Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2018-жылдын 10-январы № 1/2
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.И.Корголдоевтин маалыматын угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2018-2022 жылдарга карата стратегиялык инвестициялык планы бекитилсин;
2. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б.Астаркулов |
Күнтуу айылдык кеңешинин
2018-жылдын 10-январь айындагы
№ 1/2 токтому менен бекитилген
КУНТУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык планы
Стратегиялык план
КИРИШ СӨЗ
Ушул стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда айылдарды өнүктүрүүгө багытталып, конкреттүү такталган, сандык жагынан белгиленген комплекстүү программаны иштеп чыгуу. Бул өнүгүүнүн стратегиялык планы айыл айылдарда талкууланып, айылдык кенештин сессиясында депутаттар тарабынан каралып, андан кийин жалпы коомдук угууга коюлган. Өнүгүүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.
.
1. Стратегиялык пландын негизги максаттары жана тапшырмалары.
Башкаруу – бул белгилүү максатка жетүүнү көздөгөн пландаштыруу, уюштуруу, ынгайлашуу жана көзөмөлдөө процесси болуп саналат.
Пландаштыруу башкаруунун негизги функцияларынын бири жана максатка жетүүнүн милдеттеринин этап-этап менен аткаруу, турмушка ашыруунун механизми. Эффективдүү пландоосуз жакшы башкаруу мүмкүн эмес, а демек максатка жетүүнүн сапаты да эффективдуу болбойт. «Башкаруу» түшүнүгү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органында анын максатын гана аныктабастан, Мыйзамдын негизиндеги анын формасын да кошо камтыйт.
2. Стратегиянын негизги багыттары:
Бул өнүгүүнүн социалдык-экономикалык программасы – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык маданий механизмдердин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат жана төмөнкү багыттарды иштеп чыккан:
- Айыл жашоочуларынын жашоосуна таасир эткен себептерди аныктоо.
- Аял жана эркектердин тен катышуусу аркылуу ишке ашкан маселелерди изилдеп тактоо.
- Айыл жашоочуларынын негизги керектоолорун изилдеп үйрөнүү.
3. Стратегиянын принциптери:
- Райондук, аймактык, улуттук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттары менен айкалыштыруу;
- Кунтуу айыл аймагын туруктуу өнүктүрүү, атаандаштыкка туруштук бере алган, стабилдүү жогорулаган экономика түзүүчү багыттарды аныктоо, жарандардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чарбаны жана экономиканы эффективдүү башкаруу ыкмаларын аныктоо;
- Жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга, жакырчылыктан алып чыгууга, жана керектүүлөрүн чечүүгө багытталган аймактын план-программаларын түзүү;
- Ачык-айкындуулук жана Стратегияны ишке ашырууну баардык кызыктар тараптарга жеткиликтүү кылуу;
- Жарандар алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук.
Туруктуу Өнүктүрүүнүн Стратегиясы жарандардын приоритеттерин ишке ашыруу үчүн максаттуу долбоорлорду камтыган өнүгүү ыкмасына негизделген.
Стратегияны иштеп чыгуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн аппаратынан, жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, жергиликтуу активисттерден, жеке ишкерлерден турган атайын буйрук менен бекитилген топ түзүлдү:
1.Тайгараева Эдита Каныбекова
2. Аранжанова Тамара Асанкановна
3.Шилов Валерий Михайлович
4.Кененбаев Акылбек Боронбаевич
5.Кутманалиев Арген Рашбекович
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунунун азыркы күндөгү социалдык-экономикалы абалы.
1.1 Географиялык жайгашуусу:
Кунтуу айыл аймагы райондун тоолуу аймагында жайгашып, дениз денгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан, климаты кескин континенталдуу. Жайы ысык, кышы суук. аймакта жашаган коомчулуктун негизги кирешеси мал чарбасы, жерди иштетуу болуп эсептелет.
