Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2017-жылдын 29-декабры № 10/9
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги бекитилсин. (тиркелет)
2. Штаттык бирдикке ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |
Депутаттардын Чет-Нура айылдык
Кеңешинин Х сессиясынын №10/9
токтомуна тиркеме
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги
Айыл өкмөтүнүн башчысы: Айыл өкмөтүнүн башчысы;
Жооптуу катчы: Жооптуу катчы;
Бөлүм башчы: Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы;
Башкы адис: 1.Жер, турак-жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адис;
2. Кирешелер боюнча башкы адис;
3. Кирешелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис;
Жетектөөчү адис: 1.Айыл чарбасы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис;
2. Экономист-статист;
3. Орто-Саз айылынын айыл башчысы;
4.Ак-Кыя айылынын айыл башчысы;
5. Чет-Нура айылынын айыл башчысы;
6. Ак-Булуң айылынын айыл башчысы;
7.Ийри-Суу айылынын айыл башчысы;
8. Төш-Булак айылынын айыл башчысы;
9.Орук-Там айылынын айыл башчысы;
Адис: 1. Социалдык маселелер боюнча адис;
2. Маалыматтык-технологиялар боюнча адис
3. Вус адис-2 штат
Кенже тейлөөчү: 1. Жетекчинин катчысы
2. Айыл өкмөт башчысынын айдоочусу
3. кароолчу
4.тазалоочу