Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10 кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2017-жылдын 29-декабры № 10/2
Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын 3-февраль 2017-жылдагы №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын 3-февраль 2017-жылдагы №3/1 токтомуна бекитилген 31121290 статьясындагы 9,1 миң сом акча каражаты 2121 статьяга жылдырылып, бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |