИНДЕГИ АЙМАКТАР
2040-жылга чейинки Жалал-Абад шаарынын Башкы планынын Концепциясында аймактардын өнүгүүсү жана калктуу конуштардын өсүшү Жалал-Абад шаары менен социалдык-экономикалык жактан бири-бири менен тыгыз байланышкан бүтүн организм.
Сунушталган долбоордук-пландоо чечимдери Жалал-Абад шаарынын аймактарынын Сузак районунун жана Жалал-Абад облусунун калктуу конуштары менен ыйгайлуу карым-катышына өбөлгө түзөт.
Сунушталган жайгаштыруунун жергиликтүү системасынын пландоо структурасын калыптандыруу боюнча чечимдер социалдык-экономикалык заманбап жетишкендиктерди эске алуу менен кабыл алынды.
Белгиленген тартипте кабыл алынган схеманын же райондук пландоонун долбоорунун жоктугуна байланыштуу сунушталган шаарды жайгаштыруунун жергиликтүү системасын өнүктүрүү боюнча долбоордук-пландоо чечимдер болжолдуу болуп саналат. Жалал-Абад шаарынын жайгаштыруунун жергиликтүү системасындагы абалы 5 сүрөттө көрсөтүлгөн.
“ Жайгаштыруунун жергиликтүү системасында Жалал-Абад шаарынын жайгашуу абалынын схемасы” чиймесинде көрсөтүлгөн жайгаштыруунун жергиликтүү системасын аймактарынын структуралык-функционалын уюштуруу боюнча долбоордук-пландоо сунуштары төмөнкүлөрдү карайт:
Жайгаштыруу түйүнүндө райондук борборлордун ролун жогорулатуу жана бири-бири менен тыгыз байланышкан шаардык жайлардын түйүндөрүн жайгаштыруу;
Эл аралык автомобиль жана темир жол транспотторунун коридоруна регионалдык магистралдарды жана жолдордун түйүндөрүн кошунуу өнүктүрүү;
Мультимодалдык логистикалык терминалды уюштуруу менен аэропортту көчүрүү жана кеңештүү жана аба жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну өнүктүрүү;
Региондун гидроэнергетикалык ресурстарын жана минералдык-чийки заттарды өздөштүрүү;
Тарыхый, маданий, жаратылыш эстеликтерин жана токойлорду, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты рационалдуу пайдалануу;
Минералдык булактарды өздүштүрүүнүн негизинде жыл боюу иштөөчү массалык эс алуу зоналарын өнүктүрүү, республиканын региондорунун гана эмес чет өлкөлүк туристерди кызыктыруучу кызыктуу жаратылыш объектилерине, тарыхый – архитектуралык, архиелогиялык эстеликтерге туристтик маршруттарды уюштуруу;
Сунушталган Башкы пландын Концепциясынын негизги багыты жайгаштыруунун аймактык системасын өнүктүрүү облустун борборунун аймагына кирген бардык аймактардын жана шаар четиндеги аймактардын, биринчи кезекте Жалал-Абад шаарынын жана шаар четиндеги айылдардын жерлерин интеграциялоо процессине кошуу болуп саналат.
“КР шаар куруу документерин бекитүү, макулдашуу, иштеп чыгуу тартиби жана курамы жөнүндө” эрежелер топтомуна ылайык пландуу аймактык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад шаарынын тегерегиндеги аймактарга Шаардын чет жакасындагы зонаны бекитүү керек. Шаардын четиндеги зоналардын чек араларын бекитүү боюнча сунуштар жана Жалал-Абад шаарынын аймактарынын перспективдүү өнүгүүсү “Жалал-Абад шаарынын шаар четиндеги зоналаррын өнүктүрүү схемасында” берилген. 6 сүрөт.
Жалал-Абад шаарынын четиндеги аймактарды пландоо структурасын калыптандыруу боюнча сунуштарда жашыл алкактарды түзүү жана шаардын четиндеги айылдарды өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу автомобиль, аба жана темир жол түйүндөрүн тейлөөчү мультимодалдык логистикалык терминалдарды уюштуруу каралган.
Жалал-Абад шаарын айланып өтүүчү автомобиль жана темир жол транспортору үчүн магистралдарды жана сырткы жолдорду жайгаштыруунун эки варианты сунушталган. Кабыл алынган Жала-Абад шаарынын шаар четиндеги зонасынын долбоордук-пландоо структурасында жайгаштыруунун жергиликтүү системасын өнүктүрүү боюнча чечимдерге таянуу менен анын чек арасында төмөнкү аймактарды түзүү каралган:
Калктуу конуштар;
Автомобиль, аба жана темир жол катамдарынын линиялары жана транспорт логистикасынын түйүндөрү жана борборлору;
Корголуучу жаратылыштык рекреациялар жана ландшафттар;
Ачык айыл-чарба аймактары;
Жалал-Абад шаарынын шаар четиндеги аймактарынын чек аралары Сузак районунун административдик-аймактык бөлүнүү боюнча маалыматтарды эске алуу менен кабыл алынган жана төмөнкү ЖАБ аймактарын ичине камтыйт:
Сузак айыл аймагы;
Тайгараев айыл аймагы;
Ырыс айыл аймагы;
Барпы айыл аймагы;
Кызы-Туу айыл аймагы;
Багыш айыл аймагы;
Жалал-Абад шаарынын Башкы планыны Концециясынын алкагында сунушталган сунуштарды комплекстүү ишке ашыруу жана Жалал-Абад шаарынын шаа четиндеги аймактарын перспективдүү өнуктүү боюнча долбоордук-пландоо чечимдери экономиканын, маданияттын, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун жана облустун калкынын турмуш жана эмгек шарттарын жакшыртууга да өбөлгө түзөт.