Бишкек шаарына чейинки аралык - 20 км, Райондун борборуна чейин - 25 км, жакынкы темир жолго чейин – 19 км.
№ | Айылдардын аталышы | Калкынын жалпы саны | Кожолуктардын саны | Райондук борбордон алыстыгы (км) |
1. | Кунтуу | 5143 | 1042 | 25 км |
2. | Шалта | 1615 | 355 | 25 км |
3. | Чон - Жар | 911 | 194 | 25 км |
4. | Кичи Шалта | 329 | 61 | 25 км |
5. | Достук | 202 | 63 | 30 км |
Демографиялык маалыматтар
№ |
| Кунтуу | Шалта | Чон-Жар | Кичи Шалта | Достук | Баардыгы |
| Жынысы: |
|
|
|
|
|
|
1 | Эркектер | 1960 | 837 | 455 | 161 | 95 | 3413 |
2 | Аялдар | 2183 | 845 | 456 | 16 | 107 | 3652 |
| Курагы |
|
|
|
|
|
|
3 | 0-7 жаш | 590 | 135 | 103 | 68 | 11 | 907 |
4 | 8-16 жаш | 860 | 222 | 131 | 46 | 17 | 1276 |
5 | 17-65 жаш | 1946 | 1141 | 655 | 240 | 161 | 4143 |
6 | 65 жана андан улуулар | 175 | 214 | 32 | 5 | 13 | 437 |
7 | Жалгыз бой кары-картан жарандар | 3 |
|
|
|
| 3 |
8 | Толук эмес жетим (ата-эненин бири жок) | 51 | 28 | 10 | 15 | 6 | 110 |
. Улуттук курамы (адамдардын саны)
№ | Кунтуу айыл аймагы боюнча | |
1 | Кыргыздар | 6570 |
2 | Озбектер | 20 |
3 | Орустар | 25 |
4 | Дунгандар | 4 |
5 | Уйгурлар | 29 |
6 | Татарлар | 25 |
7 | Казактар | 80 |
8 | Украиндер | 5 |
9 | Башкалар | 0 |
Жалпы аянты-1809га
Айдоо жери-1673 га
Сугат жерлери-1119,0
Кайрак жерлери-554
Негизги айдалуучу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү-клубника, малина,арпа,буудай
Билим берүү:
Айыл аймакта жалпысы болуп 3 орто мектеп бар,
Рахманов атындагы орто мектеп 1992-жылдары салынган жаны мектеп болгону менен, долбоор аягына чейин чыкпай,окуучулардын тамактануучу жана спорт менен машыгуучу жайы жок. Бүгүнкү күндө бул көйгөй окуучуларыбызга санитардык жактан жана спорт жагынан ынгайсыздык жаратып келет. Окуучулардын саны- 207 мугалимдердин саны-18 мугалим , анын ичинен 16 аял 2 эркек
Күнтуу айылында жайгашкан Б.Джамгырчинов атындагы орто мектеп
Окуучулардын саны- 1055, Мугалимдердин саны-61 мугалим , анын ичинен 51 аял 10 эркек.
Бул орто мектептин абалы начар, сейсмология институтунун корутундусу менен бул мектептин №4 корпусу жабылсын деп жыйынтык чыгарылган, ар кайсы жеринен жаракалар чоңоюп келүүдө. Айыл өсүп, балдардын саны күндөн күнгө көбөйүп үч сменде окушат, мектептин абалы балдарга кооптуу жагдайды түзүүдө.
Шалта айылында жайгашкан Д.Доронбеков атындагы орто мектеп
Окуучардын саны- 280
Мугалимдердин саны-17 мугалим, анын ичинен 16 аял 1 эркек
Бул орто мектептин учурда абалы жакшы, 2017-жыл ичинде чатырынан суу агып калгандыгына байланыштуу, чатыры толугу менен алмаштырылып, жылуулук батареялары заманбап үлгүгө алмаштырылды.
