Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 7 кезектеги - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 14-июну № 2
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган материалдарынын жыйынтыгы Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жана калктуу конуштарын чек араларын орнотуу актысынын негизиндеги Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 25-январындагы № 04 токтомун жана актысын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкγмѳтγнγн ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 25-январындагы № 04 токтомун жана Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган материалдарынын жыйынтыгы Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жана калктуу конуштарын чек араларын орнотуу актысынын негизиндеги Жаңы-Ноокат айыл актысы бекитилсин. ( токтом жана актысы тиркелет).
2. Кыргыз мамлакеттик жерге жайгаштыруу боюнча мамлакеттик ишкананын 014- жылдын 14-майындагы жазган №147 катын карап, катта кѳрсѳтγлгѳн жер тилкелерин иликтѳѳ γчун Кыргыз мамлакеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын архивдик материалдары толугу менен изилденип чыгылды жана алардын ичинен 1991-жылы даярдалган Ноокат районуна караштуу маданият жерлерин инвентаризациялоо (архив №5709 шифир №3586) китепчеси жана 2001-жылы даярдалган Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл ѳкγмѳтγндѳгγ чарбалык субектилеринин жерларин кариктировкалоо (архив №6169 шифир №199-4/5-99) китепчеси каралды. Китепчедеги материялдарга ылайык каттоодо көрсѳтγлгѳн Жаңы-Ноокат айыл ѳкγмѳтγнγн Катта-Тал айылынын Кγнгѳй участкасындагы жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл ѳкγмѳтγнγн жер тилкеси болуп балансына катталгандыгы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Ош областык жерге жайгаштыруу мамлакеттик ишканасынын бѳлγм башчысы Мирзакимов А, Бел айыл ѳкγмѳтγнγн жер адиси Абдазов М, Жаңы-Ноокат айыл ѳкγмѳтγнγн жер адиси Эргешов Э тѳмѳнкγдѳй акт тγзγшкѳн. 1980-1990-жылдары Ноокат районунун Бел ѳрγк колхозу менен Маданыят колхозу ѳз алдынча жер алмаштырып таграк айтканда Бел ѳрγк колхозу Күңгөй участкасынан жер бѳлγп берген ошондойэле жердин Маданыят колхозу Сурпа-таш бѳлγмγнγн тескей участкасынан Бел ѳрγк колхозуна жер бѳлγп берген. Ушул алмаштырылган жер участоктору 1991-жылы жγргγзγлгөн инвентаризация жумуштарында эске алынып, картага тγшγргѳн. Контурлары жана аянттары ведомостко тактап тγшγрγлгѳн. Ош областтык жерге жайгаштыруу мамлакеттик ишкана тарабынан 2011-жылы ѳкγмѳттѳрдγн чек араларын тактоо жана жумуштарын аткарууда жогорудагы кѳрсѳтγлгѳн ѳзгѳртγлѳргө картага тγшγрγлбѳй эски бойдон картага техникалык катачылык менен тγшγрγлбөй калган, жер аянты γчγн Ош областтык жерге жайгаштыруу мамлакеттик ишканасы тарабынан 2014-жылы 15-майнда тγзγлгөн акт далил болот. Бул техникалык катааны оңдоо γчγн 2014-2015-жыдыры болотурган инвентаризация жумуштарында эске алынып, картага ондолуп чийилет. Андан тышкары Ноокат райондук мамлакеттик администрациясынын 2016-жылдын 19-мартындагы №56-б буйругу менен тγзγлгѳн райондук комисянын мγчѳлѳрγнγн жыйынтыгы. Кыргыз республикасынын 1994-жылдын 22-августундагы №632 токтомунун негизинде организациялар, айыл чарба организациялар (айыл ѳкγмѳттѳр) юридикалик ээлеген жерлери пайдаланууга 1991-жылдын инвентаризациясына таянып ошол жерлер айыл ѳкγмѳттѳргѳ жана ишканаларга бекитилген. Ошондо эле Ноокат райондук администрациясынын 1997-жылдын 29-январьдагы №82- токтомунну негизинде 1991-жылдыгы территориалык инвентаризациясы толук бекитилип берилген.
3. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кыргызгипрозем ишканасы тарабынан 1991-жылкы инвентаризация кылынгын жана карталар оңдолуп чийилгени боюнча Кγнгѳй бѳлγмγндѳгγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкγмѳтγнγн балансында толук калтырылсын (Карталары оңдолуп чийилген)
4. Токтомдун аткарылышын көзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы Ноокат айылдык кеңешинин жер масалелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |
Жаңы-Ноокат айылы №04 “25” январь2017-жыл
Т О К Т О М
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу конуштун чек араларын орнотуу боюнча материалдарды бекитүү жөнүндө
Нокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча “ Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик иш канасы даярдаган материалдарын жана айыл аймагынын жерлерине инвентаризация жүргүзүү жана калктуу конуштун чек араларын орнотуу боюнча комиссиясынын актысын карап чыгып Жаңы-Ноокат айыл аймагынын айыл өкмөтү
Токтом кылат
Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор “ институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик иш канасы даярдаган материалдарынын жыйынтыгы № тиркемеси жана калктуу конуштун чек араларын орнотуу актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
Жаны-Нокат айыл өкмөтүнүн башчысы: Н Юлчиев