Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-январы № 1
Кыргьтз Республикасынын 15 июль 2011 -жылындагы № 101 "Жергиликтүү башкаруу жөнүндө"мыйзамынын 31 -беренесине ылайык Туз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылдык кеңешинин иш Регламентин тиркеме ылаык бектилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу комиссияларына жуктөлсүн
Төрага | А. Тойалиева |
тиркеме
Туз айылдык кеңешинин регламенти
1-бөлүм
Айылдык аймактын кеңеши
Айылдык кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомдору, жана ошондой эле ушул Регламенттин негизинде иштейт.
Айыл аймактын кеңешинин жана айылдын ишмердүүлүгүжылдык жана чейректик пландын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык иштейт. айылдык кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өкүлчүлүк орган.
Айылдык кеңеш бекитилген сандагы депутаттардан турат, сессиялык иш жүргүзөт, 4 жылга жалпы, тең жана түздөн-түз шайлоо укугу менен жашыруун добуш берүү менен тиешелүү аймакта жашаган жарандардын шайлайт.
Айылдык кеңештин негизги уюштуруу-укук ишинин формасы айылдык кеңешинин сессиясы.
№2бөлүм
Айылдык кеңештин компетенциясы
Айылдык кеңештин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин бекитет;
жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө бюджеттин аткарылышы,бюджеттен тышкаркы каражаттар тууралуу отчётту угуу;
аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоопрограммасынын аткарылышын бекитүү жана көзөмөлдөө;
жергиликтүү салыктарды киргизүү, чогултуу жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди берүү;
жергиликтүү коомчулуктун муниципалдык менчигин пайдалануу жана ээлик кылуу тартибин орнотуу, анын ичинен муниципалдык менчик объектилерин приватташтыруу программасын бекитүү жолу менен;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү аткаруу-буйрук берүү ишмердүүлүгү тууралуу отчётторду угуу;
мыйзамда бекитилген учурларда депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн добушу мененайыл аймагынын башчысына ишеним көрсөтпөө;
жергиликтүү коомчулуктун уставын бекитүү;
тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуш берүү максатта административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды ээлеген кызматынан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама каршылык келген учурда кеңештин төрагасынын чечимин жокко чыгаруу;
жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу;
өз чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
Өкмөт аныктоочу, типтүү нормативдердин негизинде, айыл аймактын башчысынын көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү башкаруу органынын аткаруу-буйрук берүү штаттык тизимин жана түзүлүшүн бекитүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таза суу, канализация, жылуулук берүү, жана ошондой эле таштандыларды чогултуу жана катуу-чарба таштандыларын жок кылуутарифтерин бекитүү;
айылдык аймактын башчысынын шайлоо;
айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн дифференцирленген салык коюмду жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде бонитет балын эске алуу менен, айылга эсептелген, тиешелүү район үчүн мыйзам менен бекитилген базада эсептелген базалык коюмду бекитүү;
айыл чарбага дайындалган жерлерди чөп чабык, жайлоо, кайрадан бөлүштүрүү фондундагы жерлерди ижарага берүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык маселелерди чечүү;
1.2. Айылдык кеңеш башка суроолорду чечүүгө укугу бар жана материалдык, каражаттык жана башка каражаттарды иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ болушу мүмкүн.
2 бөлүм
3-бөлүнүш
Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен депутаттардын ичинен кеңештин ыйгарым укугуна чектелген мөөнөткө шайланат. Айылдык кеңешинин төрагалык кызматына жалпы депутаттар сунуш берет жана өзүн-өзү сунуштай алат.
Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланган болуп эсептелет.
Айылдык кеңештин төрагасы:
кеңештин сессиясын чакырат;
сессияда төрагалык кылат;
айылдык кеңешинин чечимдерин, кеңешменин протоколдоруна жана башка документтерге кол тамгасын коёт;
жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди аткарат;
3.2. айылдык кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткарбаган, же тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурда кеңештин 1/3 депутаттарынын демилгеси менен жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
3.3. Айылдык кеңешинин орун басары.
Айылдык кеңешинин башчысынын орун басары кызматына талапкер айылдык кеңешинин төрагасы тарабынан киргизилет жана ачык добуш берүү менен шайланат. Көпчүлүк добуш алган талапкер шайланат.
3.4.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жок болгон, же өз милдетин аткара албай турган учурларда төраганын милдетин аткарат.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдункызыкчылыгы үчүн иштейт.
3.6. айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кеңештин 1/3 депутаттарынын демилгеси менен жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүк добушу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
4-бөлүм
Айылдык кеңештин катчысы
4.1. Айылдык кеңештин катчысынын милдетин айыл өкмөттүн жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык кеңештин катчысы:
- айылдык кеңештин сессиясынын протоколун жүргүзөт;
- айылдык кеңешке түшкөн документтерди эсепке алат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен иш жүргүзүүнү уюштурат;
- айылдык кеңештин депутаттарын өткөрүлүүчү кеңештин сессиясы тууралуу кабар берет жана алардын катышуусун эсепке алат;
- кеңештин сессиясынын токтомдорун жазып-каттайт жана аларды депутаттарга жөнөтөт;
- айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорунун долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт.
Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1.Айылдык кеңеш депутаттардын ичинен Кеңешти жүргүзүү суроолорду даярдоо, кароо жана ошондой эле ошол аймакта жашаган мекеме, уюмдар тарабынан чечимдерди иш жүзүнө ашырууга, аткарууга катышууүчүн туруктуу комиссияларды түзөт. комиссиянын тизмегин, анын сандык курамын, шайлоо тартибин айылдык кеңештин депутаттары аныктайт. Депутат бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.2. Айылдык кеңеш атайын социалдык маселелерди чечүү үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Ал комиссиянын мөөнөтүн, милдеттерин жана көлөмүн айылдык кеңештин депутаттары аныктайт. Комиссия өз ишин жүктөлгөн милдеттер, маселелер чечилгенден кийин өз ишин токтотот.
5.3. Туруктуу комиссиялардын катчысынын милдетин айыл өкмөттүн адистери аткарат. (КББ башчысы, жер адиси, соц. суроолор боюнча адис).
3-бөлүм
Айылдык аймактын ишинин жалпы тартиби
6-бөлүнүш
Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби
6.1. Айылдык кеңештин негизги уюштуруу-укук ишинин формасы сессия болуп эсептелет. Айылдык кеңештин сессиясы ачык, бир чейректе бир жолудан кем эмес жана 1/3 депутаттарынын талабы менен өткөрүлөт. Айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк санынын добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык аймактын депутаттары кеңештин сессиясына катышууга милдеттүү. Кеңешке катыша албай калган учурларда, алдын ала кеңештин катчысын эскертүүгө милдеттүү.
6.4. Айылдык аймактын кеңешинин сессиясынын чечими, бул регламентте каралган учурлардан тышкаркыучурда ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартипти жана иш тартибин кабыл алат;
6.6. Сессияда бир себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралышы мүмкүн.
6.7.сессиянын кеңешинде жооптуу катчы протокол жүргүзөт. Ал протоколдо сессияга катышкандардын фамилиясы, аты-жөнү жазылыш керек, катышпай калгандардын аты-жөнү, себебин көрсөтүү зарыл. Протоколго сессияга төрагалык кылган жак кол тамгасын коёт
6.8.Сессияда каралган маселелер тиешелүү учурда маалымат каражаттарына чагылдырылат.
7-бөлүм
Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун кароо тартиби
7.1. Сессияда каралган маселе боюнча токтом кабыл алат. Кеңештин токтому ачык, жана ошондой эле аталышын атоо, жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык кеңеште каралуучу маселелердин долбоорлору төмөндөгүдөй болушу зарыл:
- токтомдун долбоорунда аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булагы, жана ошондой эле токтомдун күчүнө кирүү убактысы көрсөтүлүшү керек;
- кызыкдар болгон жактар, тиешелүү түзүлүш бөлүм, жана ошондой эле тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылышы зарыл;
- ошол маселе боюнча мурдагы токтомду эске алуу менен анын мазмунун улантуу, же жокко чыгаруу, же өзгөртүү сунуштары болушу керек;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык тыянагы менен;
7.3.Айылдык кеңештин токтому сессияда депутаттардын талкуулоосунан кийин көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынат.
7.4. Чечим менен макул болбогон айылдык кеңештин депутаты, кат же оозеки түрүндө өз оюн билдирүү укугу бар жана ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
7.5. Көрсөтүлгөн токтомдун долбоору, эгер ал үчүн сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынан көбү добуш берген учурданегиз катары кабыл алынат. Эгер көрсөтүлгөн долбоор негиз катары кабыл алынбаса ар бир пункту боюнча каралат.
7.6. Бардык оңдоо киргизүүлөрдү карап чыккандан кийин токтомдун долбоору толугу менен кабыл алынат.
7.7. айылдык кеңештин чечими кеңештин аппараты тарабынан 2 күндүк мөөнөттө таратылат.
7.8. айылдык кеңештин чечими өзүнүн ыйгарым укугу аймактагы бардык ишкана, мекеме, уюм жана кызматтык жактар тарабынан аткарылууга тийиш.
4-бөлүм
Айылдык кеңештин регламенти
8-бөлүнүш
Айылдык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү бекитүү тартиби.
8.1. Айылдык кеңештин регламенти типтүү Регламенттин негизинде регламент суроолору боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып, кеңештин сессиясына бекитүүгө көрсөтүлөт.
8.2. Регламенттин суроосу боюнча тобунда беш депутаттан кем эмес, айылдык кеңештин депутаттарынын добушу менен шайланат. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
8.3.Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өзүнүн сунуштарын берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Сунуштары Регламенттин суроолору боюнча жумушчу топтун кароосуна жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана регламентке өзгөртүүлөр шайланган депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Жооптуу катчы | Р. Омурова |