Саламаттыкты сактоо мекемелери:
Күнтуу айыл аймагында 3 саламаттыкты сактоо мекемеси жайгашкан алар
ҮДТ-Күнтуу -жайгашкан жери, Күнтуу айылы
Врачтардын саны-3
Медайымдардын саны-12
Тез жардам машинанын саны-1
Чон-Жар айылындагы ФАП
Бир фельдшер эмгектенет
Шалта айылындагы ФАП
Бир фельдшер эмгектенет
Саламаттыкты сактоо тармагында 1 ооруукана, 2 ФАП, 1 жеке менчик даарыкана иштейт. Орточо эсеп менен бир медициналык кызматкерге 500-600 адамды тейлөөгө туура келет. Айылдын жашоочуларынын санына салыштырмалуу үй-бүлөлүк врачтар, даарыканалар жетишпейт.
Кунтуу айыл аймагына караштуу Шалта айлындагы ФАП тын эскилиги жетип айыл тургундарынын саны көбөйүп, ыңгайсыздык жаратууда, Шалта айылына жаны ФАП курулса элибиздин ден-соолугуна кам көргөн болот элек.
Шалта айылындагы иштен чыккан клуб.
Маданият тармагында айыл аймакта клуб иштен чыккан, муниципиалдык менчитеги клуб сала турган жер тилкеси бар. 2 айылдык китепкана бири айыл өкмөттүн имаратында жайгашса экинчиси Д.Доронбеков атындагы орто мектепте кызмат көрсөтүп келет.
Күнтуу айыл аймагына маданият объектиси курулушу керек.
Турак-жай чарбасы, айылдарды көрктөндүрүү
Жалпысынан айыл аймакта 1715 кожолук бар, ошондой эле турак-жай салуу үчүн 2200 кожолуктар арызы менен кезекте турушат. Турак жайларды ыгайлаштыруу үчүн ичүүчу суу, жолдорду ремонттоо, электр линияларын тартуу, жаны электр транформаторлорун орнотуу, коомдук жайларды жашылдандыруу боюнча бир топ иштерди аткаруу керек.
Жергиликтуу бюджеттин эсебинен айылдарды көрктөндүрүүгө, жолдорду ондоо, тазалоо-актоо, гүлдөрдү, дарактарды өстүрүүгө бөлүнүүчү бюджеттин көлөмү көбөйүүдө. Ошондой эле мындай иштер жергиликтүү жамааттын салымы менен дагы ишке ашырылып жатат.
Аймактын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору.
1. Бюджетти жогорулатып, дотациядан чыгуу, өзүн-өзү камсыздоо.
-Айыл аймагынын киреше булактарын көбөйтүү чараларын көрүү менен өзүн-өзү камсыздоонун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү;
- Айыл чарба продукцияларнын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу;
2. Айылдардын инфратруктурасын (жол, таза суу менен жабдуу ж.б)
- Айылдагы жаңы конуштарды таза суу резервуарларын чоңойтуп таза суу менен камсыз кылуу. Демөөрчүлөрдүн санын арттырып жолдорго шагыл төшөө;
-Ички жана тышкы инвестициаларды тартуунун көлөмүн арттыруу;
3 Мектептердин жана мектепке чейтинки мекемелердин базаларын чыңдоо;
- Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, тарбиялык иштердин жана балдардын билим деңгээлин көтөрүүнүн чараларын көрүү;
- Эски мектептердин ордуна заманбап мектептерди, балдар бакчаларын куруу;
3. Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык максаттары багыттары:
-ар бир айылдарда маалымат жыйындары өткөрүлүп, жумушчу топтун мүчөлөрү тандалып алынды;
- Айылдардын чогулуштарынын чечиминин негизинде АО буйругу менен 7 мүчөдөн турган жумушчу топ түзүлдү;
- Ар бир айылдарда 5 түрдүү фокус-топтор өткөрүлүп, жер-жерлердин көйгөйлөрү эл менен биргеликте аныкталып, АӨ денгээлинде көйгөйлөр приоритетештирилди;
