Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 01
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекетттик администрациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине, Таш-Булак айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоонү өткөрүү жөнүнүндөгү 2017-жылдын 25-январындагы эсептоо комиссиясынын протоколун карап чыгып, Таш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат өрдуна шайлоо боюнча жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарүү жөнундө эсептоо комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.
2.Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Самидинов Нурбек Жолмаматович шайланды деп эсептелсин.
Төрага | А. Самсалиев |
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ II – СЕССИЯСЫН
ПРОТОКОЛУ
Таш-Булак айылы 25-январь 2017- ж
Катышкандар:
Туркбаев Т.К.-Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысыны орунбасары.
Кыргызбаев М.О.- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы.
Токтогулов Д.- Сузак РИИБнүн жетекчиси.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү.
Урматтуу депутаттар!
Таш-Булак айылдык Кенешине 21 депутат шайланган. Бугунку сессияга 21 депутат катышып олтурат.
Кворум бар.
Ошондуктан бугунку сессияны ачуу боюнча кандай сунуштар бар?
Ачылсын деген депутаттар кол которуп коюштарын суранам.
Каршы, калыс?
Жок.
Таш-Булак айылдык Кенешинин II-сессиясын ачык деп жарыялаймын.
Урматтуу депутаттар!
II -сессия кун тартибине төмөнкү маселе коюлган:
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун негизинде Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна шайлоо.
Сессия кун тартибине алымча кошумчалар барбы? Жок.
Анда кун тартиби бекитилсин деген депутаттарды кол которуп коюшун суранам.
Каршы,калыс? Жок.
Урматтуу депутаттар!
Сөз Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кыргызбаев Мухтар Осмоновичке берилип Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун ненгизинде, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Гиязов Тайходжа,Бааев Акылбек, Самидинов Нурбек жана Сабиров Рахимберди каталды,талапкерлер мыйзам боюнча талап кылынган документтардин бардыгын тапшырышты.
Сабиров Рахимберди өз талепкердигин алып салгандан кийин 3 талапкер калганын айтып өттүү.
АШКнын торагасы депутаттарга шайлоо өтүү процессини кыскача кылып тушунтуруп, бюллетендер жана тизме даярдыгын айтты, шайлоо процессини баштасак деп катчыга тизме боюнча бирден депутаттарды чакырып бюллетендарди берди.
Урматтуу депутаттар шайлоо процесси аяктады, эсептоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын чыгарышке киришишти.
Жыйынтык боюнча бардыгы 21 (жыйырма бир) бюллетень укоктун ичинен алынды.
Бааев А.Ө. 6 депутат.
Гиязов Т.У. 8 депутат.
Самидинов Н.Ж. 7 депутат. Добуш беришти.
Кыргызбаев М.Урматтуу депутаттар шайлоону жыйынтыгы боюнча
2-тур өтөрүн айтып 2-турга Гиязов Т. жана Самидинов Н.өткөнүн айтып бюллетендерди даярдалышын уктурду.
Бюллетендер даярдалып тизме боюнча бирден депутаттарды чакырып шайлоо бюлетендери берилди.
Жыйынтык боюнча бардыгы 21(жыйырма бир) бюллетень үкөктүн ичинен алынды.
Гиязов Т.У. 8 депутат
Самидинов Н.Ж. 13 депутат добуш беришти.
Кыргызбаев М. Урматтуу депутаттар шайлоо өттү, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчылыгына Самидинов Нурбек Жолмаматович көпчулук добуш менен шайланды.
Самсалиев А.С.-Эсептоо комиссиясынын «Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча добуш беруунун жыйынтыгын чыгаруу жөнүндөгү» №2 протоколун добушка койду, депутаттар бир добуштан колдошуп өздөрүнүн №01 токтомун кабыл алышты.
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орунбасары Туркбаев.Т. Бааев А. Гиязов Т. Исмадияров Т.сөз сүйлөп өз сөзундө шайланган айыл өкмөтү башысыны куттуктап өз калооларын айтып өтүштү.
Доскана айылынын тургуну Алтыбаева М.шайлоо өтүү мезгилинде бираз мыйзам бузуу болганын айтты.
Самсалиев А.
Урматтуу депутаттар!
Сессия кун тартибиндеги маселе каралып бутту. Сессиянын иштоосу боюнча ой-пикир,сунуштар барбы ? жок.
Таш-Булак айылдык кенешинин II-сессиясын жабык деп жарыялаймын.
Келгениниздер учун чон рахмат.
Төрага | А. Самсалиев |