Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 24/154
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн иштери жөнүндөгү билдирүүсн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын иштеринин маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө жана пайдаланууда жобонун талаптарын так сактоо менен конкурстарды уюштуруу, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бош калтырбоо үчүн элге кеңири түшүндүрүү, жакыр үй-бүлөлөргө асылдуулугу жогору жерлерден конкурссуз берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулова тапшырылсын.
3. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берилиши менен ижарага берилген жерледи пайдалануу жагын катуу көзөмөлгө алуу менен бирге кетирилген кемчиликтер боюнча чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын 25.10.2016. № 24/154 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунда баардыгы болуп 220 га жер бар, анын ичинен 16 га кайрак айдоо, 204 га чабынды жер. Бүгүнкү күндө 204 га чабынды жердин 167,4 га чабынды жери пайдаланууда.
2015-жылы мөөнөтү бүткөн жана пайдаланууга бериле элек 10,41 га жер жана калган 26,19 га чабынды жер пайдаланууга берилген эмес бош турган жер.
2006-жылы айыл тургундарына 10 жылдык келишим менен ижарага берилген чабынды жер 81,54 га жана кайрак айдоо 5,50 га жер аянттарынын келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жарыя маалымат каражатына жарыяланып, керектелүүчү документтери даярдалып, «аукционго» коюлганы турат.
Быйылкы 2016-жылдын 9 айлыгына карата берилген планы 9000 сом болсо, өндүрүлгөнү 13700 сомду түзөт.
Жетектөөчү адис | К. Иманкулова |