Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 24/153
Кыргыз Республикасынын «Мүлкк муниципалдык менчик жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, мамлекеттик каттоо жөнүндөгү» мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн
жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.(тиркеме тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарып айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү сапаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын 25.10.2016. № 24/153 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган муниципалдык менчик обьектилерин башкарууда баардыгы болуп 25 обьект бар. Алардын ичинен мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген тех.паспортторду алгандар:
1. № 9 К. Соодаев атындагы ҮДТ; 21.04.14
2. Аптека; 21.04.14
3. Ашкана; 21.04.14
4. Больница; 21.04.14
5. ФАП; 12.03.14
6. Шамен орто мектеби; 06.02.14
7. Мончо; 02.04.14
8. Ү. Бейшеев орто мектеби; 26.11.12
9. 2-корпус; 26.11.12
10. Склад; 26.11.12
11.Склад -ашкана; 26.11.12
12. Айыл өкмөтүнүн кеңсеси; 30.01.14
13. Көмүр склады; 21.04.14
14. Каракужур айылдык маданият үйү; 30.01.14
15. Мечит; 11.03.14
Ал эми мамлекеттик каттоо кызматынан тех.паспорт ала элек обьектилер:
16. Ү. Бейшеев мектебинин кошумча корпусу (универмаг);
17. Купка;
18. Ак-Кыя-Теңдик көпүрөсү;
19. «Ак-Кыя-Наристе» бала бакчасы;
20. «Беккари» чуңкуру;
21. Ак-Кыя кыштоосундагы көпүрө;
22. «Бүлөтү» таза суусу;
23. «Жанчар-Булак» таза суусу;
24. Эстелик;
25. Май-Төр көпүрөсү;
Бүгүнкү күнгө муниц.обьектилер менчиктештирилген жок.
Жетектөөчү адис | К. Иманкулова |