- АА стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгуу үчүн коомчулуктун, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, АА депутаттары үчүн окуулардан өтүшүп, жыйынтыгында ушул документ даярдалып чыгылды;
№1 приоритет: Аймактагы мектепке чейинки жаштагы балдарга жеткиликтүү тарбия алуусу учун жогорку деңгээлде шарт түзүү жана мектеп салуу
Айыл аймакта 3 орто мектеп бар. Кунтуу айыл аймагы боюнча официалдуу турдо 7500 адам катоодо турганы менен каттоосу жок жарандарыбыз менен он беш минден ашуун калк жашайт. Аймактагы билим берүү тармагындагы эн чон көйгөйлөрдүн биринчиси Күнтуу айылындагы Б.Джамгырчинов атындагы орто мектепти куруу. Бул мектептин курулганына 50-60 жыл болуп, фундаменти жок эле таштан тизип имаратты куруп коюшкан, бүгүнкү күндө жаракалар чоноюп, балдардын кооопсуздугун сактоо чон кыйынчылык тудурууда.
Б. Джамгырчинов атындагы орто мектепте балдар 3 сменде окуп,окуучулардын саны 1050 түздү.
Экинчи көйгөй балдар бакчасынын имаратын, куруу зарыл. Бул айыл аймакта мектепке чейинки жаштагы балдарыбызды окутууга бала бакча жок. Айыл тургундары балдарын борборго алып барганда чон көйгөйлөргө дуушар болушууда, жаштар айрыкча жаш балалуу энелерибиз балдары менен иштебей үйдө олтурууга туура келуудо анын натыйжасында жаштар арасында бюджеттик тартыштыктар көп болуп жаш үй-бүлөөлөрдүн ажырашуусуна түрткү болууда. Мектепке чейинки балдарыбыздын саны жалпысынан болжол менен 900 ашты.
Бул участкада балдар бакчасын жаңыдан салуу койгойу 10 жылдан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Бүгүнкү күндө имарат үчүн жерге чечим чыгарылган. Долбоордун баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 62млн. сом эсептелинди.
№2 приоритет Кунтуу айыл аймагындагы баардык айылдарды таза суу менен камсыздоо
Баардык айылдарда эскилиги жеткен суу түтүктөрү дат басып иштен чыгып калган, балдарда инфекциялык оорулар күчөп, ден-соолукка чон тынчсыздандырууну алып келген, бул иш-чара боюнча “АРИС”-долбоору менен иш алынып барылып, этап менен айылдарга суунун түтүкчөлөрү толугу менен алмаштырылат.
Суу түтүктөрүнүн тарамдарын реабилитациялоо - 1100 млн.сом
Шалта, Күнтуу айылдарында
№3 приоритет Күнтуу айыл аймагында элдерге сапаттуу тейлөөнү уюштуруу, айыл өкмөттүн административдик имаратын ондоп түзөө иштерин жүргүзүү.
Күнтуу айыл аймагында административдик имараттын чатырынан суу агып, бир бөлүгү күйүп кеткен, муниципиалдык кызматкерлерге жана айыл тургундарына тейлөөдө ынгайсыздык жаратып келген, ошол себептен имараттын чатырын толугу менен алмаштырып, сыртын жылуулап күйгөн бөлүгүн салуу, бул иш-чарага болжол менен 1.5 млн сарпталат.
Айыл өкмөттүн имаратын капиталдык ондоо – 1 млн 500 сом
№4 приоритет
Күнтуу айылына спорт сарайын куруу
Жалпы суммасы 15 млн сом
Спорт сарайдын аянты 900 ч.м
Жамгырчинов орто мектебинин спорт залында кикбоксинг, бокс, футбол сыяктуу кружоктор ачылып машыгуу иштери башталган, жаштардын спортко кызыгуусу көбөйгөн. Республикалык, дүйнөлүк мелдештерди багынта башташкан.
