Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 02
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №1-протоколун карап чыгып Таш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айылдык кенешинин төрагасын шайлоо өткөрүү үчүн түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндөгү №1-протоколу бекитилсин.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ IY-СЕССИЯСЫНЫН
ПРОТОКОЛУ
Таш-Булак айылы 10-март 2017- ж
Сессияны айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары Исаев Медер алып барды.
Урматтуу депутаттар!
Таш-Булак айылдык кеңешине 21 депутат шайланган.Бугунку сессияга 20 депутат катышып олтурат. (депутат Бурханов Захид катыша албады)
Кворум бар.
Мындан сырткары сессиясына:
1. Жолборсов Ж. - Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат
жетекчиси.
2. Кыргызбаев М.- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы.
3.Абдуллаев М- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү
4.Самидинов Н.Ж. - Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы.
катышып отурушат.
Урматтуу депутаттар сессияны ачуу боюнча кандай сунуштар бар.
Ачылсын деген депутаттар кол көтөруп коюштарын суранам.
Каршы, калыс? Жок..
Анда эмесе, Таш-Булак айылдык Кенешинин YI- сессиясын ачык деп
жарыялаймын.
Депутаттар Т.Гиязов. А.Эргашевдер сессияны жабык өткөрүнү.
А. Абдукадиров ачык өткөрүнү сунуш кылышты.
АШК төрагасы М.Кыргызбаев мыйзамда мындай сессия жабык өтүүсү көрсөтүлгөнүн айтып өттү.
Бул сунуштар добушка коюулду.
Сессия жабык өтүүсүн колдогон депутаттар 13.
Каршы 7.
Көпчулук добуш менен сессия жабык өтө турган болду.
Урматтуу депутаттар!
Сессия күн тартибине төмөнкү маселе коюлган:
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо.
Сессия кун тартибине алымча кошумчалар барбы?
Жок.
Анда кун тартиби бекитилсин деген депутаттарды кол көтөруп коюшун суранам.
Каршы, калыс?
Жок.
Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Урматтуу депутаттар.
Сессия күн тартибиндеги 1-маселени кароого өтөбүз.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун добуш менен шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүп алышыбыз керек.
Эсептөө комиссиясынын курамы канча депутаттан болсун ?
3(уч) депутаттан болсун деген сунуш бар. Кандай дейсиңер,башка сунуштар жокпу ?
Жок.
Эсептөө комиссиясынын курамы 3(уч) адамдан болсун деген депутаттарды кол көтөруп добуш берүүсүн суранамын.
Каршы ? калыс?
Жок.
Эсептөө комиссиясынын курамы -3(уч) адамдан болуп бекитилди.
Урматтуу депутаттар эсептөө комиссиясынын курамына кимдерди сунуш кыласыңар?
1.Депутат Мукарамов Норходжа
2.Депутат Юсупова Опал.
3.Депутат Исмаилов Илхом
сунуш кылынды.
Урматтуу депутаттар!
Сунуш кылынган адамдарды ар бирин жеке колго салалыбы же жалпысынан колго салалыбы ?
Жалпысынан деген сунуш түшүп жатат.
Анда эмесе сунуш кылынган эсептөө комиссиясынын курамына шайлансын деген депутаттарды колун которуп добуш берүүсүн суранам.
Каршы ? Калыс ?
Жок.
Анда эсептөө комиссиясынын курамына сунуш кылынган депутаттар бир добуш менен түзүлдү.
Урматтуу депутаттар!
Эсептөө комиссиясынын иштөөсү үчүн шарт түзүп, 5минут танапис кылсак.
5минут танапистен кийин.
Урматтуу депутаттар!
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитип койсок.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Мукарамов Нарходжа, катчысы Юсупова Опал шайлансын деген депутаттар кол көтөрүп коюштарын суранамын.
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколу бекитилсин деген депутаттардын колун көтөрүп добуш берүүсүн суранам.
Каршы ? Калыс ?
Жок.
Эсептөө комиссиясынын №1протоколу бекитилди.(протокол тиркелет)
Исаев М:- Урматтуу депутаттар Айылдык кенештин төрагалыгына талепкерлерди көрсөтүүгө өтөбүз. Мен жогоруда айткандай регламентке ылайык айылдык кенештин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтсө болот.
1.Депутат Мирзалимов Шавкат. Айылдык кеңештин төрагалыгына Гиязов Тайходжаны сунуштады.
2.Депутат Самсалиев Арапбай. Шермат уулу Алмазды сунуш кылды.
Көрсөтүлгөн талапкерлер шайлоо бюллетенине киргизилип жашыруун добуш берүү башталды.
Шайлоо бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясы эсептегенден кийин алар эсептөө комиссиясынын №2 протоколу толтурулду.
Шайлоо жыйынтыгы боюнча Таш-Булак айылдык кенештин төрагасы бөлуп 11добүш алган Шермат уулу Алмаз шайланды.
Андан кийин №2 протоколду бекитүү жагы депутаттарга колго салынды.
Каршы ? Калыс ?
Жок.
Эсептөө комиссиясынын №2 протоколу бир добуштан бекитилди. (протокол тиркелет).
Урматтуу депутаттар сиздердин атыныздардан жаныдан айылдык кенештин төрагасы бөлуп шайланган Шермат уулу Алмазды куттуктап, ишине ийгилик каалап коюууга уруксат этиниздер.
Сөзгө Таш-Булак айылдык кенешинин жаныдан шайланган төрагасы Шермат уулу Алмаз чыгып, ишеним көрсөткөндөр үчүн өзүнүн ыразычылыгын айтып эл,журттун ишенимин актоо үчүн биргеликте аракет жасоого үмүтү бардыгын билдирди.
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ж.Жолборсов, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидинов жаңы шайланган кеңештин төрагасын куттуктап, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн репутациясын жакшыртуу керектигин айтып өтүштү.
Сузак АШК төрагасы Кыргызбаев М. АШКга элдерден арыз,кайрылуулар түшүп жатканын (депутаттарды сессияга катышуусу жөнүндө) айтып, шайланган депутаттар алган добушунан көп кол жыйнап келинсе депутаттык мандатты алып салынышын эстетип кетти.
Шермат уулу Алмаз.
Урматтуу депутаттар!
Тез күндүн ичинде 2017-жылдын бюджетин бекитүү керектигин сунуштады.
Депутат Т.Гиязов. бир жуманы ичинде метериалдар менен танышып чыгууну бюджет комиссиясына сунуштады.
Сессия күн тартибиндеги маселелер каралып бүттү. Сессиянын иштөөсү боюнча ой-пикир, сунуштар барбы?
Таш-Булак айылдык кенешинин IY- сессиясын жабык деп жарыялаймын.
Келгениңиздер үчүн чоң рахмат.
Таш-Булак айылдык
Төрага | Шермат уулу Алмаз |