5.3 АЙМАКТЫН АРХИТЕКТУРАЛЫК-ПЛАНДОО СТРУКТУРАСЫ
Шаардын аймагынын архитектуралык-пландоо структурасынын долбоордук курулушу Жалал-Абад шаарынын 2040- жылга чейинки шаар куруунун концептуалдык моделин иш жүзүнө ашыруу муктаждыктарынан келип чыкты.
Сунушталган шаар куруунун концептуалдык моделинин өнүгүүсү Жалал-Абад шаарын административдик-башкаруучу, өндүрүштүк-ишкердик, маданий, илимий-билим берүүчү, курорттук-ден соолукту чыңдоочу, туристтик областын борбору катары көрсөтөт.
Шаар куруунун өнүгүүсүнүн концептуалдык моделин ишке ашыруу Жалал-Абад шаарына түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарын кошуп кароонун негизинде каралды - Пригородный кичирайону, Качкынчы, Котур-Каман, Кызыл-Суу, Сатыбалды Жээнбеков, Кыргызстан, Төш-Кутчу айылдары, Тайгараев ЖАБ. Жалал-Абад шаарына Ынтымак, Гулистан, Таш-Булак, Пригородное, Домор, Арал, Ладан-Кара, Масадан айылдарын кошуу каралган. Жогоруда атлган айылдарды кошуу чыгымдарды азайтып, социалдык-экономикалык жана шаар куруунун өнүгүүсүн интенцификациялоого жана эффективдүулүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт. 2040- жылга чейин төмөнкү негизги фукционалдык зоналарды түзүү каралууда:
Турак райондорун өнүктүрүү, рекреациялык жана спорт, ден соолукту чыңдоочу, соода-турмуш-тиричилик, маданий-агартуучулук багыттагы ар кандай комплекстерди жана коомдук борборлорду уюштуруу үчүн түштүк-батыш, батыш, бобордук, түндүк, түндүк-чыгыш аймактарын түзүү.
Шаар четиндеги аймактардын жашыл алкактарын ачык айыл-чарба жерлери жана токой сейил бактары менен байланыштыруучу каналдар жана Көк-Арт дарыясынын жайылмалары, нугу, Аюу-Тоо тоо тилкелериндеги мисте эңкейиштерин, курорттун аймактарын камтыган шаардын жаратылыш каркасын өнүктүрүү жана коргоого арналган бирдиктүү жана үзгүлтүксүз ландшафтык-рекреация зонасы;
Өндүрүштүк жана коммуналдык-кампа комплекстери, технопарктарды жана башка ишканаларды жана уюмдарды өнүктүрүүгө арналган өндүрүш зоналары;
Айыл-чарба зоналары;
Автомобиль, аба, темир жол тармактарын өнүктүрүүгө арналгантышкы танспорт зонасы;
Джалал-Абад шаарынын аймагынын өнүгүүсү 2019-жылдын башы жана 2040-жылдын аягы
Аймактардын негизги категориялары | Чен өлчөмдөрү | көрсоткүчтөр | |
2019 жыл | 2040 жыл | ||
Долбоорлоочектеринин чегинде, жерлердин аянты | миң. га |
| 7956,67 |
Анын ичинде |
|
|
|
Отурукташкан аймактар | миң. га |
| 3144,19 |
Анын ичинен: |
|
|
|
борбордук ( Б) | миң. га |
| 1803,12 |
түндүк (Т) | миң. га |
| 1616,20 |
түндүк-чыгыш (ТЧ) | миң. га |
| 946,90 |
түштүк-батыш (ТБ) | миң. га |
| 2845,02 |
батыш (Б) | миң. га |
| 745,41 |
Жаратылыш-рекреациялык аймактар | мин. га |
| 911,02 |
Өнүрүш жана коммуналдык-кампа аймактары | миң. га |
| 422,34 |
Калктын саны, бардыгы | Миң адам | 117,194 | 208,578 |
Калктын өсүшү, бардыгы | Миң адам |
| 91,384 |
Бөлүктөрдүн жана аэропорттун учуу-конуу тилкесин шаардын сыртына көчүрүлгөндөн кийин аймакты, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан өндүрүш жана коммуналдык-кампа аймактарын кайра куруунун натыйжасында турак-жай-жарандык багытында колдонуу каралган. Нефтехимия өндүрүш ишканаларын жана жергиликтүү өндүрүштү экологиялык таза жана коопсуз технологияларга өткөрүү да каралган.
СЫРТКЫ ЖАНА ШААРДЫК ТРАНСПОРТ
Тышкы транспорт байланыштарын өнүктүрүү жана Жалал-Абад шаарынын тышкы транспорт системасынын жана анын таасир этүү аймагы Кыргызстандын Борбордук Азия аймактык жол байланыш түйүндөрүндө интеграциясын эске алуу менен төмөнкүлөр каралган:
Таш-Көмүр-Шамалды-Сай-Кочкор-Ата-Базар-Коргон-Жалал-Абад-Өзгон темир жол курулушу Жалал-Абад областын жана Кыргызстанды Кытай, Өзбекстан жана Казакстан менен байланыштыруучу ,Жалал-Абад шаары бириктирүүчү Эл аралык темир жол транспорт коридорунун курулушу;
Жалал-Абад-Казарман-Нарын багытындагы “Түндүк-Түштүк” автожолунун курулушу;
Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан, шаар куруу ченемдерине дал келбеген азыркы учурда иштеп жаткан аэропортту шаардын сыртына чыгаруу. Шаардын перспективдүү өсүшүн эске алуу менен Долбоордо жаңы аэропорттун курулушун шаардын түндүк-чыгыш тарабына 22 км аралыкка чыгаруу;
Регионалдык жана жергиликтүү автожол түйүндөрүн жана автотранспорт курулуштарын жайылтуу;
Тышкы транспорт байланыштарын өнүктүрүү Жалал-Абад шаарында жана региондун калктуу конуштарында төмөнкү транспорт курулуштарын курууга өбөлгө түзөт:
Автомобиль, аба, темир жол системасында жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну камсыз кылуу жана иштетүү боюнча мультимодалдык логистикалык терминалдарды;
Калктуу конуш түйүндөрүнө эл аралык транспорт коридорунун бажы терминалдарын, бекеттерди жана темир жол бекеттери;
Автовокзалдарды, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу автомобилдер үчүн автопарктарды;
Жалал-Абад шаарынын жол-көчө түйүндөрүнүн мүнөзү
Жолдордун жана көчөлөрдүн категориялары | Жолдордун жана көчөлөрдүн негизги милдеттери |
|
Тышкы түйүн | ||
Регионалдык маанидеги Таш-Кумыр – Шамалды-Сай – Кочкор-Ата – Базар-Коргон - Джалал-Абад – Өзгөн магистралдык темир жолу | Темир жол каттамдарын камсыз кылуу менен Жалал-Абад шаарын областын башка шаарлары менен байланыштыруу жана түндүк-түштүк багытындагы республикалык магистралга чыгаруу, ошондой эле Таджикистан, Өзбекстан, Китай жана Казахстандын шаарларынын багытындагы эл аралык магистралга кошулуу |
|
Жергиликтүү маанидеги Джалал-Абад – Кок-Янгак – Макмал – Казарман темир жолунун негизги жана кошулуучу жол тармактары | Жалал-Абад шаарын облустун түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан шаарлар менен байланыштыруу жана Кыргызстандын түндүк багытындагы эл аралык республикалыкжана мильтимодалдык логистикалык терминалга чыгуу ,Таджикстандын, Өзбекстандын, Китайдын жана Казакстандын шаарлары менен байланыштыруу |
|
Эл аралык маанидеги Бишкек - Джалал-Абад – Ош автожолу | Жалал-Абад шаарын автотранспорт каттамдары аркылуу Кыргызстандын башка шаарлары жана Таджикстандын, Өзбекстандын, Кытадын и Казакстандын шаарлары менен байланыштыруу. |
|
Республикалык маанидеги Джалал-Абад – Кок-Жангак – Макмал – Казарман – Балыкчы магистралдык автожолу | Жалал-Абад шаарын автотранспорт каттамдары аркылуу Кыргызстандын түндүк багытындагы шаарлары жана Таджикстандын, Өзбекстандын, Кытадын и Казакстандын шаарлары менен байланыштыруу. |
|
Ички түйүндөр | ||
Темир жолго кошулуучу жол тармактары | Жалал-Абад шаарынын темир жол станциясын жана бекетинтемир жол каттамдаррынын магистралдык түндорүнө кошулуусун камсыз кылуу |
|
Жалпы шаардык маанидеги транспорт каттамдарын жөнгө салуучу магистралдык көчөлөр | Шаардын борборун, шаардын райондорунун борборлорун, турак райондорун өндүрүш райондору менен байланыштыруучу транспорт түйүндөрү. Шаардык транспорттун шаардын четиндеги магистралга жана башка автомагистралдарга , жолдорго чыгуусун камсыз кылуу. |
|