2016 – жылы сейсмология институтунун эксперттеринин текшерүүсүндө мектептин спорт залы авариялык абалда деп корутундусу чыккан.
Азыркы учурда спорт зал жабылып, машыгуу токтоп турат.
Мүмкүнчүлүгү бар спортчулар шаарга барып машыгып жатышат. Мүмкүнчүлүктөрү жокторго кыйын болуп жатат. Күнтуу айылына спорт сарайын курууга аянтча ылайыкталып жер бөлүнүп берилген.
Айыл өкмөтү дотацияда турат, акча каражаты жоктугуна байланыштуу спорт сарайын курууга мүмкүнчүлүк жок
Жаштар машыкканга жай жок болгондуктан, жаман жолдорго барууга туура келет. Мисалы аракечтик, нашаа, насывай, клей ж.б. коомчулука көп көйгөйлөрдү алып келет.
Жаштардын кылмыштуулуктан алыс болуп дени-сак жүрүшүнѳ спортто шарттын жоктугу чоң кѳйгѳйдү жаратууда.
Күнтуу футболдук командасы Чүй облусу боюнча 1-орунга чыкты (любительская лига)
Москва шаарында кыздар арасында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3 – орундуу багынтышкан
№5 приоритет
Таштандыны чыгаруучу техниканы сатып алуу, бул көйгөй айылдарда таштандылар көбөйүп, санитардык жактан нормаларга жооп бербей,инфекциялык ооруларды чакыраарын айтылган, таштанды чыгаруучу техника жана челектер болсо таштандыны бир калыпка келтирүү оной болоор эле. Бул техника боюнча каттар тиешелүү оргндарга жазылып жыйынтыгында 3.5 млн сомдук таштанды чыгаруучу техника жана 100 таштанды салуучу челектер берилет.
Перспективдик инвестициялык пландар
№ | Перспективдик пландардын долбоорлору | Болжолдуу акча каражаттын жыйындысы | Болжолдуу каржылоо жылдары | Болжолдуу каржылоо булактары | ||||||||||||||||||
|
|
| 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| Арис | ЖБ | Башка | Арис | ЖБ | Башка | Арис | ЖБ | Башка | Арис | ЖБ | Башка | Арис | ЖБ | Башка |
1 | Б.Джамгырчинов орто мектебин салуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Күнтуу айылына бала бакча салуу | 62000,0 |
|
|
|
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| + |
3 | Таза суунун түтүктөрүн алмаштыруу | 110000,0 | + | + |
|
|
| + |
|
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 | Спорт комплексин куруу | 30000.0 |
|
|
|
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| + |
5 | Күнтуу айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын жабуу | 1500.0 | + |
|
|
|
|
| + | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6 | Таштандыны ташуучу техника | 3500.0 |
| + |
|
|
|
|
|
|
|
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баардыгы: | 207000.0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5.Стратегиялык планды ишке ашыруудагы көмөкчү каражаттар.
Жогорудагы пландарда корсотулгондой Стратегияны ишке ашыруу үчүн керектүү ресурсдар иш-чаралардын катышуучулары Күнтуу айыл өкмөтү, жергиликтуу жамааттар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн башкаруусундагы каражаттарды биргеликте, бирдиктуу башкаруу аркылуу ишке ашырылат.
Иш-чаралар үчүн каражаттар жергиликтүү бюджеттен, улуттук жана регионалдык программаларды аткарууга бөлүнгөн республикалык бюджеттен, сырттан тартылуучу инвестициялардан жана жергиликтуу жамааттын салымынын эсебинен жүргүзүлөт.
