Редакцияот 15.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин III - чакырылышынын I-сессиясы

 

2017-жылдын 15-июну № 14

«Айдаркен шаардык Кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-сентябрындагы №621-токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 1-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча ылайык шаардык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча комиссиясынын протоколунун негизинде Айдаркен шаардык Кеңешинин III-чакырылышынын 1-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаардык Кеңешинин төрагасы жана орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

2. Айдаркен шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде 13 (он уч) добуш менен Жаркынов Руслан Хамдамалиевич Айдаркен шаардык Кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

3. Айдаркен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп “Республика” саясий партиясынан Гапаров Улан жана “Жаны доор” саясий партиясынан Джайнаков Кадыр шайлансын.

 

Төрага

Р. Х. Хамбаров