Стратегиянын иш-чараларын пландоо жана каражат болуу ар бир приоритеттин долбоорлоруна өз-өзүнчө принциби менен жергиликтүү бюджеттен жана инвестициядан бөлүнөт. Ал эми керектүү ресурсдарды аныктоо, эсептеп чыгуу 2018-жылдын бюджети даярдалып жатканда эске алынат. Ошондой эле аткаруучулардын ортосундагы келишимдик макулдашуунун негизинде аныкталат.
Стратегияны ишке ашыруу учун колдо бар ресурсдар:
- Эмгек ресурсдары: курулуш иштери үчүн жергиликтүү жумушчулардын бригадалары бар, кол жумуштары үчүн жамааттар “Ашар” жолу менен ишти уюштурганга уюшумдуу. Балдар бакчасынын жаңы имараты курулса , анда иштөөчү тарбиячылардын саны жетиштүү.
- Жер ресурсдары: балдар бакчасынын, спорт комплексинин ордуна АКнын чечими чыккан
6. Тобокелчиликтер жана аларды азайтуунун жолдору:
а) Коюлган максаттарга финансалык мүмкүнчүлүктөрү жетишсиздиги.
Жарандар алдында отчеттуулукту күчөтүү, жарандарга түшүндүрүү жолу аркылуу активдештирүү, ички ресурсдарды тартуу.
б) Стратегиялык планды ишке ашыруучу топтун мүчөлөрүнүн өз функционалдык милдеттерин аткарбай койуусу.
Алдын ала милдеттерди жана тапшырмаларды так бөлүштүрүү, кошумча кадрларды даярдоо, сүйлөшүү, түшүндүрүү аркылуу жоопкерчиликтерди күчөтүү, маанилүүлүгүн жогорулатуу;
в) Аткаруучулар арасындагы пикир келишпестиктер.
Жеке кызыкчылыктардын таасирин жокко чыгаруу, ички жана сырткы коммуникацияны так жолго коюуу, биргеликте иш алып барууга шарт түзүү.
7.Корутунду.
Күнтуу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдардагы приоритеттүү багыттары боюнча иштелип чыккан комплекстүү иш-аракеттерин турмушка ашырууда экономикалык реалдуу секторунун баардык каналдарында өсүү камсыздалат.
Жыл сайын Стратегияны ишке ашыруу үчүн жылдык планы иштелип чыгып, ага керектүү бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржы булактарын такташ керек.
Стратегияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды тартуу максатында, тиешелүү программалар жана долбоорлор иштелип чыгарылат.
Стратегияны ишке ашырууга катышкан бардык кызыкдар тараптардын иш-аракеттеринин макулдаштуулугун AӨ жана айыл Кенеши камсыз кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болот: (1) зарыл болгон бюджеттик каражаттарды тартуу; (2) заемдук каражаттарды тартуу боюнча иш-чараларды координациялоо ; (3) аткаруу бийлигинин борбордук, тармактык, аймактык бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин макулдаштыруу (4) Бул стратегияны ишке ашырууга катышуу боюнча жеке сектор жана жарандык коом үчүн институтционалдык шарттарды түзүү; (5) стратегиянын этаптардын пландарында көрсөтүлгөн долбоорлорду аткаруу иштерин координациялоо.
Стратегияны ишке ашырууну Кунтуу айылдык Кенеш Айыл өкмөтүнүн ар жылдык отчетторунун негизинде контролдойт
Стратегияны ишке ашыруудагы каражаттардын чыгымдалышын контролдоо, белгиленген тартипте Күнтуу АА бюджетинин аткарылышын контролдоо алкагында жүргүзүлөт.
Стратегияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуштарды айыл Кенешинин ачык жыйынында талкууланат.
Эгерде ички жана тышкы абалынын олуттуу өзгөрүүлөрдүн негизинде стратегиянын кандайдыр бир артыкчылыктуу багыттарын, же белгилүү бир милдеттерди белгиленген убакытта аткарууга мүмкүнчулук болбосо, же эрте аткарылган учурда, Стратегияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиш керек.